Артур Медетбеков: быйыл деле локалдык кагылыштар чыкпайт деген кепилдик жок

© Sputnik / Табылды КадырбековКоомдук, саясий жана мамлекеттик ишмер, коопсуздук жаатындагы эксперт Артур Медетбеков. Архив
Коомдук, саясий жана мамлекеттик ишмер, коопсуздук жаатындагы эксперт Артур Медетбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2023
Жазылуу
Өтүп кеткен 2022-жыл абдан татаал болду. Дүйнөдө көп өзгөрүүлөр жүрүп, адамзат эртең эмне болорун так болжой албай турган учурга да кептелди. Эми 2023-жылы кандай болору баарыбызга кызык, божомолдор да айтылууда.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде мейманда коомдук, саясий жана мамлекеттик ишмер, коопсуздук жаатындагы эксперт Артур Медетбеков болду.
— Дүйнөлүк саясатта курч өзгөрүүлөргө толгон өткөн жылды кандай сүрөттөөгө болот?
— Былтыр дүйнөлүк саясатта кескин өзгөрүүлөр болду. Алардын эң орчундуусу — Россия менен Украина тиреши. Ал Россия жана Батыштын ортосундагы мамилени курчутуп, жагдай жалпы дүйнөлүк коопсуздук, экономикалык, саясий жана энергетикалык кризиске кептеди. Мунун баары Россиянын өнөктөшү делген өлкөлөргө дагы таасирин тийгизип жатат. Алсак, Азербайжан менен Армениянын ортосунда куралдуу кагылыш болду. Ошол эле учурда тажик аскерлери Кыргызстандын аймагына кирип кол салды. Мына ушул жагдайлар аскердик чыңалууга кептеп, Борбор Азия өлкөлөрү куралданууга өтүүдө. Тажикстан, Өзбекстан, Казакстанда учкучсуз дрондорду чыгаруучу заводдор курулууда. Тажик бийлигинин Афганстандагы абалга аралашуусуна талибдер нааразы. Бийликке келген талибдерден Афганстандан жоголуп же уурдалып кеткен учуучу аппараттарды кайтарууну суранышты. Панджер аймагындагы Ахмад Шах баштаган афган тажиктерине Тажикстандын ок-дары, медицина жагынан жардам берүүсүнө талибдер катуу эскертүү беришкен. Мына ушул жана башка жагдайларды эске алуу менен Борбор Азияда локалдык тирештер чыкпайт деген кепилдик жок. Буга дүйнөлүк жана аймактык саясаттын таасири тийип жаткан болушу ыктымал. Ошондуктан кыргыз-тажик чек арасын тынчтык жолу менен тактоо зарыл. Коңшу Өзбекстанга да Афганстанда уурдалган аскер техникасы боюнча эскертүү берилип, чек арасына ракеталар келип түшкөн. Бирок өзбек тарап соода-сатык мамилени жөндөөгө аракет кылууда. ТАПИ (Түркмөнстандан Афганстанга, Пакистанга жана Индияны көздөй курулуп жаткан 1735 чакырым магистралдык газ кууру боюнча долбоор) долбоору да ишке ашканы турат. Анын Түркмөнстанга кандайдыр бир деңгээлде залалы тийбейт деп кепилдик бере албайбыз. Анткени Түркмөнстан, Афганстан, Пакистан, Индия аркылуу өтүүчү газ түтүкчөсү бар. Афганстан анын баары айыл-кыштактарынан жана орчундуу жерлеринен өтө турган болсо көзөмөл объектилерин куруп, акча ала тургандыгын эскертүүдө.
Ошол эле учурда Россия менен Украинанын согушун көрүп Кытай мамлекети да коммунисттик партиянын акыркы съездинде "Тайванды алышыбыз керек, ал биздин аймакка кирет. Ким каршы чыкса чечкиндүү түрдө согуш жарыялайбыз" деп жатат. Кытай Тайвань менен чектеш аймакта машыгууларды өткөрүп, аскердик бюджетине көп акча жумшады. Мындан улам 2023-жылы да чакан локалдык кагылыштар, жаңжалдар чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт.
— Сиз айткан маселелерге четинен кайрылсак. Ошол эле Россия — Украина же Россия менен Батыштын согушу кандайча чечилиши керек? Түркия да ортомчу болуп берүүнү айтты, бирок майнап чыкпай жатат...
