Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Байсопуев: элде чет тили зарыл болбогон жумуштарга талап жогору

© Sputnik / Асель СыдыковаЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун Калкты ишке орноштуруу жана алардын укугун коргоо башкармалыгынын башчысы Арслан Байсопуев
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун Калкты ишке орноштуруу жана алардын укугун коргоо башкармалыгынын башчысы Арслан Байсопуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2023
Жазылуу
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун Калкты ишке орноштуруу жана алардын укугун коргоо башкармалыгынын башчысы Арслан Байсопуев сезондук иштер популярдуу экенин айтты.
2022-жылы өлкөдө биринчи ирет Англияга жумушка орноштуруу иштери башталган. Орто Азияда биринчилерден болуп Англиянын жумушка орноштуруучу төрт операторунун биринин өкүлчүлүгү ачылганын Арслан Байсопуев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Байсопуев: элде чет тили зарыл болбогон жумуштарга талап жогору
Анын айтымында, 2022-жылы 1 500 кыргызстандык Англияга барып кыска мөөнөттүү жумуштарда иштеп келген.
"Үстүбүздөгү жылдын 17-январында Бишкек шаарында Улуу Британияда мезгилдик айыл чарба жумуштарына жарандарды жумушка орноштуруу боюнча оффлайн-каттоо болуп өттү. Борбор Pro Force компаниясы менен келишимге кол койгондон тартып, айрым адамдардан (коммерциялык пайда табуу максатында) ушул программа боюнча жумушка орношууга көмөк көрсөтүү жөнүндө билдирүүлөр келе баштады. Буга байланыштуу жарандарды оффлайн-форматта каттоо жол-жобосун жүргүзүү чечими кабыл алынган. Улуу Британияга жумушка орношууну каалагандардын көптүгүнө байланыштуу жарандарды каттоо боюнча төрт пункт уюштурулду. Негизи жарандар арасында чет тили зарыл болбогон сезондук жумуштарга суроо-талап жогору болууда. Жыйынтыгында бардык кызыкдар адамдар каттоодон өтүштү. Ишке орноштуруу таза, адилеттүү өтүшү үчүн адамдар персоналдык номер менен катталышты. 2023-жылы 2000ге жакын кыргызстандык Улуу Британияда убактылуу ишке орношо алат. Алты айлык программа боюнча Улуу Британиянын фермаларында 18-46 жаштагы кыргызстандыктар иштешет. Жумушчулар саатына 10 фунт стерлингден алышат. Ал эми бүгүн, 20-январда, Ошто Улуу Британияга ишке орноштуруу үчүн каттоо өтүүдө", — деди Байсопуев.
Ал чет мамлекетте ишке орношкон кыргызстандыктар эмгек келишимин бузбай мыйзам чегинде иштесе, визасы аяктаган соң өз убактысында кайтып келсе келечекте квота көбөйөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0