Картаюунун 30%ы табияттан, калганы адамдын өзүнөн болот. Эндокринологдун маеги

© Фото / Pexels / cottonbro studioУлгайган аял кийим дүкөнүндө. Иллюстративдик сүрөт
Улгайган аял кийим дүкөнүндө. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Жазылуу
Аял үчүн балалуу болуу жана сырткы келбетин жакшы сактоо абдан маанилүү. Бул үчүн организмдеги гормондордун мааниси өтө чоң. Адамда алтымышка жакын гормон бар, алар сулуулукту жана чың ден соолукту камсыздайт.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде мейманда эндокринолог-гинеколог Альбина Актанбекова болду. Адис менен картаюуну жайлатуу үчүн аялдарга кайсы гормондор маанилүү экендиги туурасында кеп кылдык.
— Тез картайып кетпеш үчүн аялдарга кайсы гормондор маанилүү?
— Аялдарга таандык гормондордун ичинен маанилүүсү — эстроген. Мунун клеткалардын жаңырышына, беттин терисинин түзүлүшүнө, абалына, адамдын көңүлүнүн көтөрүлүшүнө таасири чоң. Ал эми жалпысынан алганда гормондор сырткы келбетке, сулуулукка жана ден соолукка өзүнүн пайдасын тийгизет.
Беттин терисинде коллаген деп аталган улам пайда болуп туруучу клеткалар болот. Ал бет теринин тегиз болуп шалбырабай турушун камсыздап турат. 35-40 жаштан кийин аялдарда бул гормон азаят. Ошол убакта организминде картаюу процесси башталат.
Соматропин — өсүү гормону. Ал улгаюуну жайлатып, сөөктүн бекемдигине да таасир этет. Жаш өткөн сайын сөөк да картаят эмеспи. Ошонун баарын соматропин бир калыпта кармап турат.
Мелатонинди уйку гормону деп да аташат. Уйкунун канбаганы ден соолукка өтө зыян. Ошол себептен кечки саат 22:30дан калбай жатып, жети сааттан кем эмес уктоо эрежесин сактоо кажет. Бирок учурда аялдар үчүн мындай эреже менен жашоо бир аз оор.
Картизол гормону аялдардын эмоционалдык фону үчүн жооп берет. Толуп кетүүсүнө тоскоол болуп, картаюу процессин жайлатат. Негизи гормондор абдан көп. Ар биринин мааниси чоң. Мунун баары чогулуп, эндокриндик системага, организмдеги бездердин иштешине чоң жардам берет.
© Фото / предоставлено Альбиной АктанбековойАльбина Актанбекова: аял кишинин гормондорунда бузулуу процесси башталганы өзү эле байкалат. Өзгөчө ошол учурда сырткы келбетке, ден соолукка өтө көңүл буруу зарыл
Эндокринолог-гинеколог Альбина Актанбекова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Альбина Актанбекова: аял кишинин гормондорунда бузулуу процесси башталганы өзү эле байкалат. Өзгөчө ошол учурда сырткы келбетке, ден соолукка өтө көңүл буруу зарыл
— Жалпак тил менен айтканда, адам гормон тууралуу эмнелерди билиши керек?
— Аял кишинин гормондорунда бузулуу процесси башталганы өзү эле байкалат. Өзгөчө ошол учурда сырткы келбетке, ден соолукка өтө көңүл буруу зарыл. Ар кандай тышкы белгилер болот. Мисалы, маанайы тез-тез чөгүп, тырмактар өзгөрөт, кан басымы "ойноп", этек кир цикли бузулат, денесине ашыкча түктөр өсүп, өзгөчө жаш кыздардын бетине безетки чыгат. Гормоналдык бузулуу тукумсуздуктун негизги себептеринин бири. Бизге ушул маселе боюнча абдан көп кайрылышат.
— Гормоналдык бузулуу айыз циклине кандайча таасирин тийгизет?
— Азыр диета да абдан залакасын тийгизип жатат. Анткени көптөрү ар кандай таблеткаларды ичип, туура эмес диеталарды кармап, абдан арыктап да кетишет. Бул да гормоналдык бузулууга алып келет да, ал түздөн-түз этек кирдин бузулушун шарттайт.
Организмде гормондордун кээ бирлери көтөрүлүп, айрымдары түшүп кетет. Мисалы, көбөйүп кетсе тукумсуздукка алып келүүчү пролактин мээдеги гипофизден бөлүнүп чыгат. Калкан безинин гормондору денедеги дээрлик бардык зат алмашуу процессине катышат. Мунун бардыгы эндокриндик системага кирет. Ошол себептен бир органдын функциясы бузулганда башка органга да таасирин берет. Булар бири-бири менен абдан байланыштуу.
