Кочкор-Атадагы газдын кору түштүк аймакты 100 жыл бою камсыздоого жетет. Маек

© Sputnik / Алексей ВитвицкийГаз ташуу учун куур. Архив
Газ ташуу учун куур. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2023
Жазылуу
Электр энергиясынын маал-маалы менен өчүшү газ тартыштыгын көрсөттү. Бир аптага созулган чилде бизде эле эмес, коңшулардын да кышка даярдыгын көрсөтүп койду.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде "Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директорунун орун басары Арзымат Алдаяров маек курган. Биз өлкөнү газдаштыруу жана анын актуалдуулугу тууралуу кеп кылдык.
— Быйыл кыш катуу болуп, электр энергиясынын тартыштыгы газдаштыруу маселесин көтөрдү. Негизи бул тууралуу эмнелерди айтууга болот?
— Калкты газ менен камсыздоо көйгөйү жыл сайын борборду ыш каптаганда көтөрүлөт. Өкмөт аралык коюлган шарттар толугу менен эле аткарылып жатат. Инвестициялык программанын негизинде алты жылдын ичинде 44 жаңы конушка жана калктуу пунктуларга газ берилди. Анын ичинде 1 100 чакырым газ түтүктөрү курулуп 45 миң абоненттин газга кошулуусуна мүмкүнчүлүк пайда болду. 45 үй-бүлөгө же 265 миң адамга газ пайдалануу мүмкүнчүлүгү жаралды. Жаңы конуштарда газдын керектөөсү 12 эсе өстү. 2018-жылы эки миллион куб метр болсо, 2022-жылы 25 миллион метр кубга жетти. Бул биздин иштин натыйжасы. Бүткүл республика боюнча керектөө 2014-жылы 207 миллион куб болсо, азыр 405 миллион кубга жетип жатат. Бизге 100 миң абонент кошулду. Алар — электрди пайдалануудан же көмүрдөн газга өткөндөр. Айрым конуштарга газ толук киргени менен жашоочулардын 10 пайызы эле колдонуп жатат. Бишкектеги 46 конуштун 27си газдаштырылды. Калган 19унун бешөөнө быйыл кирет. Калган конуштарды акырындан газга туташтыруу милдетин алып жатабыз. Жаңы конуш жашоочуларынын баарын газга кошуу милдетин мэрия алды. Ар кандай кырдаал жаралат. Айрымдардын казанын койдурууга же газ менен жылытууга мүмкүнчүлүгү жок. Импорттук газды көмүр менен салыштырбаш керек. Анткени мунун баасы жогору. Жакыр үй-бүлөлөргө ыңгайлуу субсидияларды берүүнү ойлонуп жатабыз.
© Sputnik / Асел АкматАрзымат Алдаяров: айрым конуштарга газ толук киргени менен жашоочулардын 10 пайызы эле колдонуп жатат. Бишкектеги 46 конуштун 27си газдаштырылды. Калган 19унун бешөөнө быйыл кирет
Заместитель генерального директора ООО Газпром Кыргызстан Азамат Алдаяров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2023
Арзымат Алдаяров: айрым конуштарга газ толук киргени менен жашоочулардын 10 пайызы эле колдонуп жатат. Бишкектеги 46 конуштун 27си газдаштырылды. Калган 19унун бешөөнө быйыл кирет
— Кандайча?
— Биз мэрияга сунуштадык, эми алар мамлекеттин атынан иш алып барышы керек.
— Газ тартыштыгы коомчулукта катуу талкуу жаратты. Бул эмнеден улам болуп кетти?
