Аялдардын тукумсуздугуна психологиялык абалы да, генетика да таасир этет. Маек

© Фото / Pexels / Isabella MendesУЗИ процедурасынан өтүп жаткан аял. Иллюстративдик сүрөт
УЗИ процедурасынан өтүп жаткан аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2023
Жазылуу
Соңку кезде айымдар арасында тукумсуздук көбөйүп, барган сайын жашарып жатканы маалым. Спорт менен туура алектенүү аялдардын репродуктивдүү жаш курагына оң таасир берет.
Sputnik Кыргызстан редакциясында конокто акушер-гинеколог Гүлзат Кабылова болду. Биз аялдардагы тукумсуздуктун келип чыгуу себептери жана дарылоо ыкмалары тууралуу сүйлөштүк.
— Акыркы кезде аялдар арасында тукумсуздук чындап эле мурункуга салыштырмалуу көбөйүп жатабы же мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейгендигинен келип чыгуудабы?
— Медицина бир жерде турган жок. Көптөгөн жаңы ыкмалар пайда болуп жатат. Көп ооруларды, ошол эле тукумсуздукту алсак, медицинанын күчү жетпей же чоң операцияларды жасай турган болсок жардамдашуучу технологиялар, жаңы ыкмалар иштетилүүдө. Дартты аныктоо да жакшырды. Ошол себептен да бир катар оорулар байкалып жатат. Тукумсуздуктун себептери көп, жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар же генетикалык оорулар болушу мүмкүн. Ошондой эле сезгенүүдөн пайда болгон спайкалар, түтүк тукумсуздугу деген түшүнүк бар. Жатында жана жатын түтүкчөсүндө спайкалардын пайда болушу тукумсуздукка алып келет. Балалуу болуу жагы эркектин ден соолугунан да көз каранды. Азыркы учурда бойго бүтүрүүнүн жаңы методикалары арбын.
© Sputnik / Асел АкматАкушер-гинеколог Гүлзат Кабылова
Акушер гинеколог Гульзат Кабылова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2023
Акушер-гинеколог Гүлзат Кабылова
— Буга генетикалык жана башка оорулардан тышкары адамдын жашоо образы да таасир этерин айтышат. Алар кайсы сырткы факторлор?
— Аялдын ден соолугу үй-бүлөдөгү атмосферадан да көз каранды. Экинчиден, туура эмес тамактануу, экология да кээ бир ооруларды шарттайт. Ошол себептен ар бир өспүрүм кыздын ден соолугу улуттун эртеңин чечет.
— Тилекке каршы, аялдар арасында толуп кетүү көйгөйү чыкты. "Арыктасаң, же тескерисинче, кичине толсоң боюңа бүтөт" деген пикирлер айтылат. Чынында аялдардын салмагы таасир береби?
— Ооба, берет. Себеби толук аялдардын тери астындагы майында эстроген болот, башкача айтканда, бойго бүтүүгө тоскоолдук жараткан гормондор нормадан көп жыйналып калат. Азыр жашоо образыбызга жараша компьютерде отурабыз, смартфонго алаксыйбыз. Кыскасы, кыймылдын жогунан тез толуп кетип жатышат. Бул аялдын эне болушуна кедергисин тийгизет.
— Азыр социалдык тармакта аялдын организмин узакка чейин калыбында сактоо же балалуу болуу мүмкүнчүлүгүн узартуу үчүн йога, бийдин түрлөрү өңдүү жарнамаларды көп көрөбүз. Спорт менен ушул максатта машыгууга болобу же бул куру сөзбү?
— Кыймыл — бул жашоо. Адам кыймылдап турса организмге туз уюбай булчуңдар ийкемдүү болот. Кан тамырлар жакшы иштеп, ошону менен бирге эле жатын жайгашкан жерде да кан айлануу жакшырат. Бул үчүн аялдарга спорттун керилип-чоюлууну талап кылган түрлөрү ыңгайлуу. Мисалы, азыр интим гимнастика деп өзүнчө басым коюп жасап жатышат, демек, кыз-келиндер түшүнө баштады. Йога, бий сыяктуу күчтү талап кылбаган спорттун түрлөрү аялдардын саламаттыгына оң таасирин тийгизип, анын репродуктивдүү курагын узартат. Бул жерде туура машыгуу маанилүү. Спорт менен туура машыгуу аялдардын репродуктивдүү жаш курагына оң таасир берет. Ошетсе да аялдардын репродуктивдик курагынын узун-кыскалыгы биринчи кезекте генетикасы менен байланыштуу болот.
Кабылова: интим гимнастика аялдын репродуктивдик курагын узартат
— Канча убакыт ичинде бойго бүтпөсө тукумсуздуктун белгиси катары бүтүм чыгарууга болот?
— Аял киши бир жыл байма-бай жыныстык катнашта болуп сактануучу каражаттарын колдонбосо да боюна бүтпөсө, анда бул тукумсуздук болуп эсептелет.
—Тукумсуздукту жыныстык катнашка даяр боло элек куракта аныктоого болобу?
— Жок, болбойт.
— Аялдардын гормондорун көбөйтүүчү каражат катары биоактивдүү кошулмаларды (БАК) сунуштагандарды угуп калабыз. Өзү билемдик менен муну колдонуу канчалык кооптуу же коопсуз?