© Фото / предоставлено Альбиной АктанбековойАльбина Актанбекова: эрте картаюу аялдардын өзүнө жараша болот. Ар бири өзүн аяп, картаюуга тоскоол болчу аракеттерди кылышы керек. Азыркы убакта ар кандай кремдер, процедуралар бар. Витаминдерди ичүү да жардам берет
Эндокринолог-гинеколог Альбина Актанбекова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Альбина Актанбекова: эрте картаюу аялдардын өзүнө жараша болот. Ар бири өзүн аяп, картаюуга тоскоол болчу аракеттерди кылышы керек. Азыркы убакта ар кандай кремдер, процедуралар бар. Витаминдерди ичүү да жардам берет
— Ал гормондор эмне себептен көбөйүп кетет?
— Пролактин — сезимтал гормон. Эгер адам стресс болсо абдан көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Буга жашоо образы, тамактануу да таасир берет. Азыр химикаттар көп. Ошондой эле баш мээдеги гипофизде киста, шишик пайда болгон убакта да пролактин көтөрүлүп кетет. Мында бейтаптарды кошумча текшерүүгө жөнөтөбүз. Баш мээни тартып МРТден же рентгенден өткөрөбүз. Тилекке каршы, айрым аялдар кенебей жүрө беришет.
— Аз кыймыл да таасир этсе керек?
— Ооба, анткени туура эмес тамактануу, кыймылдын аздыгы жана гормоналдык бузулуу болгондо адам салмак кошот. Ал дагы организмге зыян. Андай аялдарга арыктоону сунуштайбыз. Негизинен эстроген гормону азайганда тез толо баштайт. Эстроген аялдардагы сулуулукка жана ден соолукка жооп берүүчү гормондордун бири. Кан тамырлардын ишин, чачтын өсүшүн, теридеги нымдуулукту сактоого жардам берет. Аны жашылча-жемиш, соя азыктарынын эсебинен толуктоого болот.
Негизи адамдын организминде 60тан ашык гормон бар. Алар аялдардыкы жана эркектердики деп бөлүнөт. Кыз-келиндерди гинеколог-эндокринолог, ал эми эркектерди уролог-андролог карайт.
© Sputnik / Асел АкматАльбина Актанбекова: туура эмес тамактануу, кыймылдын аздыгы жана гормоналдык бузулуу болгондо адам салмак кошот. Ал дагы организмге зыян
Эндокринолог-гинеколог Альбина Актанбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Альбина Актанбекова: туура эмес тамактануу, кыймылдын аздыгы жана гормоналдык бузулуу болгондо адам салмак кошот. Ал дагы организмге зыян
— Теринин бат кургап, эрте картайып кетишине эмне түрткү берет?
— Беттин териси майлуу, кургак жана орточо кургактыкта болуп бөлүнөт. Картаюу — табигый процесс. Аны алдай албайсың. Жаш өткөн сайын баары бир гормондун иштелип чыгуусу азайып, коллагендик жипчелерге таасир берет. Бул беттин терисин да өзгөртөт. Эрте картаюу аялдардын өзүнө жараша болот. Ар бири өзүн аяп, картаюуга тоскоол болчу аракеттерди кылышы керек. Азыркы убакта ар кандай кремдер, процедуралар бар. Негизи картаюунун 30 пайызы табияттан, ал эми 70 пайызы адамдын өзүнөн деп айтылат. 35-40 жаштан кийин организмде ар кандай өзгөрүүлөр болот. Бул физиология, норма. Ар кандай витаминдерди ичүү да жардам берет.
— Сиздерге көбүнчө кайсы көйгөй менен көп кайрылышат?
— Тукумсуздук, анан гормоналдык бузулуудан жабыркагандар көп келет. Азыр жаш кыздар гормоналдык көйгөй менен келип жатат. Толуп кеткендери да абдан көп. Мунун так себеби эмнеде болуп жатканын билбейбиз, бирок жашоо образынан жана туура эмес тамактануудан болсо керек деген божомол бар. Ал эми аялдар климакска байланыштуу келишет. Бул учурда этек кири токтоп, өздөрүн жаман сезет. Аялдар негизи өзүлөрүн жакшы көрүп, кам көрүшсө дейт элем.
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2022
Мите курттар адамдын канын азайтып, алсыратат. Адистин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0