Жоокердин эстелигинин ачылышында буркурап ыйлады. Айдаралиевдин атасын эскерүүсү
20:12 01.01.2023 (Жаңыртылды: 22:05 01.01.2023)
Ветеран войны Алымбек Айдаралиев
Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин катары улам суюлуп арабыздан дээрлик көбү кетип калышты. Ар бир жаркыган күнүбүз үчүн ошол аталарыбызга таазим этебиз.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде согуштун ардагери Алымбек Айдаралиев жана байбичеси, тылда иштеген Мөөркан Айдаралиеваны эскерүү максатында уулу, мурдагы айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев болду.
— Ата-энеңиздин бала чагы кандай өтүптүр?
— Атам 1919-жылы Манас районунда төрөлүп, 1939-жылы 20 жашында согушка кетет. Ошону менен атам 1945-жылы Кенигсбергде катуу жаракат алып согуш аяктаганда келиптир. Баш-аягы жети жыл жүрөт. Ага чейин бир-эки жолу келип айылда 3-4 ай болуп кетет. Себеби жараат алган жоокерлерди калыбына келиш үчүн айылына жөнөтчү экен. Согуштан кийин колхоздо катардагы жумушчу, чабан болуп эмгектенет. Ал эми апам 1928-жылы туулуп, экөө 1946-жылы баш кошкон. 1947-жылы улуу агам туулуп, атын Каныбек коёт. Атамдын бир туугандарынын ичинен согуштан кайтпай калгандары да болгон. Каныбек атамды чоң атабыз согуштан келбей калган уулу Садырбектин атына жаздырган. Ошону менен бала-чакасы Садырбеков болуп калды. Жөнөкөй адамдын баласымын. Апам 2000-жылдарга чейин тамекиде иштеди. Өмүр бою тылдын ардагери катары медаль, сыйлыктар менен сыйланды. Атам мектепте 9-класска чейин окуган. Орус тилин билчү. Атам атты жакшы мингендиктен алгач артиллериялык бөлүктө кызмат кылган. Кийин артиллериялык курска окутуп, согушка командир болуп калат. Иним видеокамера сатып алып, атамдын көп эскерүүлөрүн жаздырып алган. Негизи согушту кеп кылганды жаман көрчү. “Согуш жаман, жолдошторумдун көбүнөн ажырадым” деп ыйлачу. Даңк ордени, Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордени, Каармандыгы үчүн медалдары менен сыйланган. Беларуста кызмат кылгандыктан биздеги элчилик 9-май сайын куттуктачу. Атам кагазга бүйрө киши болчу. Себеби согуш маалында бир ирет документин жоготуп алып өткөрүү пунктунан кое бербей азабын тартыптыр. Үйдө 50-жылдардан берки “Известия” гезиттеринин сандары көктөлүп турчу. Айылда өткөн аш-тойлордо эт орогонго кагаз таппай атамдан келип сурашчу эле.
Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу Алымбек Айдаралиев
Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу Алымбек Айдаралиев
— Сыйлыктарын кандайча алыптыр?
— Бир ирет аскерлер менен колонна болуп, аскердик унааларды тизип баратышса алдынан немецтин танкалары чыгат. Алар алдыңкы техникаларды тебелетип эле келе беришет. Арттагы эки-үч машина айланып качканга араң жетишип калат. Эки чакырымдай ары жайыгыраак жерге барып аткылап бир канча танканы жок кылышкан экен. Ошондо Даңк орденин алыптыр. Экинчисинде душмандар менен болгон дагы бир кармашта дзотту түз аткылоого алып, Каармандыгы үчүн медалы берилет. Согуш бул кишилердин жүрөгүнө так салып койгон экен. Согушка катышкандардын эстелигинде сөз сүйлөп жатып бир ирет кадыресе ыйлаганы эсимде. Өзүн кармай албай толкунданып, абдан жаман болду. Ошондон кийин көп айтпай калды. Бирок атам бир да жолу ичкиликти оозуна алып көргөн эмес. Согушта жоокерлерге 100 граммдан беришчү. Бирок атабыз жети жыл бир да жолу ууртабаптыр.
Алымбек Айдаралиев майдандаштары менен
Алымбек Айдаралиев майдандаштары менен
— Байбичеси экөө канча баланы тарбиялап өстүрүштү?