— Республиканын түндүк аймактарына газ Россиядан алынат. Оренбургдагы Домбаровка айылынан Казакстан аркылуу транзит болуп бизге келет. Ал эми түштүк аймактарга газ Өзбекстандан келип жатат. Жылына өзгөчө түштүктө тартыштык байкалат. Ал жакта өзүбүздүн ресурстук базабызды көбөйтүүнү ойлоп жатабыз. Анткени он жылдан бери Өзбекстан экспортту азайтууну жана калктын керектөөсү көбөйүп келе жаткандыгын айтууда. Ал жакка Азербайжан, Түркмөнстандан же башка мамлекеттен газ алып келүүгө шарт жок. Техникалык мүмкүнчүлүктөр болбогондуктан өзүбүздүн ресурстук базабызды өнүктүрөлү деген сунуштарды киргизип жатабыз. Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарындагы мамлекеттик "Кыргызнефтегаз" ишканасынын мунай кенинде 4,5-5 миллиард куб метр газ кору аныкталып, совет убагында эле баланска коюлган. Түштүк аймактын жалпы керектөөсү 50 миллионду чапчыса, ошол эле 4,5 миллиард кор 100 жылга жетет деп ойлоп жатабыз. Ошондуктан "Кыргызнефтегаз" мекемесине инвестор таап же "Газпром Кыргызстан" компаниясын киргизип, мунай иштетүүнү колго алсак жакшы болор эле. Жыл сайын газдын тартыштыгы сезилет. 2019-жылы ушул маселелердин айланасында "Газпром" компаниясы менен жол картага кол коюлган. Анын негизинде жасалчу иш-чаралар толук ишке аша элек. Бийлик жаңы чечимдерди кабыл алып жатат. "Кыргызнефтегаздын" мунай жагы Кыргыз Республикасына калсын, ал эми газды "Газпромго" берели деген чечим чыгарышты. Ошол боюнча иштеп жатабыз
Мунай кендеринин өндүрүшүн көбөйтүү үчүн чоң долбоорлор керек. Коңшулар деле ага көңүл бурбагандыктан кендин запасы азайып бараткан. Өзбекстан менен Казакстанда газды ашыкча пайдаланууга жол беришкендиктен да быйыл тартыштыкка кабылышты. Ал эми биз импорттон көз каранды мамлекетпиз.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарындагы мамлекеттик "Кыргызнефтегаз" ишканасынын мунай кенинде 4,5-5 миллиард куб метр газ кору аныкталып, совет убагында эле баланска коюлган
Президент КР ознакомился с деятельностью ЗАО Кыргыз Петролеум Компани - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2023
Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарындагы мамлекеттик "Кыргызнефтегаз" ишканасынын мунай кенинде 4,5-5 миллиард куб метр газ кору аныкталып, совет убагында эле баланска коюлган
— Өлкөнү толук газдаштырганда тартыштык болбойбу? Биздин газ түтүктөр көтөрө алабы?
— "Газпром" компаниясы Кыргызстанга өлкөнү толук газдаштыруу максатында келген. Ошол себептен өлкөнүн газ системаларын реконструкциялады. Киргизген инвестициянын көлөмү 30 миллиард сомго жакын. Эң негизгиси, ички ресурс. Коңшулар да Россияга кайрылып, газын көбөйтүп берүүсүн сурап жатат. Ошондуктан Казакстандын магистралдык-транспорттук газ өтмөктөрүн жаңыртып, ага карата көлөмдөрүн көбөйтүүгө сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Россиянын Кытайга газ берүү мүмкүнчүлүгү көбөйдү. Келечекте бизге да эч кандай тоскоолдуктар болбой турганына ишенебиз.
— Казакстан, Россия, Өзбекстан ортосунда газ биримдиги түзүлүп жатат. Бизге кандай пайдасы тиет? Ошол эле Индия, Кытайга газ ташууда Кыргызстанга транзиттик өтмөк түзүү мүмкүнбү?
— "Түркмөнстан — Кытай" эл аралык долбоору иштелип чыгууда. Ал жерде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунан өтүү боюнча талкуулар болуп жатат. Өз калкына бекер газ берген мамлекетте быйыл чектөөлөр киргизилди. Түркмөнстан Казакстан, Өзбекстан жана Иранга экспортун токтотуп эки жумадай газ берген жок. Ошол себептен ойлонуп иш кылуу керек. Транзиттик өз көлөмдөрүбүз бар. Казакстандын газын жыл сайын өткөрүп берчүбүз. Быйыл Казакстан транзитти токтотуп койду. Жогорудагы биримдиктин чоң пайдасы — эч кандай чектөө болбойт. Биздин газ түтүктөр толук болгондуктан Казакстандын магистралдык түтүктөрү толук жаңыртылса Кыргызстанга сураган көлөм келе баштайт. Биз ички газ жеткирүүчүгө күнүмдүк керектөөнүн тапшырыгын (заявка) иштеп чыгабыз да, бириктирип бир чоң тапшырык жасайбыз. Былтыр электр станциялар мекемесинин заявкасы аз болуп калып, катуу суукта мазут жетпей жатканда бизге байланышка чыгып, газдын басымын көбөйтүүнү суранды. Бирок биз ар кандай чектөөлөрдү киргиздик. Анткени келишим боюнча 12 миң куб берип турушубуз керек эле, ал көлөмдү толук берип жаттык. Аны көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Анткени үч өлкөнүн ортосундагы келишимдерге кол коюлган. Азыр ЖЭБ сураган газдын көлөмүн 12 миң кубдан 16 миң кубга чейин көтөрдүк.