— Өткөн жылы Америка менен Россиянын атайын кызматынын жетекчилери Түркияда кездешип, ал жерде көптөгөн жашыруун маселелер айтылды. Батыш өлкөлөрү бардык жагынан согушка колдоо көрсөтүп жатканы белгилүү. Бирок январдын ортосу, февраль, март айларында Украинада абдан суук болуп энергетикалык кризис күчөп турган убак. Ошондуктан кандайдыр бир келишимге келип согушту убактылуу токтотушу мүмкүн. Буга Россия биринчи кезекте кызыкдар. Украина ага аргасыздан барышы мүмкүн. Бир жылдан бери согушка экономикалык, адамзаттык ресурс көп кетип жатат. Бир чети батыш өлкөлөрү "согуша бергиле, биз жардам беребиз" деп Украинаны чоң карызга батырып, анын арты менен Россияны алсыратуу максатында атышууну токтотпой коюшу да ыктымал. Бирок мунун таасири бизге да тиет.
Акыркы кезде Украина менен Ирандын ортосунда карама-каршы пикирлер пайда болуп, бири-бири менен катуу айтышып калышты. Бул да жакшылыктын жышааны эмес. Ошону менен катар Европада Сербия менен Косовонун ортосундагы аскердик чыңалуу жана жоокерлеринин чек арага жакындашы согуш отун тутандырып жибере жаздады. Бул Европада кооптуулук жаратып, дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө кризис алып келмек.
— Эми Кытай — Америка тиреши тууралуу эмне дейбиз? Америка Тайванды мурда Кытайдын аймагы деп тааныган. Бирок Кытайдын каршы болгонуна карабай белдүү саясатчылары Тайванга барып, бул кадамын демократиялык багыттагы аракет деп сыпаттаса, Кытай чагымчылык катары баалады...
— Биринчиден, Тайвандагы фирма, бизнестин 40-50 пайызынын башчылары батыш өлкөлөрүнүн жарандары. Экинчиден, микрочип өңдүү заттардын көбү Тайвандан чыгат. Албетте, бул жерде АКШнын экономикалык, коопсуздук, аскердик кызыкчылыктары бар. Чыгарылган чиптер коопсуздук тармагында көп колдонулат. Кытай менен акыркы убакта болгон окуяны алар демократиялык процесстин негизинде карап, АКШнын кээ бир саясатчылары кенебестик менен өз кызыкчылыгын биринчи орунга коюп келет. Түбүндө Кытайдын реакциясын билүү жана алардын даярдыгы канчалык деңгээлде экенин көрсөтүү максаты бар экени көрүнүп калды. Тайвань Кытайдыкы экенин көп өлкөлөр таанып жатышат. Бирок ага карабай Америка Кытайды алсыратуу үчүн чыр чыгарууга кызыкдар экенин далилдеди.
Саясий жана коомдук ишмер Токон Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2022
Токон Мамытов: Борбор Азияда от тутанса жалыны Россия менен Кытайды да каптайт
— Россия менен Украинанын тиреши, Кытайда Тайвань маселесинин көтөрүлүшү жана Япониянын жакында коопсуздук күчтөрүн чыңдай турганын билдириши дүйнөдө таасир талашуу жүрүп жатканынан кабар бербейби?
