Ирандагы заводго дрондордун чабуулу: аркасында ким турат? Сереп

© AFP / PAUL ZINKENИрандын желеги. Архив
Ирандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2023
Жазылуу
Көмүр-суутек кору жана өзөктүк программасы Ирандын эгемендүүлүгүн бекемдеп, америкалык "гегемонияга" коркунуч туудурат. Ошол себептен Тегеран Кошмо Штаттарды жана алардын Жакынкы Чыгыштагы "желдети" Израилди чочулатат.
Вашингтон менен Тель-Авивдин аскердик опузалоолор, ирандык аскер-өнөр жай комплексинин ишканаларына дрондук сокку уруу аркылуу Тегеран менен "сүйлөшүү" жаатындагы бардык аракеттери кыйратуучу күчкө ээ. Ошондой эле Жакынкы Чыгыш, Түштүк Кавказ, Борбордук жана Түштүк Азиянын кеңири территориясында куралдуу эскалацияга оңтойлуу шарт жаратарын белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Кезектеги макаласында ал Ирандагы окуя жана ага байланыштуу жагдайларга токтолгон.
Ирандын Коргоо министрлиги 29-январга караган түнү Тегерандан түштүккө карай 300 чакырым ыраактагы Исфахандагы ок-дары өндүрүш борборуна үч учкучсуз сокку урганы тууралуу маалымдады. Бирок алар максатына жетпей, кичи дрондордун чабуулу таптакыр майнапсыз болду. Бири абадан коргонуу тутумунун каражаттары менен атып түшүрүлсө, дагы экөө ирандык объекти тосулган торлордо жарылган.
Цехтин кызматкерлери жабыркаган эмес, жабдуулары да зыян тартпаптыр. Маалымат каражаттары Хамадан, Кереж калааларындагы коргоо өнөр жай мекемелеринде, ошондой эле Азаршехрдеги мунайды кайра иштетүүчү заводдо да жардыруулар болгонун кабарлашты. Анткен менен бул маалыматтарды Тегеран тастыктаган жок.
Учкучсуздар кимге таандык экени расмий айтыла элек. Бирок Чыгыштын да, Батыштын да маалымат каражаттарынын дээрлик баары бир ооздон бул чабуулга АКШ менен Израилдин катыштыгы бар экенин болжоп жатышат.
Defence Express басылмасы Исфахандагы Shahed-136 сокку уруучу дрондорунун өндүрүшү өз нугунда экенин чагылдырган спутниктен тартылган сүрөттөрдү жарыялады. Ирандын өтө маанилүү өндүрүштүк кубаттуулугу жер алдына терең жайгаштырылганын белгилей кетели. Андай комплекстерди жардыруу үчүн ири кубаттуулуктагы бетон жаргыч ок-дары же өзөктүк курал керектелет.
29-январдагы учкучсуз чабуул же "тымызын сокку" кандайдыр эскертүү катары жасалганбы деген күдүк ойлорго түртпөй койбойт. Тегерандагылар мындай агрессия жоопсуз калбастыгын билдиришти. Ирандын коргоо министрлиги мындай чагымдар өлкөнүн турмушуна таасир этпей турганын да баса белгиледи.
Өлкөнүн тышкы иштер министри Амир Абдоллахиан учкучсуздардын чабуулун "кылганын ачык айтууга даай албагандардын коркоктугу" деп сыпаттады. "Бул өлкөбүздү коргоо боюнча өзөктүк программаны өрчүтүүдөн баш тартууга мажбурлай албасы анык", — деп кошумчалады ал.
Пентагондун өкүлү Патрик Райдер Кошмо Штаттар Ирандын территориясындагы объектилерге сокку урууга тиешеси жок экенин билдирди. Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен келечекте Иранга каршы аскердик сценарийди пайдалануу ыктымалдыгы экенин айтты. "Биз Иранга карата эч кандай вариант жана сценарийлерди, анын ичинде аскердик түрүн да четке какпайбыз. Бардык жолдору ачык, бирок азырынча биз үчүн дипломатиялык вариант ылайык", – деди ал.
Америкалык дипломатиянын чыныгы жүзү ушунда, дал Вашингтон ойдон чыгарылган шылтоо менен 2018-жылы Тегеран менен "өзөктүк келишимден" өзү бир тараптуу чыгып кетип, дипломатияга кайра кайткан эмес.
Иран андай кадамга өзөктүк күчүн дагы байытуу иштеринин жаңы айлампасы менен жооп кылган. Былтыр күздө Израилдин коргоо министри Бени Ганц 2023-жылдын башында ирандык өзөктүк бомбанын жарыяланышы мүмкүн экенин жоромолдогон. Ал эми АКШ президенти Жозеф Байден Тегеранга карата акыркы чара аскердик операция болорун боолгологон.
Израилдин асманында ракетанын издери көрүнүп турат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2023
ЖМК: Израиль дрондордун чабуулунан кийин Ирандын кайтарчу жообуна даярданууда
Тель-Авивди чектешкен Сирия жана Ливандагы ирандык күчтөрдүн жайгашканы катуу тынчсыздандырат. Жапырт жабыркатуучу курал Тегеранды Жакынкы Чыгыш, Түштүк Кавказ, Борбордук жана Түштүк Азия үчүн айныгыс "күч чордонуна" айланта алары бышык эмеспи. Ирандын реалдуу суверенитети Кошмо Штаттарга аталган өлкө кендеринен көмүр-суутекти шарттуу түрдө бекер казуусуна жолду биротоло бөгөйт.