— Гормон — бул олуттуу маселе. Аялдар жарнамага бат азгырылат. Негизи көйгөй жаралса түз эле дарыгерге кайрылган оң. Анткени тукумсуздуктун себептери көп. Айрымдардын дартына БАКтар дабаа болуп калышы мүмкүн. Бирок баарына эле жардам бере бербейт. Организмге кайсы витамин жетишпей жатканын аныктап, дарынын дозасын тактап, анан алуу керек. БАКтарды сатып алган соң кеңеш сураганы келген да аялдар болот. Жарнаманын баарына эле азгырыла берүү жарабайт. БАКтардын бирине жардам берип, экинчисине таасирин тийгизбегенинин себептери көп. Бирок айрым учурда "дартыбыз окшош эле, бирок тиги ичкен биоактивдүү зат мага жардам берген жок" дешет. Анткени БАКтарда профилактикалык эле өлчөмдөгү витаминдер кошулат. Ал эми аялдардын организми ар түрдүү. Бирөөсүнө ал витамин аз гана жетишсиз болсо, башкасында жетишсиздик олуттуу болушу ыктымал. Мындай учурда профилактикалык дозадагы БАК жетишсиз болуп калат да, таасирин сезбейт. Андыктан текшерүүдөн өтүп, эмне жетишсиздигин аныктап, дарыгерлер менен кеңешип, андан соң гана БАКтарды сатып алган дурус.
— Аялдардын психологиялык абалы тукумсуздукка канчалык таасир этет?
— Психологиялык абал өзгөчө роль ойнойт. Турмушка чыккандан жарым жыл өтүп эле көбүнчө аялдар "эмнеге боюма бүтпөй жатат" деп санаа чегип башташат. Аялдын жумуртка клеткасы бир айда бир жолу эле жарылып чыгат. Ал да 24 саатка кармалат. Психологиялык жактан өзүлөрүн алаксытышы керек. Айрымдар балалуу болгусу келбей же даяр эмес экенин сезет. Кээ бирлер кичинекей баланы көргөндө эзилип турат. Мунун баары эле психологиялык жактан таасир бере берет. Себеби адамдын бардык органы биригип, бир бүтүндүктү түзөт. Башкача айтканда, бири-бири менен тыгыз байланышта. Балалуу боло албай жүрүп бала багып алса эле кош бойлуу болуп калгандарды жашоодо көп көрүп жүрөбүз. Же бирөө катуу намыстантып койсо кош бойлуу болуп калган учурларын айтышат. Бул жерде эч кандай сыр жок. Болгону психология, тынчсыздануу да көп нерсени чечет. Гормоналдык бузулуудан улам да наристе жытына зар болгондор кездешет.
Бейтаптын жанында отурган дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2022
Боорун май баскан адам кенебей жүрө берип инфаркт, инсультка кабылат. Маек
— Жаш курактагы тукумсуздук менен 35 жаштан кийинки тукумсуздуктун айырмасы барбы?
— Кыздын жумуртка клеткасынын саны апасынын ичинде жаткан түйүлдүк кезинде эле аныкталат. Мисалы, төрөй албай жаткан жаш келиндин жумуртка клеткасы жарабай же ысырапка учурап калышы мүмкүн. Ал эми жаш өткөн сайын аялдын жумуртка клеткасы улам азайып жүрүп балалуу болуу мүмкүнчүлүктөрү төмөндөп тотурат. Ошол себептен 35 жаштан кийин бойго бүтүрүү бир аз кыйындык туудуруп же тукумсуздукка кабылуу ыктымалдуулугу жогору. Мурда төрөгөн аялдар деле тукумсуздукка кабылып калат. Ушундан улам экөө эки башка ыкма менен дарыланат.
— Аялдардын кайсы жаш куракка чейин түйүлдүк көтөрүү мүмкүнчүлүгү бар?
— Репродуктивдик жаш куракта, ошол эле айызы келип жаткан учурда бардыгынын эне болуу мүмкүнчүлүгү бар. Айыздык циклдин башталышы да, токтошу да ар бир аялда ар кандай болот. Азыр бизде жаңы репродуктивдик ыкмалар абдан көп. Балалуу боло албаган жубайларга донордук, карын эне ыкмаларын колдонуп наристе жытын жыттоого толук мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.
Репродуктивдүү жаш курактын узарганы да байкалат. Мурдагы 45 жаштагы аялга салыштырмалуу азыркылар биологиялык жактан жашарды. Спорт менен машыгып, туура тамактанган аялдар өз курагынан алда канча айырмаланат. Жаш келиндерге айтарым, баарын өз убагында кылган жакшы. Эгер мүмкүнчүлүгү болсо, каражаты жетишсе эмне үчүн жаш чагында төрөп алууга болбосун. Жаратылыш өзүнүкүн алат дегендей, кеч кош бойлуулуктун да түйшүгү бар. Мисалы, япон, корей элинин кыз-келиндери туура тамактангандыктан репродуктивдик мүмкүнчүлүгү узак болорун айтабыз. Бул жерде генетика да чоң роль ойнойт.
— Айрымдар бир-эки балалуу болгондон кийин эле төрөй албай калганын айтышат...
— Андай болот. Айрымдардын биринчи баласы өлүү бойдон түшүп калат да, андан кийин төрөй албай калат. Мунун ар кандай себептерин аныктап дарылагандан кийин эле төрөө мүмкүнчүлүгү калыбына келет. Көп аялдар балдары чоңоюп калганда эле доктурга барбай коюшат. Ал туура эмес. Жок дегенде бир жылда бир жолу УЗИге түшүп, гинекологдун кабыл алуусунда болуу керек.
Улгайган аял кийим дүкөнүндө. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Картаюунун 30%ы табияттан, калганы адамдын өзүнөн болот. Эндокринологдун маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0