— Акыркы согуштук аракеттер АКШны бир аз чочутуп койду. Ошол себептен ал НАТОго кирген мамлекеттерди Украинага жардам берүүгө үгүттөп жатат. Кытайдын Россияга колдоо көрсөтүшү да алардын пикиринин өзгөрүшүнө түрткү берди. Экинчиден, 1999-2000-жылдары Югославияны талкалаганда Кытай элчилигиндеги 20дай киши Американын авиасоккусунан каза болгон. Ошондон кийин булардын ортосунда жарака кеткен. Үчүнчүдөн, Кытай менен Россиянын дүйнөлүк процессте алдыга чыга башташы, андан тышкары, бир нече экономикалык уюмдарды түзүп, террорчулук менен күрөшүү уюму кеңейип, ага Индия менен Пакистандын кошулушу Американы кайдыгер калтырган жок. Муну менен бирге АКШнын Афганстанда көп сандаган курал-жаракты калтырып кетиши жөн жерден эмес. Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) жана Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) кирген мамлекеттерге кандайдыр бир деңгээлде коркунуч келтире алат деген максат болгон. Алар талибдердин лидерин түрмөдөн алып чыгып, Катарда бир-эки жыл жашатып анан бийликти алып берип качып кетишти. Бул жерде атайын уюшулган чоң геосаясат жатат. Ошону менен бирге алардын жасаган иш-аракеттери да кооптоно турган жагдайды шарттоодо. Тажикстанга былтыр эле 50 миллион доллардан ашык грант берип, тажик менен афгандын аскердик бөлүктөрү чогуу кандайдыр бир машыгууну өткөрүшү ойлондурат. Мунун бардыгы келечекке тынчсызданууну, талаш-тартышты жаратып жатат. Европада болгон жаңжалдар Азияда болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт да. Азыр Афганстандын үч чоң провинциясында афгандык тажиктер менен афгандык пуштундар согушуп жатат. Себеби келечекте экөө эки башка мамлекет болушу керек же болбосо афгандык тажиктер бийликтин 40 пайызын ээлеши керек деген талап бар. Буга талибдер макул эмес. Ошондой эле Афганстанга Кытай, Индия жана Батыш өлкөлөрү экономикалык жактан кызыкдар. Анткени литий, жез өңдүү металлдардын кору абдан көп.
— Дүйнө экиге бөлүнүп калгандай сезилет. 2022-жылы Россия лидери "мурда чечимди жалгыз Вашингтон чыгарып келсе, азыр дүйнөнүн эки-үч жеринде кабыл алынат" деген. Мунун бизге кандай таасири тиет?
— Мурун бир полярдуу дүйнө деп бекеринен айтылган эмес. Дүйнөдө чыккан жаңжалдын баарында АКШнын кулагы көрүнүп турат. Кытайдын Тынч океанында, япон деңизинде жүргүзгөн аскердик машыгуулары, Түштүк Корея менен Японияны кооптондургандыктан алар да тымызын даярдык көрө баштады. Америка да аскердик коопсуздугун күчөтүп жатат. Мурда Россия менен Кытайды Америка теңсине берчү эмес, акыркы учурда тең ата көрүп калды. Дүйнөлүк саясатта Американын үстөмдүгү басаңдап, саясатты башка көз менен кароочу учур келди. 2022-жыл чоң мамлекеттердин күчүн, алсыз жактарын, абалын жана таасирин так көрсөтүп койду.
— Аймактык державаларга кирген Иран, Түркия, Индия, Пакистан, Сауд Арабиясынын таасири дүйнөлүк саясатта кандай болот? Бул жерде Түркия гана Россия — Украина согушуна ачык пикирин билдирип жатат...
— Акыркы убакта түрк тилдүү өлкөлөргө Түркиянын саясаты менен таасири өзгөчө. Биз да алардан аскердик, экономикалык жактан колдоо алдык. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун "Кыргызстандын коопсуздугу — Түркиянын коопсуздугу" деп айткан сөзү бар. Ошол эле Ирандын ТИМи да "Тажикстандын коопсуздугу — Ирандын коопсуздугу" деп кетти. Бул майда державалардын аскерий, экономикалык таасири бир тилдүү мамлекеттерге тийип жатканын билдирет. Түрк тилдүү өлкөлөр маданият, спорт, экономика жактан бири-бирине жардамдашып, ар кандай иш-чараларды өткөрүү максатында "Туран" уюмун түздү. Ал эми Тажикстанда Ирандын жардамы менен учкучсуз дрон чыгаруучу завод курулуп, экономикалык, саясий жактан колдоо болууда. Ошол эле Индия менен Пакистандын бири-бирине болгон аскердик карама-каршылыгы күчөп турган убак. Анткени экөө тең өзөктүк держава. Бул чыңалуу күчөй берет. Акыркы убакта Пакистанга Англия менен Американын көзөмөлү чоң. Мунун баары Борбордук Азияга кандай таасирин тийгизери табышмак. Бирок Индия менен Пакистандын ШКУга киргени жакшылыктын белгиси деген пикирдемин.
Талибан кыймылынын мүчөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2022
"Талибандан"* Кыргызстанга коркунуч жок, өзүбүздүн "талибдер" өтө кооптуу. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0