Жакында эле америкалык-израилдик Juniper Oak машыгуусу аяктаган. Ага 140тан ашуун учак, 6400дөй америкалык жана 1500 израилдик аскер кызматкери тартылган.
Аскердик окуунун уламышына ылайык артиллериялык ок атуулар, деңиз операциялары жүргүзүлдү. Бешинчи муундагы америкалык жана израилдик истребителдер колдонулду. USS George HW Bush абадан сокку уруучу тобу башкаруу жана көзөмөлдү колго алып, учкучсуз аппараттарды, өзөктүк дүрмөттүү B-52H стратегиялык бомбалоочуларын, реактивдүү истребитель жана HIMARS тутумдарынын ишин айкалыштырды.
Төрт күн аралыгында аталган эки өлкөнүн күчтөрү полигондордо 81 тоннадан ашуун ок-дары сарптаган. Juniper Oak 23 машыгуусу Израиль армиясы жана Кошмо Штаттардын Борбордук командачылыгынын он сегиз айлык интеграциясынын даражасын көрсөттү. Ирандын аймагына 29-январда жасалган учкучсуз чабуул да кокустук эместей элес калтырып, ошол биргелешкен аскердик окуунун соңку "добушундай" туюлат.
Израилдик Аскер-аба күчтөрү бекемделген ирандык өзөктүк объектилерди жана кайра жооп кайтаруусу кепилденген Ирандын ракеталык базаларын жок кылууга батынбайт болчу. Ошол себептен америкалык бомбалоочулардын (айрыкча анча байкалбас B-2 Spirits) болжолдуу операциясы негизги болгондой көрүнөт.
Ирандын Аскер-аба күчтөрүнүн алдыда заманбап Су-35 истребителдери менен жаңыртылышы Вашингтон менен Тель-Авивдин "мүмкүнчүлүктөр терезесин" бүтөп коёт. Аскердик жаңжалдын ыктымалдыгы улам күчөп барат. Израилде Борбордук чалгындоо башкармалыгынын башчысы Уильям Бернстиндин узакка жүрүшү да тегин жерден эместей.
Тегеран кандай чабуул жасалбасын, жооп кайтара аларында шек жок. Анан да акыркы үч жылда Тель-Авив ирандык өзөктүк программага байланышы бар аскердик аткаминерлерди, окумуштууларды жок кылуу менен кызуу алектенип алганы айтылат. Иран Израилдин аба мейкиндигиндеги көптөгөн операциялар үчүн көзгө анчейин чалдыкпас чалгындоочу учкучсуздарын ишке киргизген. 2020-жылдын январында генерал Касем Сулеймандын Борбордук чалгындоо башкармалыгы тарабынан өлтүрүлүшүнө катуу каарданып, АКШ Армиясынын Ирактагы объектилерине ракеталык сокку урганы белгилүү. Military Watch Magazine жарыялаган маалыматтарга тансак, ошондо 100дөн ашуун америкалык аскер көз жумган. Эгер Тегеран 29-январдагы террордук чабуулду Израиль ишке ашырганын аныктаса, катуу өч алары ажеп эмес.
Ирандык учкучсуздардын сокку уруучу потенциалы кандай татаал тапшырма болсо да, кынтыксыз аткарары турулуу иш. Ислам Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө оңой менен тиш өтпөйт. Бир аз мурдараак эле Ирандын жогорку лидеринин кеңешчиси Камаль Харази "атомдук курал чыгаруу үчүн өлкө тийиштүү техникалык мүмкүнчүлүктөргө ээ" экенин маалымдаган. "Израилдин аймагына сокку уруу" максатындагы масштабдуу машыгуулар да өткөрүлгөн.
Аскердик жаңжал көптөгөн чектеш мамлекеттерге, анын ичинде ансыз да "учкундап турган" Азербайжан, Арменияга да чагылышы мүмкүн. Азербайжан менен Израилдин тыгыз алакалары бар. Politico басылмасы Тоолуу Карабах жаңжалынан улам Азербайжан менен Ирандын ортосунда чыңалуу күч экенин билдирет. "Иран Армения менен деңизге чыгууга жолу жок, кооптуулукка дуушар болуп калышы ыктымал 44 чакырымдык чек арасын сактап калууга ниеттенет", – деп жазган аталган маалымат каражаты.
Баарынан да Украинанын 29-январдагы окуяга реакциясы мыскылдагандай түрдө болду.
Киевдик режим Ирандагы терактыны "Россияны колдоо саясатынын кесепети" катары баалады. Украина Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы Тегеран Москвага жардамдашканын токтоторуна үмүт артарын да жашырган жок. Анткен менен Москваны Ирандын колдогону эч бир нерсе, эч ким тарабынан тастыкталган эмес. Ирандын Тышкы иштер министрлиги 30-январда Украинанын Ислам Республикасындагы элчисин президенттик кеңсе жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляктын айткандарынан улам чакыртты. Кыйыр түрдө ал киши Исфаханга урулган соккуга Киевдин катыштыгы бар экенин моюндап: "Украина сиздерге эскерткен", – деп табалаган.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
Центральная площадь Киева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШда Ирандын объектилерине урулган соккуга Киевдин реакциясы кескин сынга алынды
Жаңылыктар түрмөгү
0