Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Ысырап мамиле... Украинада адам ресурсу азайып баратабы?

© AFP / STIAN LYSBERG SOLUMНАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг
НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2023
Жазылуу
НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг апта ортосунда Украинага аскердик жардамды күчөтүү маанилүү экенин билдирди.
Буга эки жагдайды белгилөөгө болот. Биринчиден, россиялык аскерлер Соледарды бошоткон маал, экинчиден, Түндүк атлантикалык альянстын башкы катчысы бул сөзүн Европа комиссиясы менен биргеликтеги жыйынын утурлай сүйлөгөнүн белгилейт Ирина Алкснис. Серепчинин кезектеги макаласы да РИА Новости сайтына жарыяланган.
Андан бир күн мурун, тагыраак, шейшембиде НАТО жетекчилиги жана Европа биримдиги кызматташтык жөнүндөгү декларацияга кол койду. Европанын атынан Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель жана Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен кол койду. Фронттогу окуяларды эске алсак, Батыштын тактикасына да, стратегиясына да бир катар суроолор туулат.
Соледар менен Артемовскинин (Киев шаардын мурдагы Бахмут аталышын колдонот) аскерий мааниси туурасында эксперттер жана расмий өкүлдөрдүн пикирлери шайкеш эмес. Бир даары Солердардын бошотулушу менен Украина Куралдуу күчтөрүнүн орчундуу коргоо чийини бузулганын, бул Донецк эл республикасынын территориясын куткаруу ишиндеги кырдаалды кыйла өзгөртөрүн айтууда. Башкалары бул окуяны ашкере көкөлөтүүнүн кажети жоктугун, бул болгону жергиликтүү жеңиш гана экенин белгилөөдө. Кай бири аталган калктуу конуштардын өзгөчө мааниси деле жоктой түр көрсөтөт.
Маселен, Владимир Зеленский Соледарга жасалган россиялык чабуулду "акылга сыйбас" аракет катары баалап: "Россия ал жактан эмнеге ээ болгусу келди? Баары талкаланып, дээрлик эч нерсе калган эмес", – деди. Анда эмне үчүн Украина Куралдуу күчтөрү Соледарда ошончо жоокеринен ажырады? Анткени байкоочулар украиналык жоготуулар жаатында бирдей пикирде. Жоготуу өтө чоң экенин баары бир ооздон айтып жатышат. Канча аптадан бери украиналык резервди улам тозок отуна жөнөтүп келишкен. Мында кеп жеке курамдын тагдырын чечкен тараптардын кайдыгерлигинде гана эмес деген шек туулат.
Согуш — ого эле кымбат иш. Аны жүргүзүү үчүн ар кыл жана кенен-кесир, атап айтканда, каржылык, адам, өнөр жай, энергетикалык жана башка ресурстар зарыл. Соңку он жылдыктарда Батыш аскердик кампанияларда үстөмдүк кылууга кынык алган. Бул кезегинде өз мүмкүнчүлүктөрү чексиз экенине өзүн ынандырган.
Дал ошол себептен Россияга каршы болушунча түз жана одоно кысым көрсөтүүнү тандап алышкан. Батыш өзүнүн башкы душманы деп белгилеген өлкөлөргө каршы дал ушундай жол менен күрөшүп көнүп алган. Эгер кас тарап тез эле тизе бүгүп берсе, мындай ыкма майнаптуудур. Бирок соккуларга туруштук берип, операция создугуп кете турган болсо ысырапкорчулукка жол берилип, ресурстар курулай чачылат.
Россиянын Украинадагы жоокелери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Соледардагы курчоо, Артемовскини бошотуу. Атайын операциянын жүрүшүнөн баян
Кыйыр кесепеттери да ашкере чыгымга кептейт. Дээрлик бир жылдай мезгилден бери Украинага акча, курал жана ар кандай жардам агылат. Ал тургай улам көбөйтүлүп да келет. Бирок экинчи жагынан бул түбү жок чуңкур сымал, дегеле майнапсыз аракет экени тууралуу ойлор таасирдүү батыш булактарынан да жаңырчу болду.
Курал кампалары улам бошоп, ал эми алардын ордун толуктоо, өндүрүштү калыптандыруу өңдүү иштер эле бир топ жылды алары бышык. Барган сайын Украинага ары оор, ары кымбат курал тутумдары талап кылынууда. Ошону менен бирге эле аларды пайдалануу үчүн да жогорку квалификациялуу экипаж зарыл.
Акча басуучу станок, албетте, Кошмо Штаттар жана Европанын Киевге кезектеги миллиарддарды бөлүү процессин бир топ жеңилдетет. Бирок 2022-жылы Батыш ички инфляцияны эптей албай түйшүктөндү. Мындай абал быйыл жеңилдей түшөрү күмөн.
Бирок бул темалар Батыштын маалымат айдыңында баалуу ресурстарды сарптоодо этият болуу туурасында кандайдыр эскертүү катары жаңырса да, адамдык ресурстун таңсыктыгы жаралганын түшүнгүлөрү да жок. Батыш эң акыркы украиналык калганча согушуу ниетин жашырбай деле калды.
Соледардагы салгылаш адамдык ресурс коромжу болуп жатканын дагы бир ирет айгинелеп койду. Батыш тараптан эмнеге мындай мамиле жасалганы да түшүнүктүү. Украина – калкынын саны көп өлкө. Дүйнөлүк банктын эсебине ылайык, 2021-жылы элинин саны дээрлик 44 миллионго чыккан. Ал эми классикалык аскер методикасы боюнча толук масштабдуу согуштук аракеттерде мамлекеттин мобилизациялык дарамети калктын 10-20 пайызы менен бааланат.
Россиялык аскердик эксперттер Украинадагы көп жылдан берки жагымсыз демографиялык процесстерден улам (ал жакта эбак 40 миллион эл жок) өлкөнүн реалдуу мобилизациялык потенциалы эки миллиондон ашары арсар жана ал да түгөнүп баратканын белгилешет. Бул жагдайды адам ресурстары чындап эле азайып, Украинада согушууга чет өлкөлүк жалданма жоокерлердин көп тартылышы да кыйыр түрдө тастыктайт.
Соледарда Украина Куралдуу күчтөрүнүн жоготуулары эң баалуу жана жакын арада таңсыктыгы жарала турган адам ресурсун ысырап кылып жатышканын даана ачыктап койду. Бирок бул Батыш Россия менен күрөштө да бардык ресурсу түк түгөнбөй тургандай аракет этет. Анткен менен былтыркы жыл мындай көз караш жаңылыштык экенин көрсөттү. Ал эми Россия али олуттуу кирише элек эмеспи...
БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Россиянын уюмдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Небензя: Батыш Украинадагы абалды жөнгө салууну башынан эле көздөгөн эмес
Жаңылыктар түрмөгү
0