https://sputnik.kg/20230117/kyrgyzstan-kitep-mektep-infografika-1072068560.html
Кыргызстандык окуучуларга канча китеп жетишпейт? Инфографика
Кыргызстандык окуучуларга канча китеп жетишпейт? Инфографика
Sputnik Кыргызстан
Учурда өлкө аймагындагы мектептерде беш миллионго чукул китеп жетишсиз. Sputnik Кыргызстан агенттиги кайсы облустун жалпы билим берүү уюмдары көбүрөөк жаңы... 17.01.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-01-17T13:00+0600
2023-01-17T13:00+0600
2023-01-17T13:00+0600
инфографика
кыргызстан
билим берүү
мектеп
китеп
https://sputnik.kg/img/07e7/01/10/1072067831_0:263:1200:938_1920x0_80_0_0_41dfc3ca8593da5033e18707a846fc18.png
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык мектептерде 12 миллион 63 миң 121 окуу китеби бар. Ал эми 4 миллион 724 миң 187 китеп жетишпейт. Мындайча айтканда, мектеп окуучуларынын дээрлик 30 пайызында китеп тартыш. Кыргызстанда азыр 2 353 мектеп болсо, анда 1 миллион 318 миң 465 бала билим алат. Демек, ар бир үчүнчү окуучуда китеп көйгөйү бар. Ал эми Бишкек шаары менен Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында башка аймактарга салыштырмалуу китеп жетишпестиги боюнча маселе курч турат. Эске сала кетсек, өткөн жылы мектептеги китепкана фондуларын жаңылоого, толуктоого республикалык бюджеттен 152 миллион сомдой акча бөлүнгөн. Бирок ал каражат азыркыга чейин толук өздөштүрүлө элек.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/01/10/1072067831_0:150:1200:1050_1920x0_80_0_0_d074a652c04da6d3b26c98387a3bf073.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
инфографика, кыргызстан, билим берүү, мектеп, китеп, инфографика
инфографика, кыргызстан, билим берүү, мектеп, китеп, инфографика
Кыргызстандык окуучуларга канча китеп жетишпейт? Инфографика
Учурда өлкө аймагындагы мектептерде беш миллионго чукул китеп жетишсиз. Sputnik Кыргызстан агенттиги кайсы облустун жалпы билим берүү уюмдары көбүрөөк жаңы китептерге муктаж экендигине кызыгып көрдү.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык мектептерде 12 миллион 63 миң 121 окуу китеби бар. Ал эми 4 миллион 724 миң 187 китеп жетишпейт. Мындайча айтканда, мектеп окуучуларынын дээрлик 30 пайызында китеп тартыш.
Кыргызстанда азыр 2 353 мектеп болсо, анда 1 миллион 318 миң 465 бала билим алат. Демек, ар бир үчүнчү окуучуда китеп көйгөйү бар.
Ал эми Бишкек шаары менен Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында башка аймактарга салыштырмалуу китеп жетишпестиги боюнча маселе курч турат.
Эске сала кетсек, өткөн жылы мектептеги китепкана фондуларын жаңылоого, толуктоого республикалык бюджеттен 152 миллион сомдой акча бөлүнгөн. Бирок ал каражат азыркыга чейин толук өздөштүрүлө элек.