© Sputnik / Табылды КадырбековАрзымат Алдаяров: жаңы конуш жашоочуларынын баарын газга кошуу милдетин мэрия алды
Советник генерального директора ОсОО Газпром Кыргызстан Арзымат Алдаяров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2023
Арзымат Алдаяров: жаңы конуш жашоочуларынын баарын газга кошуу милдетин мэрия алды
— Быйыл беш конушка газ кирерин айттыңыз. Кандай шарттар коюлган?
— Бул газдын эле эмес, инженердик коммуникациянын практикасы, калктуу конуштарга газ түтүктөрүн көчөлөрүнө чейин жеткирип беребиз. Андан абоненттер үйлөрүнө өз каражаты менен тартып алышат. Себеби бул анын менчиги. Жумушту бир метрин 650-700 сомго биз же башка жеке компаниялар деле жасап берет.
Быйыл Ак-Тилек-1, Ак-Тилек Турбаза, Бакай-Ата, Ала-Арча, Кырман жаңы конуштары менен бирге Чүй облусуна караштуу Селекция жана Новопавловка айылына да газ түтүктөрү киргизилет. Мындан тышкары, совет убагынан бери газ берилбей калган айрым кварталдарга да жеткиребиз.
Бизге коюлган тариф саясаты бардык чыгымдарды жаап, андан тышкары, 12 пайыз рентабелдүүлүк менен иштеши керек. Бирок 2014-жылдан бери ал толук аткарылган жок. Жалпы чыгымдын 85 пайызын гана жабат. Буга Кыргызстан элинин социалдык абалы жол бербейт. Ошондуктан тариф саясатын карап чыгуу керек. Экинчиден, кыргыз тарап мамлекеттик ишканалар газга болгон карызын толук төлөп турат деген милдеттеме алган, бул аткарылган жок. Мунун баары инвестициялык программага терс таасирин тийгизет. Эки жылдан бери инвестициялык программанын көлөмү бир миллиард сомго жакын болуп жатат, ал эми мамлекеттик ишканалардын карызы 700 миллион сомго жетип калды. Ошол себептен инвестицияга да чектөөлөр киргизилип жатат.
© Фото / пресс-служба ОсОО "Газпром Кыргызстан"Учурда калк үчүн бир куб метр газ 18,5 сом болуп жатат. Толук тарифти аныктасак 21-22 сомго көтөрүлүп кетет. Бул элге кыйын болуп калат
Газификация жилых массивов Бишкека и Чуйской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2023
Учурда калк үчүн бир куб метр газ 18,5 сом болуп жатат. Толук тарифти аныктасак 21-22 сомго көтөрүлүп кетет. Бул элге кыйын болуп калат
— Газдаштыруу саясаты канчалык деңгээлде туура жүрүүдө?
— "Газпром" көчөлөргө газ түтүктөрүн жеткирип бербейт экен. Калктуу конуштун жанына жеткирип, калганын абоненттер өздөрү же жергиликтүү бийлик жасап берет. Бирок биздин абоненттердин экономикалык абалын түшүндүрүп бердик. Көчөгө киргизип бербесек эч ким кошулбасын айттык. Ошол себептен көчөлөргө да киргизип жатабыз. Абоненттерге калган 25-30 метр газ түтүгүн куруп берүү керек болууда. Долбоорду макулдашуу өңдүү жумуштарды бекер жасап бердик. Мындан тышкары, газдаштыруу менен казанды бир жылга бөлүп төлөө акциялары да жүрүүдө.
— Кыргызстандагы газдын баасына дүйнөлүк газ тартыштыгы таасирин тийгизе алдыбы?
— Учурда калк үчүн бир куб метр газ 18,5 сом болуп жатат. Толук тарифти аныктасак 21-22 сомго көтөрүлүп кетет. Бул элге кыйын болуп калат. Ошол себептен бул маселени көтөрө элекпиз. Газ керектөөсүн көбөйтүү менен Кыргызстан алган милдеттемесин аткарат деген ишеним менен ушул жаатта иштеп жатабыз.
Бала кармап турган аля. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2023
Алимент алчулар көп. Акысыз юридикалык жардамды кимдер ала алат. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0