Токон Мамытов: Борбор Азияда от тутанса жалыны Россия менен Кытайды да каптайт

© Sputnik / Асель СыдыковаСаясий жана коомдук ишмер Токон Мамытов
Саясий жана коомдук ишмер Токон Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2022
Жазылуу
Дүйнө улам өзгөрүп жатканы маалым. Эксперттер цивилизация акырындап Батыштан Чыгышты көздөй жылып жатканын айтышат. Ушундай кырдаалда өлкөнүн келечеги ойлондурбай койбойт.
Дүйнөлүк глобалдык геосаясатта Борбор Азиянын орду кандай деген суроонун тегерегинде кеп кылуу үчүн Sputnik Кыргызстан редакциясына саясий жана коомдук ишмер Токон Мамытов чакырылган. Биз региондун келечеги тууралуу сүйлөштүк.
— Тездик менен өзгөрүп жаткан геосаясат туурасында эксперттер бир топ божомолдорду айтышууда. Айрымдар дүйнөдө 3-4 чечим кабыл алуучу теңата "борборлор" пайда болорун билдиришүүдө. Мындай учурда Борбор Азиянын орду кандай болот? Кайсы бир күчтөрдүн тирешүүчү аймагына айланып калбайбы деген коркунучтар да бар.
— Мындан ары дүйнөдө мурдагыдай ири альянстар, биримдиктер болбойт. Болсо дагы алардын формасы, маңызы, мүнөзү өзгөрөт. Союз тарагандан кийин бир полярдуу системанын калыптанып калганын айткан Америка жана анын тегерегиндеги НАТО мүчөлөрү, ошол эле Евробиримдикке киргендер "биз биринчи сортпуз" деп жарыялашты. Калгандарын 2-3-сорт катары, "ал эми 4-сортттогулар — булар өнүкпөгөн, келечеги жок мамлекеттер" деп бөлүштү. Мурдагы союздун курамындагы, өзгөчө Борбор Азия өлкөлөрүн 4-топко киргизген учурлар болду. Айрым саясатчылар ушул күнгө чейин бизди ошол тизмеден чыгара элек. Дүйнө жүзү, адамдын жашоо философиясы, идеологиясы алмашкандан кийин саясат да өзгөрүшү керек. Азыр бардык мамлекеттер үчүнчү миң жылдыкта адамзаттын жашоо маңызынын философиясы тууралуу ойлонуп жатат. Себеби муну аныктамайынча идеологияны табуу кыйын. Анын арты менен саясат аныкталат. Туура саясат жүрбөгөндүктөн азыр дүйнө жүзү сазга батып калды. Бардык жерде өзгөрүүлөр болууда. Мындай учурда биз да жол табышыбыз зарыл. Коңшу мамлекеттердин ар кими өз-өзүнчө колдогу байлыгына чиренип отурса талаада калабыз. Мындайча айтканда, дүйнөлүк глобалдуу өнүгүү жолунан четте калышыбыз ыктымал. Ушундай учурда биригүү керек. Самаркандда мамлекет башчыларынын башын кошту, Өзбекстандын биринчи президенти биригүү идеясын көп айтчу. Коңшу Казакстандын мурунку башчысынын "евразиялык" демилгесин көтөрүшү да бекеринен эмес. Ар бирибиз өз маданиятыбызды, салтыбызды сактап калуу менен геосаясатта жол таап биригишибиз керек. Бизди таратканга кызыкдар күчтөр бар. Эгер бириксек, алар биз менен да эсептешет. Биригүү — бул НАТО мамлекеттериндей блокко кирүү эмес. Саясий-экономикалык, соода, гуманитардык жагынан бир пикирге келип, өз кызыкчылыгыбызды сактоого даяр болсок деген ой. Келечекте кыргыз мамлекетин сактоону көздөсөк, анда коңшулар менен бир болууга туура келет.
— Чек ара маселесин чечүү процессин биригүү кадамдарынын башталышы катары эсептесек болобу? Анткени Борбор Азия, анын ичинде Фергана өрөөнү эксперттер тарабынан талуу жер катары сыпатталып келбеди беле?
