00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
07:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
50 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Ташиев жаңы Ак үй эмнеге тосулганын түшүндүрүп, элди экскурсияга чакырдыСегиз өлкөнүн педагогдору алгачкы Евразия мугалимдер кеңешин өткөрүштүЭгемендигибизге доо кетпесин! Садыр Жапаров кыргызстандыктарга куттук айттыалдыда кененирээкБүгүн президент Садыр Жапаров баштаган бийлик адамдары Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгына жана өлкөнүн көз карандысыздыгынын 33 жылдыгынын урматына жаңы желек көтөрүлгөн салтанатка катышып, кыргызстандыктарды куттуктады. "Биз эркиндиктин жана өз алдынча өнүгүүнүн баасын-баркын билели, аны аздектеп сактайлы, кийинки муундарга татыктуу өткөрүп берели деген асыл максатта Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүн салтанаттуу белгилөөнүн салтын калыптандырдык. Эң алды баарыңыздарды улуттун улуу күнү – Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Эгемендигибизге эч качан доо кетпесин!" — деди Жапаров.Өлкө башчы кыргыз эли руху күчтүү улуу эл экенин белгилеп, күнкорсуз, өнүгүп-өскөн Кыргызстанды курууга жан үрөп, өмүрүн берген ата-бабалардын ишин улоо ыйык милдет экенине токтолду.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жаңы Ак үйдүн айланасы эмне себептен темир тосмо менен тосулганын түшүндүрүп берди. "Дүйнө жүзүндөгү бардык өлкөлөрдө президенттик имараттар мамлекеттик кайтарууга алынат. Эгер темир тосмо менен курчабасак, анда мен мамлекеттик күзөт кызматына 50-60 кызматкерди кошумча алышым керек экен. Алардын айлык эмгек акысына миллиондогон каражат кетет экен. Бул элдин акчасы. Ошол каражатты үнөмдөш үчүн тегерегин курчап койдук", — деди Ташиев. УКМК төрагасы жаңы Ак үйдү көрүүнү каалагандардын баарын экскурсияга да чакырды."2-сентябрдан баштап каалаган кыргызстандыктар жумуш күндөрү күндүзгү убакта жаңы салынган Ак үйгө келип, экскурсия кылып кетсеңер болот. Бул үчүн атайын сектор ачып, үч кызматкерди даярдап койдум. Алар келген элди кыдыртышат. Сөзсүз түрдө жаныңарда жарандык паспорт же ID картаңар болушу зарыл. Экскурсия бир жаранга бир эле жолу болот. Кайра-кайра кайталанбайт", — деди атайын кызматтын жетекчиси. Эскерте кетсек, курулушуна эки жыл кеткен жаңы Ак үй "Ынтымак — Ордо" деген аталыш алып, кечээ, 30-август күнү, салтанаттуу ачылышы болду.
Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин мугалимдери алгачкы Евразия мугалимдер кеңешин өткөрүштү. Бул тууралуу "Евразия" автономиялуу коммерциялык эмес уюму билдирди. Маалыматка ылайык, педагогикалык кеңештин мүчөлөрү өсүп келе жаткан муунду салттуу адеп-ахлактын негизинде тарбиялоодо мугалимдердин ролун талкуулашты. Кеңеште каралган темалардын катарында тарыхый чындыкты сактоо маселеси да болду. "Батыш пропагандасынын максаты – элге өзүнүн тарыхын, маданиятын унуттуруп, баарын бир жолго салуу. Ал эми биз мектеп окуучуларына салттуу баалуулуктарды үйрөнүү, мекенге болгон сүйүүсүн ойготуу, аларга тарыхый чындыктарды жеткирүү, үй-бүлөлүк салттарды түшүндүрүү менен тарбия берүүнү туура көрөбүз. Өзүбүз ата-бабаларыбыздан кандай жакшы нерселерди үйрөнгөн болсок кийинки муунга өткөрүшүбүз керек" — деп белгилеген "Евразия" автономиялуу коммерциялык эмес уюмунун кеңешинин төрайымы Алена Аршинова.
Жаңылыктар түрмөгү
0