Эки уул, үч кыздын атасы Калыгул аксакал учурда Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Байзак айылында турат. Ал согуштун каардуу жылдары жаш балдардын жүрөгүнө кандай так салганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтып берди.
— Атаңыздын кан майданга кетип жатканы эсиңизде жакшы эле сакталып калса керек?
— Мектепке бардыңызбы?
— Жашым онго чукулдап калганда окууга бардым. Мектептен да чөптө иштечүбүз. Ал кезде чөптү боолачу элек. Кыздар чөмөлө салып, балдар чөп боолачубуз. Кыздарга жетпей калып ыйлаган учурлар болгон (күлүп). Он жашыбыздан колхоздун ишине тартылдык. Эгин чабылганда машак тергенге чыкчубуз. Мугалим "болду, үйүңөргө тарагыла" десе кайра айдоону көздөй жүгүрүп барып кочуштап машак терип алып, үйгө сүйүнүп алып барат элек. 1943-жылдан 1945-жылга чейин ачкачылык катуу болду. Анан 1945-жылы согуштан аскерлер бирден-экиден келе баштады.
— Майдандан кайткандарды кантип тосуп алышчу эле?
— Ой-бо-ой, андагы элдин толкунданганын айтып жеткирүү кыйын. Ыйлап жатканы андан көп, тебетейин ыргытып сүйүнүп жатканы мындан көп. Кээ бири келген солдаттан өзүнүн согушка кеткен жакынын сурап жанталашып жүрөт. Бала-бакыра тегеренип чуркап, чуулдайт. Кыз-келиндер толкунданып сүйүнүчтөн көз жаш төгүшөт. "Меники да келип калар бекен" деп ыйлаган энелер. Кара кагаз алып калгандар "мен да ушинтип тосуп алсам эмне" деп алар бир жагынан буркурайт. Баары ошол согуштан кайткан жоокердин үйүндө бир топ күн жүрүшчү. Далай эле күндөр өттү.
— Кара кагаз келгенде айылга да кара булут айлангандай болсо керек...
— Атаңыз согуштан кайтпай калган турбайбы?
— Ооба, кайтпай калды, кара кагаз да келген жок. Атамдын Абдыкадыр деген агасы бар эле. Ал кишини жашы өтүп калганы үчүн согушка албай коюшкан. Раматылык шашма болчу. Согушка өз каалоосу менен барам деп, болбой койгондо 1944-жылдын жазында тылга иштегенге жөнөтүшкөн. Ага чейин ошол абабыз атамдын каттарын айтып берчү. Бир жылдан кийин 1942-жылы атамдан алгач ирет кат келип, "декабрда согушка кирдик" деп жазган экен. Аны ошол Абдыкадыр атабыз окуп берген. Кийин экинчи жолу кат жазганда согуш талаасында душмандын огу атамдын бир жаагынан кирип, экинчи жаагынан чыгып кеткенин билдирген. Тиши күбүлүп калган экен, госпиталдан кийме тиш жасап беришиптир. Кайра фронтко жөнөтүп жатканын жазган. Андан кийин кабар келген жок. Ошону менен дайынсыз болду. Согуш талаасында каза болуп калса керек. Кайда көмүлгөнү, эмне болгону белгисиз.
— Кийин издештирип көргөн жоксузбу?
— Бир ирет балдарым менен жээним издештирип аракет кылышкан. Бирок майнап чыккан жок.
— Атаңыз фронтко кеткенде апаңыз канча жашта экен?
— 33 жашта болгон. Биз төрт бир тууган элек. Кичинебиз Назаркул ысытма болуп чарчап калды. Ал кезде кыз-келиндерди, аялдарды ишке жарамдуу дешип колхоздун жумушуна иштетишкен. Апам соко менен жер айдап, мала тартчу. Ал кезде ат да аз. Өгүз менен айдашчу эле. Биз апабызга жардам берели деп маланын же соконун артынан түртүп алчубуз. Өгүз мала айдаттырбай артка качып, азапты берчү. Анан көп өтпөй энем көкүрөгүнөн катуу ооруп калды (кургак учук — ред.). Тестиер кезибизден эле энебизди аяп үйрөндүк. Мойнубузга баканды илип, сайдан 2-3 чакырым жөө өрүүгө чыгып суу ташучубуз. Ачкабыз. Жыгач бакан өйкөп, ийнибиз жооруп кетээр эле. Кордукту жакшы эле көрдүк.
Кудайга шүгүр, кой үстүндө торгой жумурткалаган заман азыркы учур экен. Эркиндигибиз бар, курсагыбыз ток. Мобу тумоо гана кичине кыстап жатат. Бирок бул деле эчтеке эмес. Башкысы бала-бакыра ачка болбосун, эли-журтта тынчтык болсун. Согуштан кудай сактасын.