00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
07:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
50 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Бишкек шаарында бүгүн, Эгемендүүлүк күнү, коомдук транспорт саат 02:00гө чейин иштейт. Бул туурасында мэриядан кабарлашты. "Ала-Тоо" аянтында көз карандысыздыктын 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлөт. "Майрамдык иш-чаралар түнкү саат экиге чейин уланат. Мындан улам шаар тургундары жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн коомдук транспорт уюштурулуп, саат 02:00гө чейин жүрөт", — деп билдиришти.Эске салсак, бүгүн Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү белгиленет. Буга байланыштуу борбор калаада чоң программадагы концерт уюштурулуп, жер-жерлерде да салтанаттар өтмөкчү.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгы, Эгемендүүлүк майрамы жана жаңы окуу жылынын башталышынан улам Бишкек милициясы кечээтен тарта күчөтүлгөн режимге өттү. Бул тууралуу ИИМ кабарлады. Маалыматта мындай режим 3-сентябрга чейин улана турганы айтылган. "Милиция 30-августтан тарта 3-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартип режимине өттү. Шаардагы коомдук тартипке 4000 кызматкер көз салат. Ал эми жаңы окуу жылы башталган 2-сентябрь күнү 1000 кызматкер иштейт", — деп айтылат маалыматта. ИИМ элге да кайрылып, майрам күндөрү коомдук тартипти сактоого чакырды. Мас болуп аянтка келүүгө, майрам өтүп жаткан жерге алкоголь ичимдиктерин алып өтүүгө тыюу салынары эскертилди.
Россиянын Ички иштер министрлиги кыргызстандык кесиптештерине белекке автоунааларды, дрон, радиостанцияларды жана башка техника берди. Бул тууралуу РФтин элчилиги билдирди. Салтанатка ички иштер министри Улан Ниязбеков, элчи Сергей Вакунов жана Россия ИИМинин өкүлү Антон Кочетов катышкан."Берилген жабдуулар Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ишин жакшыртып, Кыргызстандын аймагындагы жана евразиялык интеграциялык бирикмелердин чектериндеги коопсуздукту чыңдоого салым кошот деп ишенем", — деди Вакунов. Кыргыз тарап Россиянын негизги стратегиялык өнөктөшү болгон ар тараптуу колдоосун жогору баалай турганын белгиледи. Макулдашууга ылайык, Россиядан 2024-2025-жылдар аралыгында 627 миллион рубль өлчөмүндө акысыз жардам көрсөтүлөт.
24-октябрда Ысык-Көлдө өтчү экинчи улуттук музейлер фестивалына катышуу үчүн кабыл алуу башталганын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. Билдирмеге караганда, бул иш-чара эки жерде, Бостери айылындагы маданият үйүндө жана Өрнөк айылында жайгашкан Курманжан датка атындагы көчмөн цивилизация борборунда уюштурулат."Быйылкы музей фестивалында "Музей мейкиндигинде аялдардын чыгармачылыгын жана окуяларын чагылдыруу" темасы көтөрүлөт. Беш номинациянын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар берилет", — деп жазылат билдирмеде. Иш-чаранын негизги максаты – Кыргызстандын музейлерин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.
Ысык-Көлдүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда 2-сентябрда сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМ бийик тоолорго саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну сунуштайт. "Өзүңүзгө жана жакындарыңыздын коопсуздугуна кам көрүңүз!" — деп айылат маалыматта. Өзгөчө кырдаалдын күбөсү болгондор дароо күнү-түнү акысыз иштеген 112 кызматына кабарлашы керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0