Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Атайын операция: Илон Маск Украина Куралдуу күчтөрүнө кол кабыш кылабы?

© AP Photo / John RaouxМиллиардер Илон Маск. Архив
Миллиардер Илон Маск. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2022
Жазылуу
Украиналык согуштук аракеттер театрында Starlink глобалдык спутник интернетинин "жарандык" тутуму Пентагон, НАТО жана аталган республиканын Куралдуу күчтөрүнүн байланыш жана аскердик башкармалыгынын өзөгүнө айланганы жашыруун эмес.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ошол себептен космостук мейкиндик жана Жерде катаал компенсациялык чаралар көрүлүшү керектигин белгилейт. Автор кезектеги макаласында ушул жаатта кеп учугун улаган.
Россиянын коргоо министри өзү жетектеген мекеменин 21-декабрда өткөн кеңейтилген коллегиясында Украина Куралдуу күчтөрү үчүн АКШ менен НАТОнун 500дөй, анын ичинде 70тен ашуун аскердик спутниги кызмат көрсөтүп жатканын билдирди. Бул топ украиналык күчтөргө НАТОдон чалгын кызматынын маалыматтарын онлайн алууга, фронттун 815 чакырымдык чийининде байланыш жана аскердик башкармалыктын "кыйрагыс" системасына ээлик кылууга мүмкүндүк түзөт.
РФ Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов андан кийинки эле күнү Америка Кошмо Штаттары жана алардын союздаштары жаңжалды создуктурууну көздөп, аскердик көмөктүн көлөмүн көбөйтүп жатканын билдирген. Жалпылай алганда жардамдын суммасы 100 млрд. долларга жеткен.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн америкалык адистер тарабынан модификацияланган учкучсуз аппараты 26-декабрда Саратов облусунда атып түшүрүлдү. Ал Энгельс аскердик аэродромуна сокку урууга абага көтөрүлгөн. Мында да спутниктик байкоо, навигация, башкаруусуз болмок эмес. Иш жүзүндө АКШ менен НАТО украиналыктардын колу менен россиялык өзөктүк үчилтикке тап берди.
Москва Батыштын кол куурчагына айланган киевдик режимге мындай "космостук" аскердик көмөгүнө кандай чара көрөт? Атайын аскердик операциясын аягына чыгаруу менен жооп берери айдан ачык. Анан да украиналык согуштук аракеттер театры жана келечекте да кастарын тиккендердин спутниктик топторунун мизин кайтаруу үчүн асимметриялык чараларды көрөрү да ырас. Мындай милдеттерге артыкчылык берери да шексиз.
Киев жакында эле америкалык Space Exploration Technologies Corp компаниясы менен Starlink спутниктик интернети үчүн 10 миңден ашуун терминал менен жабдуу (мурда берилген беш миңге кошумча) боюнча келишимге кол койгон. Жаңы терминалдарды Украина Куралдуу күчтөрү 2023-жылдын башында алышы мүмкүн. Европа биримдигине мүчө мамлекеттер бөлгөн каражаттар да аз эмес. "Жердеги" аппарат кеминде эле
550 доллар турат. Бүтүндөй партия европалык салык төлөөчүлөрдү 5,5 млн. долларга, ага кошумча 15 миң терминалды пайдаланууга ар бир айда 1,65 млн. доллар чыгымга салат.
Starlink жеке демилге катары бааланат, анткен менен Пентагондун аталган субподрядчыда спутниктик интернет аскер башкармалыгынын системасына, ал эми ишкер Илон Маск иш жүзүндө бул согуштук аракеттер театрында Украина Куралдуу күчтөрдүн чет өлкөлүк (америкалык) жалданма тутумуна айланат. Натыйжада Илон Маск менен Starlink системасын далай кесепеттерге кептей турганы бышык.
Россия Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Константин Воронцов Бириккен улуттар уюмунун трибунасынан АКШнын коммерциялык спутниктери куралдуу жаңжалдарга аралашкан кырдаалда согуштук бута болорун белгилеген. "Жарандык сыяктанган инфраструктура жооп иретиндеги сокку үчүн мыйзамдуу бутасы болушу ыктымал".
Беларусь жана Россиянын президенттери Александр Лукашенко менен Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Беларусь фронту: Путиндин Минскиге келиши Батышты дүрбөлөңгө салды

Starlink деген эмне?

