Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

USAID Украинадагы коррупцияга демөөрчү болдубу? Талдоо

CC BY 2.0 / U.S. Department of Agriculture / Lance CheungUSAID уюмунун логотиби. Архив
USAID уюмунун логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2023
Жазылуу
Узаган жылы Украина USAID аркылуу 23 миллиард доллар көлөмүндөгү каржылык көмөк алган. Анын 13 миллиарды киевдик өкмөттү колдоого бөлүнгөн.
Америкалык "гуманитардык шумкарлардын" мында кандай кызыкчылыктары бар? Кесиптешибиз Яна Осипова ушул соболдун тегерегинде эксперттин талдоосун тыңдаган.

Грузиядагы көрүнүш кайталанып...

USAID уюмунун жылдык отчётундагы маалыматтарга ылайык, 2022-жылы Киевге бөлүнгөн 13 миллиард доллардын 1 миллиарды Украинанын экономикасын, 1,3 миллиарды Украина өкмөтүнүн "административдик дараметин" колдоого, ал эми 10,7 миллиарды бир нече транш менен ар кайсы даталарда киевдик бийликтин "колуна жеке" жөнөтүлгөн. Отчёттук документте бул которуулардын атайын бир багыты жок экени белгиленет.
Жардамдын дагы 10 миллиарды Украинанын аймагында аталган америкалык агенттик ишке ашырып жаткан "ар кандай долбоорлорго" берилген. Грузияда да дал ушундай болгонун эске салат россиялык Заманбап идеологияны өнүктүрүү боюнча улуттук институтунун жетекчисинин орун басары Игорь Шатров.
"Америкалык агенттик Грузия өкмөтүнө каралашып, муну республикадагы экономикалык оор кырдаалга шылтоологон. Менимче, Украинада деле ошондой болуп жатат. АКШ Украинанын президенти жана министрлерине маяна төлөөдө. Бул кадыресе америкалык тажрыйба экени талашсыз. Отчётсуз бул гранттар аркылуу өткөн акчалардын баары — лоббизм", — деп түшүндүрдү эксперт.

Бет кабын чечип...

Согуштук аракеттер аяктагандан кийин да Россия менен Кошмо Штаттардын алакасы жакшырып кетпестигин белгилейт Шатров. Анын айтымында, АКШ Мамлекеттик департаментинин өзү деле бул туурасында ачык жазып келет.
"Демек, алар бет каптарын чечишти. Ачык айтууга да аргасыз, анткени азыр маселелерди көшөгө артында чечүүгө болбой калды. Баары ачык тирештин фазасына өттү. Ошондуктан "демократиялык программаларга" жамынып отурбастан акчаны ачык эле берип калышты. Украина өкмөтүнө каражатты жер-жерлерде америкалык кызыкчылыктарды камсыздоо үчүн бөлүп жатышат", — дейт Шатров.

Анда акча кайда?

Бул каражат пара экенин белгилейт эксперт. "Каражат түз эле Зеленский жана анын тегерегиндегилердин чөнтөгүнө түшөт", – деп түшүндүрөт Шатров. Ал USAID айкалыштырылган бир нече топту көзөмөлдөп турганын белгиледи.
"Зеленскийден жүз бурушса (анткени ал ишенимден чыгып барат) демилге күч органдарынын, ошол эле Залужныйдын колуна (Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы – ред.) өтүшү мүмкүн. Себеби ал кишини келечегинен көптү үмүттөндүргөн саясий ишмер катары тааныштырууга аракет кылышпады беле", — деп боолголоду эксперт. Шатровдун пикиринде, USAID тарабынан "атайын багыты жок" бөлүнгөн каражат америкалык таасирди сатып алууга жумшалат.
"Менимче, Зеленский эмитен эле өкүнүүдө, себеби жеңерине ишенбейт. Өздөрү жүргүзүп жаткан саясатты улантуу үчүн Кошмо Штаттар акчасы менен гана шыктандыра алат", — дейт эксперт.
Эл аралык валюта фондунун эсеби боюнча "кармалып туруу" үчүн Украина өкмөтүнө айына 5 миллиард доллар зарыл.
Миллиардер Илон Маск. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Атайын операция: Илон Маск Украина Куралдуу күчтөрүнө кол кабыш кылабы?

Демократияны орнотуу инструменти

2022-жылы USAID бөлгөн 23 миллиард доллардын дагы 10 миллиарды ар кандай программаларды жүзөгө ашырууга багытталган. USAID расмий сайтына жарыяланган жылдык отчётунда ошол программалардын арасында гуманитардык жардам, социалдык көмөк, экономикалык колдоо, ошондой эле "негизги европалык баалуулуктардын тегерегине бириккен эгемен Украинаны түптөөнү" көздөгөн программа да бар.
Ошол эле программалардын алкагында 165 миллион доллар демократия, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги жана журналисттерди, ошондой эле көз карандысыз медиа уюмдарды колдоого бөлүнгөн.
83,6 миллион "жаңжалдын кесепетин жумшартуу жана жараштырууга" жумшалган. Программанын мазмуну сайтта: Украина куралдуу күчтөрүн окутуу, "аскердик миссиясын майнаптуу аткарууга тийиштүү дараметин өрчүтүүгө кепилдик берүү менен билим берүү программалары жана техникалык колдоо аркылуу алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу" деп чечмеленген. Мына ушундай саясат. Куралдуу күчтөрдү машыктыруу менен тараптарды жараштыруу...
АКШ Коргоо министрлиги 2022-жылдын февраль айынын аягынан бери расмий аскердик көмөктөшүү 19,3 миллиард долларды түзгөнүн маалымдаган. Жогоруда аталгандардын баары ошол жардамга кошумча экенин айтпай коё албайбыз.
Игорь Шатровдун айтымында, USAID – грант бөлүп, коммерциялык эмес уюмдарды түзүп, чет өлкөлүк журналисттер менен тыгыз иш алып барып, улуттук кызыкчылыктардан баш тартууга мажбурлап, бүтүндөй улуттарды өзгөртүү боюнча маселелерди чечүүчү инструмент. Ушундай ишти алар "демократияны өнүктүрүүгө жаңычылдыктарды киргизүү" деп атап коюшарын белгилейт Шатров.
Хорватиянын президенти Зоран Миланович. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Америкага кул болушубуз керекпи?" Хорватия президенти Украина боюнча үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0