Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Атайын аскердик операциянын жүрүшүнөн: россиялык күчтөр Угледарга киришти

© Sputnik / Иван Родионов / Медиабанкка өтүүСитуация в Донецкой народной республике
Ситуация в Донецкой народной республике - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2023
Жазылуу
РФ Куралдуу күчтөрү атайын аскердик операция зонасында ийгиликтүү аракет этүү менен Угледарга кирип, жакын арада калааны бошотууга белсенип туру.
Александр Хроленко ошол эле убакта россиялык жоокерлер Украина Куралдуу күчтөрүнүн ыкчам тылына таамай сокку уруп, абадан коргонуу тутумунун каражаттарын, аскердик башкармалык борборлорун, логистикалык, энергетикалык жана транспорттук инфраструктурасын талкалап жатканын маалымдайт. Аскерий баяндамачы бул сапар Батыштын Украинага көрсөткөн көмөгүнө, россиялык атайын операциянын жүрүшүнө токтолгон.
25-январда Россиянын Тынч океан флотунун деңиз аскерлеринин чабуулдук бөлүктөрү украиналык коргонуу тутумун жиреп, Угледарга кирип барышты. Шаардын жака белинде кызуу салгылаш жүрүүдө. Украина Куралдуу күчтөрү карбаластап, багытын билбей турат. 72-механизациялашкан бригадасы Угледардагы ордун таштап, чыгып кетти. Башкы штабы абалдын оордугун тастыктап, резервинен улам жоокерлерди шаарга жеткирүүдө. Угледарга эки багыттан чабуул жасалып, Украина Куралдуу күчтөрү сүрүлүп чыкты.
Россиялык артиллерия украиналык контрчабуулдардын мизин майнаптуу кайтарууда. Шаар чакан (тынч убакта калкы 17 миң кишинин тегерегинде), бирок өтө маанилүү. Угледардын бошотулушу Донецкинин четиндеги украиналык күчтөрдү тезирээк кыйратып, Украина Куралдуу күчтөрүнүн катуу бекемделген району – Славянск-Краматорскиге чыгууга мүмкүндүк берет.
Угледар багытында россиялык күчтөрдүн Артемовск (Бахмутту) бошотуу үчүн чабуул коюуда. Аталган районго Украина Куралдуу күчтөрүнүн 20 бригадасы топтолгон. Ошондой эле жалданма аскерлердин бир топ отряддары да бар. Андан мурда "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын отряддары калаага дагы бир чакырымга сүңгүп, Артемовскидеги Опытное (түштүктөн) жана Парасковиевки (түндүктөн) кыштактарын ээлешти.
Россиялык жоокерлер андан ары Запорожье облусунун Орехов жана Гуляйполяга карай жылып барат. РФ Куралдуу күчтөрүнүн ыкчам-тактикалык авиациясы, ракеталык бөлүктөрү жана артиллериясы өткөн суткада касташкан тарабынын ок жаадырып турган 83 артиллериялык бөлүгүн, андан тышкары 119 райондо жоокерлерин майтарды. Украина Куралдуу күчтөрүнүн 128-тоо-чабуулдук бригадасынын командачылыгы толук "демилитаризацияланды".
Ошондой эле атайын операция зонасында Украинанын эки Су-25 учагы, үч радиолокациялык станциясы, 14 артиллериялык тутуму, ок өткөрбөс жети техникасы, сегиз артиллериялык кампа жана эки күйүүчү май базасы жок кылынды.
Артемовск шаарына жакын жерде украиналык аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Артемовск Украина үчүн стратегиялык маанисин жоготту. Аскерий сереп