Эң башында Starlink моряктар, саякатчылар, алыскы райондордун жана "авторитардык режимдеги" өлкөлөрдүн жашоочулары үчүн деп түзүлгөн жарандык система эле. Интернет сыяктуу эле Starlink тутумун түптөлүшүнүн аркасында Пентагон турат. Туруктуу байланыш – аскер башкармалыгынын негизи. Ачыгы, Starlink спутниктери болгону беш жыл кызмат өтөйт.
Глобалдык интернет тутумунун структурасы үч негизги компоненттен турат. Биринчиси – төмөнкү орбиталардагы (300 – 600 чакырым) спутниктердин тобу (бүгүнкү күндө – 2300дөн ашуун аппарат-ретранслятор катталган). Ошондой эле дүйнөлүк желе менен туташтыруучу жер бетиндеги станциялар түйүнү жана станциялардан 1000 чакырымга чейинки аралыктагы радиуста жайгашкан керектөө терминалдары бар. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Донбасстагы Терминалдары шарттуу түрдө Львов облусундагы станцияга туташтырылган.
Төмөнкү орбита сигналдын туруктуулугун камсыздап, Starlink системасынын жүктөөсүнүн орточо ылдамдыгы секундасына 105 мбитти түзөт. Бул багыттагы атаандаштардын айрым тутумдары 35 000 чакырымга чейинки орбиталарга ээ.
Салмагы 260 килолук 1-муундагы спутник Жерге маалымат берүү үчүн фазалык торчолуу төрт антенна менен жабдылган. Орбитадагы өз алдынча маневрдуулукту навигациянын автономдук системасы жана Холл эффектиндеги иондук кыймылдаткычтар камсыз кылат. Аппараттар улам жакшыртылып, заманга бапташтырылып турат. Жакында мындай топ 7000, ал эми эң аягында спутниктердин саны 42000ге жетет. Орбиталык аппараттын бир даанасынын наркы – 500 миң доллардын тегерегинде.
Планетабызда Starlink тутуму Түндүк жана Түштүк Америка, Европанын 29 өлкөсүндө, ошондой эле Австралияда орнотулган. Украинада быйыл апрелдин башында алгачкы
5000 терминал пайда болгон. Алар АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу берилген.
Starlink системасы штабдары жана чалгындоо борборлору (Пентагон жана АКШ) бар керектөөчүгө (бул учурда Украина Куралдуу күчтөрүнө) украиналык согуштук аракеттер театрындагы радиоэлектрондук тиреш шартында да туруктуу байланышты камсыз кылат.
Fox News медиасынын маалыматына ылайык, "Спутниктер фронттун чийининин боюнда жана жер бетинде украиналык күчтөрдүн байланышы үчүн өтө маанилүү болуп калды". АКШ менен Европа биримдигинин эзелки куралдары эмес, Украина Куралдуу күчтөрүнүн НАТОнун чалгындоо кызматынын маалыматтары менен жабдылышы, Пентагондун штабдык онлайн-консультациялары жана Батыштын прокси-колдоосу киевдик режимдин согуштук аракеттерди улантуусуна өбөлгө болот.
Starlink системасы менен күрөштө россиялык күчтөр ар кандай каражат жана ыкмаларды пайдаланууда. Украина Куралдуу күчтөрүнүн инфраструктурасынын объектилеринин россиялык таамай куралдар менен талкаланышы жер бетиндеги Starlink станцияларына да тиешелүү болорун боолголойм.
Россиялык күчтөр радиоэлектрондук күрөштүн өтө майнаптуу тутумдарына ээ. Ошондуктан, украиналык командачылык байланышы буга чейин да үзгүлтүккө учурап, терминалдар иштен чыгып, Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү чоң жоготууларга дуушар болгон.
Жер орбитасындагы Star Wars реалдуулукка айланып калышы ыктымал. Бул үчүн майнаптуулук жана радиоактивдүүлүктүн ар кыл даражасындагы бир нече спутниктик технология бар. Starlink спутниктик тутумун жок кылуунун ыкмаларын кытайлык адистер да иштеп чыгууда.
РФтин Кошмо Штаттардагы элчиси Анатолий Антонов жума күнү "эки улуу державанын кагылышуу тобокелдиги күч экенин, Батыштагылар буга көз жума албай тургандыгын" билдирди. Атап айтканда, Newsweek америкалык журналы аны: "Россиянын АКШга эскертүүсү: деэскалация же "кесепеттерге" кептелесиңер", — деген тейде түшүндүрдү. Жогорку интенсивдүүлүктөгү куралдуу жаңжалда Starlink жана башка америкалык космостук иштелмелери стратегиялык артыкчылыктарды камсыздай албайт.
New York Times гезити Украинадагы согуштук аракеттердин жүрүшү Россиянын пайдасына ооп, киевдик режим жакында туңгуюкка кабыларын боолголоду. Вашингтонго 2022-жылы ушундай жыйынтык үчүн ондогон миллиард доллар сарптоонун, келерки жылга дагы 45 млрд. доллар бөлүүнүн кажети бар беле?
Starlink системасынын россиялык аналогу болгон SR NET компаниясынын 96 спутниги 2024-жылы РФтин бүт аймагын Желедеги кеңири тилкелүү байланыш менен камтууга жол берет.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Америкалык ишкер жана миллиардер Илон Маск. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Илон Маск Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча планын сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0