Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Тойматов: жер семирткич чыгарган завод иштесе ички муктаждык камсыздалат

© Sputnik / Асел АкматӨсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директорунун орун басары Жалил Тойматов
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директорунун орун басары Жалил Тойматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2022
Жазылуу
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директорунун орун басары Жалил Тойматов өлкөдө жер семирткичке болгон жылдык муктаждык 300 миң тоннага чукул экенин белгиледи.
Ноокаттагы жер семирткич чыгарган завод ишке кирсе ички муктаждык камсыздалып, ашканын экспортко чыгарууга мүмкүндүк жаралат. Бул тууралуу Жалил Тойматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Тойматов: жер семирткич чыгарган завод иштесе ички муктаждык камсыздалат
Анын айтымында, кытайлык инвесторлор заводду толугу менен өз каражатына курат.
"Ноокатта 100 гектар аянтка атайын парк уюштурулууда. Ал жерде органикалык-минералдык жер семирткич чыгарган заводдун курулушу башталды. Божомолдорго караганда, эки жылда ишке кирет. Ал жылына 200 миң тоннадай жер семирткич чыгарат. Андан кийин карбамид өндүрүүчү завод ишин баштайт. План боюнча анын кубаттуулугу жылына 300 миң тоннага жетери айтылууда. Эсептөөлөргө ылайык, 2023-жылга 286 миң тонна жер семирткич талап кылынат. Мунун ичинен 161 миң тоннасы азоттук жер семирткич. Эгерде Ноокаттагы завод ишке кирсе, ички муктаждык толук камсыздалып, ашканын экспортко чыгарууга мүмкүндүк жаралат", — деди Тойматов.
Ошондой эле ал келишим боюнча аталган заводду инвесторлор куруп, 30 жылдан кийин мамлекеттин карамагына өткөрүп берерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0