https://sputnik.kg/20230118/kievde-rossiya-s-uyloshuulor-sharttary-zharyyalandy-1072116285.html
Киев Россия менен кандай шартта сүйлөшүүлөргө барышы мүмкүн экенин айтты
Киев Россия менен кандай шартта сүйлөшүүлөргө барышы мүмкүн экенин айтты
Sputnik Кыргызстан
Зеленскийдин өкүлү Россия менен сүйлөшүүлөр бир катар принциптерге негизделген учурда гана болорун айткан. 18.01.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-01-18T10:17+0600
2023-01-18T10:17+0600
2023-01-18T10:17+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
украина
атайын операция
сүйлөшүүлөр
диалог
https://sputnik.kg/img/07e7/01/12/1072114559_0:321:3071:2048_1920x0_80_0_0_b2ee85810a141c0649a8d8f1c2d6230f.jpg
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Россия менен диалог эл аралык укуктун универсалдуу принциптерине негизделсе, Украина ага каршы болбойт. Бул тууралуу Владимир Зеленскийдин маалымат катчысы Сергей Никифоров билдиргенин РИА Новости жазды.Анын айтымында, кеп БУУнун уставын урматтоо, аймактык бүтүндүк жана суверенитет, укуктун үстөмдүгү тууралуу болууда.Буга чейин Владимир Зеленскийдин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк чатакты токтотуу боюнча Киевдин шарттарын жарыялаган. Анын айтымында, согуштук аракеттер "орустар Украинадан чыгып, Крымдагы уурдалган үйлөрдү жана батирлерди украиндерге кайтарып, атайын операциянын авторлорун өткөрүп бермейинче" токтобойт.Зеленский да Россия менен сүйлөшүүлөр тууралуу бир нече жолу айткан, бирок билдирүүлөрү бири-бирине карама-каршы экени маалым. Диалог болушу мүмкүндүгүн жокко чыгарса, бир туруп сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн шарттарды коюп келет. Дипломатиялык байланыштарды коомчулукка жарыялоону талап кылган учуру да бар.Москва сүйлөшүүлөргө даяр экенин бир нече жолу билдирген. Бирок Киев аларга мыйзам менен тыюу салган. Владимир Зеленский буга чейин G20 жыйынында "Минск-3 болбойт" деген. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков мындай сөздөр Киевдин сүйлөшүүгө даяр эместигин билдирерин айткан.Россия 2022-жылдын 24-февралынан тарта Украинада атайын операция жүргүзүп келет. РФ президенти Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген. Түпкү максат Донбассты бошотуу жана Россиянын коопсуздугуна кепилдик берген шарттарды түзүү экендигин баса белгилеген.
https://sputnik.kg/20230117/shoygu-rf-armiyasyndagy-bolchu-masshtabduu-ozgoruulor-boyuncha-aytty-1072105103.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/01/12/1072114559_119:0:2850:2048_1920x0_80_0_0_4fba0875ba64645457c3b226d876ed1e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, атайын операция, сүйлөшүүлөр, диалог
дүйнөдө, россия, украина, атайын операция, сүйлөшүүлөр, диалог
Киев Россия менен кандай шартта сүйлөшүүлөргө барышы мүмкүн экенин айтты
Зеленскийдин өкүлү Россия менен сүйлөшүүлөр бир катар принциптерге негизделген учурда гана болорун айткан.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Россия менен диалог эл аралык укуктун универсалдуу принциптерине негизделсе, Украина ага каршы болбойт. Бул тууралуу Владимир Зеленскийдин маалымат катчысы Сергей Никифоров билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Украина сүйлөшүүлөрдөн баш тартпайт. Бирок бул сүйлөшүүлөр белгилүү бир катар принциптерге негизделиши керек", — деген Никифоров.
Анын айтымында, кеп БУУнун уставын урматтоо, аймактык бүтүндүк жана суверенитет, укуктун үстөмдүгү тууралуу болууда.
"Эгерде сүйлөшүүлөр ушул принциптерге негизделсе, менин оюмча, Украина мындай сүйлөшүүлөргө кылдаттык менен мамиле кылат", — деп сөзүн жыйынтыктаган маалымат катчы.
Буга чейин Владимир Зеленскийдин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк чатакты токтотуу боюнча Киевдин шарттарын жарыялаган. Анын айтымында, согуштук аракеттер "орустар Украинадан чыгып, Крымдагы уурдалган үйлөрдү жана батирлерди украиндерге кайтарып, атайын операциянын авторлорун өткөрүп бермейинче" токтобойт.
Зеленский да Россия менен сүйлөшүүлөр тууралуу бир нече жолу айткан, бирок билдирүүлөрү бири-бирине карама-каршы экени маалым. Диалог болушу мүмкүндүгүн жокко чыгарса, бир туруп сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн шарттарды коюп келет. Дипломатиялык байланыштарды коомчулукка жарыялоону талап кылган учуру да бар.
Москва сүйлөшүүлөргө даяр экенин бир нече жолу билдирген. Бирок Киев аларга мыйзам менен тыюу салган. Владимир Зеленский буга чейин G20 жыйынында "Минск-3 болбойт" деген. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков мындай сөздөр Киевдин сүйлөшүүгө даяр эместигин билдирерин айткан.
Россия 2022-жылдын 24-февралынан тарта Украинада атайын операция жүргүзүп келет. РФ президенти Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген. Түпкү максат Донбассты бошотуу жана Россиянын коопсуздугуна кепилдик берген шарттарды түзүү экендигин баса белгилеген.