— Дүйнө негизи Борбор Азияны чыңалып турган аймак катары эсептешет. Бул чөлкөмдүн саясатындагы ички-тышкы маселени анализдеп туруп ушундай жыйынтыкка келишкен. "Булар бирикпейт, карама-каршы кызыкчылыктары, көз караштары бар. Тескерисинче, абал курчуп кетиши ыктымал" деген пикирлер байма-бай айтылат. Экинчиден, коңшу мамлекеттердеги куралданган диний-саясий күчтөр да бир тарапка кошулуп, тополоң чыгып кетеби деген шектенүүлөр болгон. Мындай божомолдордун маанисин аңдап, ага жол бербешибиз керек. Борбор Азияда бир эле мамлекет талкаланса, баарыбызды бирден чилче таратат. Биз ошол жагын эске алууга милдеттүүбүз. Ал эми чек ара маселесинде өз кызыкчылыгыбызды унутуп адыраңдап чуркаган болбойт. Колдон келишинче карама-каршылыктарды жоюп, саясий диалог жолу менен чечүүгө далалаттаналы. Аныкталбай калган маселе болсо кийинкиге калтырып коюу керек. Учуру келгенде чечилет.
Москва шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2022
Россиядагы мигранттарды чочуткан эрежелер. Пайдалуу маек
— "Экстремисттер", "үчүнчү күчтөр" өңдүү көптөгөн коркунучтар айтылат. Бул Борбор Азияда бир катар мамлекеттердин кызыкчылыгы бар экенин көрсөтүп турат. Ошолор биригүүгө жол береби?
— Ал мамлекеттердин арасында Борбор Азияда тынчтык болушуна кызыкдар өлкөлөр да бар. Мисалы, ошол эле Россия, Кытай, Түркия, Иран. Себеби бизден от чыкса жалыны аларды да каптайт. Кытай бир жылдары "биздин өнүгүүбүз коңшулар аркылуу" деген ураан менен чыккан. Булардын Жибек Жолу менен өтүүчү соода-экономикалык жолу бар. 6-7 жылда дүйнөдөгү №1 мамлекеттин алмашарын айтып жатышат. Кытай биринчиге чыкса соода, саясий, финансылык, экономикалык борбор Нью-Йорк, Вашингтондон бул жакка жылат. Биз деңизге чыгууга жол жок кысылышта калганыбызды айтабыз. Бирок жаныбызда Кытай, ылдый жагыбызда Индия, жогору жагыбызда Россия бар. Ушундай чоң океандардын жанында жайгашканыбызды унутпашыбыз керек. Ал державаларды бириктирген түйүн болууга аракеттенишибиз зарыл.
— Кытайдын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, таасирин азайтуу үчүн Борбор Азияда саясий дүйнөлүк оюндар болушу мүмкүндүгүн айтышууда...
— Мен буга макул эмесмин. Анткени АКШ гегемон болгондо ага ким туруштук бере алды? Бул саясий, банктык, каржылык, идеологиялык, экономикалык мыйзамдын чегинде болгон иш. Дүйнө жүзүндө биринчи өлкө болуу оңой эмес. Бул үчүн аймагы, элинин саны талаптагыдай болушу керек. Экономикасынын, банктык-кредиттик системасынын өнүгүшү, дүйнө жүзүнө жооп берүүгө даярдыгы маанилүү. Ошол шарттарга туура келгенде гана дүйнөдө биринчи мамлекет боло алат. СССРди коррупция талкалап койду. Болбосо ал бардык критерийлерге жооп берип, жакшы келе жаткан.
— Борбор Азияда биригүүнү колго алып, лидерлик кылуучу мамлекет барбы?
— Глобалдык дүйнөдө танкасы же буудайы көп мамлекет жеңе албайт. Идеялардын генератору болгон өлкөлөр алдыга чыгат. Борбор Азияны бириктирүүгө күчтүү фундамент болуп бере алуучу идея керек. Биригүүнүн пайдубалын, багыттарын табышыбыз зарыл. Бул процесс бир күндүк эмес 5-10 жылдык убакытты алат. Жолбу, суубу, айтор, аны бир нерседен баштоо керек. Бирок башка аймактарга караганда Борбор Азиянын биригүүсүндө көп жакшы нерселер бар.
— Мисалы?
— Биринчиден, биздин маданиятыбыз, динибиз, тилибиз окшош. Экинчиден, илгертен куда-сөөк да болуп калганбыз. Экономикабыз да байланышта. Борбор Азия биринчи кезекте билимди колго алышыбыз керек.
— Муну кандайча ишке ашырабыз?
— Бул үчүн саясий чыныгы элита жана убакыт керек. Элдин саясий билими болбосо, элита да болбойт. Маселени жалгыз өкмөт башчы же депутаттар чече албайт. Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Иманалы Айдарбеков өңдүү Борбор Азиянын интеллигенциясын даярдашыбыз керек. Алар формасын аныктайт.
Азык-түлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2022
Эл эмнеге даяр болушу керек? Өлкө экономикасынын утушу менен кем-карчы. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0