Көктөмдөгү кармашка камылга

26-январда бүт Украина боюнча аба тревогасы жарыяланды. Себеби россиялык учкучсуз аппараттар Киев, Винница, Днепропетровск, Одесса, Николаев, Черкас жана башка облустарындагы объектилерге таамай сокку урду.
Атайын аскердик операция башталгандан тарта Украинанын кадрдык армиясы дээрлик толугу менен талкаланды. Жапырт мобилизациянын беш толкуну пайдалуу резервдерди "жууп" кетти. Киевдик режим армиясынын жоготууларын алтынчы ирет толуктоого тырышууда. АКШ президенти Жозеф Байден 25-январда Крым жарым аралына Украина Куралдуу күчтөрүнүн жазындагы масштабдуу контрчабуулга даярдыгы башталганын билдирди.
Запорожье облусунун администрациясы украиналык армия март айынын аягында Мелитополь жана Бердянскиге жеткирүү үчүн 40 миңдин тегерегинде киши топтогонун маалымдады. Америкалык администрация, Пентагон менен НАТОнун стратегдери мурда колдонулган немец "Леопарддары", отуз чакты америкалык "Абрамстар" украиналык командачылыкка "тактиканы өзгөртүүгө" көмөкчү болорун боолголойт.
Натолук Abrams жана Leopard мүнөздөмөлөрү боюнча россиялык Т-80 менен Т-90М "Прорыв" танктарына караандай албайт. РФтин кургактагы күчтөрү улам жаңы танк менен толукталууда. Эки тараптын дараметинин айырмасы айдан ачык. Россия – негизги танктын сапаты жана өндүрүү жаатында чемпион.
2022-жылдын февралында атайын аскердик операция башталардан оболу Украина Куралдуу күчтөрү СССРден мурастап калган 2000 танк бирдигине ээлик кылчу. Атайын аскердик операциянын жүрүшүндө Батыш өлкөлөрү киевдик режимди 700дөй танк (көбүнесе польшалык өндүрүштөгү Т-72лер) менен жабдышты. Анткен менен 2000ден ашуун украиналык негизги танк (орто эсеп менен айына 200дөн) күйүп кетти.
Patriot зениттик-ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ менен НАТОнун тартуусу. Украинанын абадан коргонуу тутуму бекемделдиби?
Жаңырган жылы Украина Куралдуу күчтөрүндө болжол менен бул согуштук техникадан үч жүздөй бирдик калган. Алар фронттун 800 чакырымдык чийинине топтоштурулган. Бул машиналар да четинен россиялык күчтөр тарабынан жок кылынууда.
Батыштагы туура ой жүгүртө алган аскердик эксперттер Abrams, Leopard машиналары Украинада жаңжалдын нугун өзгөртө алышпайт. Алардын да жарактан чыгарылары турулуу иш. Анткен менен Кошмо Штаттар Россия менен "акыркы украиналык калганча" согушуу ниетинде экени чын өңдөнөт. Украина Куралдуу күчтөрү зарылып турган 155 мм. артиллериялык дүрмөттүн өндүрүшүн америкалыктар эки жыл ичинде 500 эсеге өстүрүп, айына 90 миң даана чыгарууга билек түрө киришмек болуп турат.
АКШ 11 ай аралыгында Украинаны 1 миллиондон ашуун артиллериялык снаряд менен камсыздаган. Украиналык жаңжалдан улам Кошмо Штаттардын курал экспортунун көлөмү 153,7 млрд долларга чейин – дээрлик 50 пайызга көтөрүлдү. Ушунда бир суроо туулат: Украинада куралдуу жаңжал, анын узакка созулушу кимдин кызыкчылыгында? Жазында күтүлгөн чыңалуу жана Вашингтондун эски "вьетнамдык сценарийи" киевдик режимдин европалык "донорлоруна" жакшылык алып келбей турганы бышык.
Президент Владимир Зеленский узак аралыкка ылайык ракета, F-16 истребителдерин алууга үмүттөнөт. Бирок Украинанын тагдыры эбак чечилип калган. АКШнын Россияны стратегиялык жеңүүгө умтулушу Кошмо Штаттардын өзүн гана оор кесепетке кептейт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Россиянын аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Артемовск — Россиянын атайын операциясы менен НАТОнун эң орчундуу түйүнү
Жаңылыктар түрмөгү
0