— Мен жети бир тууганмын. Балдарынын ичинен улуу агам менен менден кийинки иним кан басымдан улам көзү өтүп кетти. Азыр кыздар-балдары турмуштан ордун таап, бала-бакыралуу болуп, неберелери 20га чыгып калды. Менин улуу кызымдын баласы чоң таятасынын жолун жолдоп Ленинградда Михайлов атындагы аскердик артиллериялык академияда 2-курста окуйт. Кичинесинде аскер адамы болууну самап Суворов аскер мектебинде окуган. Ошол жактан Россияга квота берилген. Атамдын туулган күнү 13-январды бир туугандар чогулуп белгилейбиз. Бул салтка айланып калды. Иним былтыр ушул күнү баарыбызга артиллериялык замбиректин сувенирин белек кылган. Аны үйлөрүбүзгө коюп алдык. Ошол неберем биздикин Россияга өзү менен кошо алып кеткен. Ал окуган Михайлов академиясы 1912-жылы Наполеонду Россиядан кууганда орус падышасы тарабынан негизделиптир.
Окуу жайдын 200 жылдыгына карата неберем чоң таятасы тууралуу даректүү макала жазып, ал окуу жайдын сайтына жарыяланыптыр. Ушул чөбөрөсү таятасынын жолун жолдоп артиллериялык бөлүктүн аскер адамы болуп бара жатат. Биздин тукумда кан басым оорусу бар экен. Атам да 86 жашында ушул оорудан каза болду. Апам да 2012-жылы 86 жашында өттү. Ата-энем тартыш заманда жашаса да баарыбызды окутту. Буюрса балдары да жаман болгон жокпуз.
Алымбек Айдаралиев үй-бүлөсү менен
Алымбек Айдаралиев үй-бүлөсү менен
— Атаңыз бала тарбиялоодо эмнеге басым жасады?
— “Сенин атаң, менин атамдай мыкты эмес” деген сөз бар го. Анысы кандай, мурунку ата-энелер менен балдардын таалим-тарбиясы башка эле. Атам да, апам да бир катуу айткан жок. Атамдын эң катуу айткан сөзү “май токоч жегиң келип калган го” деп койчу. Биз деле кийин балдарыбызды урган жокпуз. Согуш атамды тарбиялап коюптур. Абдан токтоо болчу.
Майда-чүйдөгө ачуулана берчү эмес. Кийин карыганда шаарга көчүрүп алганбыз. Бир ирет айылга барып калсак атамдын теңтуштары тамашалап тийишип калды, күлүп эле жооп берип койчу. Атам колдо болгонун бизге инвестиция кылып окутту.
— “Балам балалуу болгондо билесиң” деген сөз бар эмеспи. Өзүңүз балалуу болгондо эмнени түшүндүңүз?
— Келинчегим да өзүмдүн классташым болот. Бир айылда он жыл бир окуганбыз. Негизи балага инвестиция кылуу керек экен. Айылдын турмушун көргөндөн кийин өзүбүз да билим алып, илимдин аркасынан түштүк. Балдардын келечеги билимде экенин түшүндүк. Ынтызар болсо эле жол ачып берип жаттык. Балага салган инвестиция кайра кайрылып келиши керек экен. Кызым азыр тил үйрөнүп жакшы жерде иштеп жатат. Кыздуу болду. Ал эми уулум 35 жашка келсе да үйлөнө элек. Азыр бул тууралуу сөз башталганда эле качып кетет. Туугандар барган жерге да качып барбай калды. Өзүм 19 жашымда үйлөнгөм. Билим, иш жагынан жаман эмес. Бирок кеч турмуш куруп калышты.
Таалайбек Айдаралиев: Атам Алымбек Айдаралиев 9-майды абдан ыйык көрчү. Ал күнү бизди ээрчитип алып жоокерлердин эстелигине гүл коюп, майдандаштарын эскерчү. Атам каза болгондон кийин биз да ошол күндү салт катары кабыл алып калдык.
Таалайбек Айдаралиев: Атам Алымбек Айдаралиев 9-майды абдан ыйык көрчү. Ал күнү бизди ээрчитип алып жоокерлердин эстелигине гүл коюп, майдандаштарын эскерчү. Атам каза болгондон кийин биз да ошол күндү салт катары кабыл алып калдык.
— Согуш ардагерлеринин өзүнө таандык ар кандай адаттары болот эмеспи. Атаңызда да атайын салт бар беле?
— Атам 9-майды абдан ыйык көрчү. Ал күнү бизди ээрчитип алып жоокерлердин эстелигине гүл коюп, аскер комиссариаты чакырып сый көрсөтчү. Атам каза болгондон кийин биз да ошол күндү салт катары кабыл алып калдык. Азыр да аба ырайына карабай ушул күнү баарыбыз жоокерлердин эстелигине барабыз. Атам орустардан мончого түшүүнү үйрөнүп келген. Абдан жакшы көрчү. Өмүр бою ишемби сайын шаарда жакшы көргөн мончосуна троллейбус менен барып эс алып, анан акырын келип калчу эле. Жөө басканды жактырчу. Күнүнө троллейбуска отуруп алып жаңы конуштарга барып, салынып жаткан үйлөрдү карап, кыдырып, кечинде кадимкидей чарчап келер эле.