https://sputnik.kg/20221230/pele-koz-zhumdu-1071612547.html
Даңазалуу футболчу Пеле көз жумду
Даңазалуу футболчу Пеле көз жумду
Sputnik Кыргызстан
Былтыр сентябрда андан жоон ичегинин залалдуу шишигин аныкташкан. 30.12.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-12-30T09:18+0600
2022-12-30T09:18+0600
2022-12-30T09:47+0600
дүйнөдө
пеле
футбол
спорт
бразилия
оору
https://sputnik.kg/img/102641/19/1026411943_0:0:3327:1872_1920x0_80_0_0_758db1139737bea202fc17e9405a07a8.jpg
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бразилия футбол командасынын курамы менен үч ирет дүйнө чемпиону болгон Пеле көз жумду. Бул тууралуу даңазалуу футболчунун кызы Келли Кристина Насименту Instagram* баракчасы аркылуу билдирди.Пеле 82 жашта болчу.Пеле аты менен дүйнөгө таанылган Эдсон Арантис ду Насименту 1940-жылы 23-октябрда Бразилияда жарык дүйнөгө келген. Оюнчу катары үч ирет дүйнө чемпиону болгон (1958, 1962, 1970) жалгыз футболчу. 92 оюнда 77 гол киргизип Бразилиянын футбол тарыхында мыкты чабуулчу аталган. Мындай жетишкендикке азыр Неймар ээ. Пеле профессионалдык карьерасында эң көп гол киргизген оюнчу катары Гиннес китебине кирген. Айрым маалыматтар боюнча, дарбазага киргизген тобунун саны 1 281 делет.Клубдук деңгээлде Пеле 18 жыл бою "Сантосто" болду. Дагы үч жыл америкалык "Нью-Йорк Космос" клубу үчүн ойноп жүрүп, ошону менен 1977-жылы карьерасын жыйынтыктаган.Андан кийин бир нече тасма менен сериалдарга тартылып, кайрымдуулук долбоорлорунун автору болгон. 1994-жылы ЮНЕСКОнун ыктыярдуу элчиси болуп дайындалып, 1995-жылы Бразилиянын спорт министри кызматын аркалаган.Былтыр сентябрда Пеленин жоон ичегисинен залалдуу шишик аныкташкан. 2022-жылдын ноябрында денесин шишик басып, жүрөгү начарлагандыктан ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк спортчунун организмине химиялык терапия таасир этпей калганы маалымдалган болчу.* — Meta (Facebook жана Instagram) ишмердүүлүгүнө Россияда экстремисттик уюм катары тыюу салынган.
https://sputnik.kg/20210910/rekord-messi-pele-gol-tushtuk-amerika-kontinent-bombardir-1053864516.html
бразилия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102641/19/1026411943_0:0:3248:2436_1920x0_80_0_0_a81e4adde2ae3560df1b5b7e50d72b92.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, пеле, футбол, спорт, бразилия, оору
дүйнөдө, пеле, футбол, спорт, бразилия, оору
Даңазалуу футболчу Пеле көз жумду
09:18 30.12.2022 (Жаңыртылды: 09:47 30.12.2022) Былтыр сентябрда андан жоон ичегинин залалдуу шишигин аныкташкан.
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бразилия футбол командасынын курамы менен үч ирет дүйнө чемпиону болгон Пеле көз жумду. Бул тууралуу даңазалуу футболчунун кызы Келли Кристина Насименту Instagram* баракчасы аркылуу билдирди.
"Ээ болгон нерсебиздин баарына сенин аркаң менен жеткенбиз. Сүйүүбүз чексиз. Жаткан жериң жайлуу болсун", — деп жазган Келли.
Пеле аты менен дүйнөгө таанылган Эдсон Арантис ду Насименту 1940-жылы 23-октябрда Бразилияда жарык дүйнөгө келген. Оюнчу катары үч ирет дүйнө чемпиону болгон (1958, 1962, 1970) жалгыз футболчу. 92 оюнда 77 гол киргизип Бразилиянын футбол тарыхында мыкты чабуулчу аталган. Мындай жетишкендикке азыр Неймар ээ. Пеле профессионалдык карьерасында эң көп гол киргизген оюнчу катары Гиннес китебине кирген. Айрым маалыматтар боюнча, дарбазага киргизген тобунун саны 1 281 делет.
Клубдук деңгээлде Пеле 18 жыл бою "Сантосто" болду. Дагы үч жыл америкалык "Нью-Йорк Космос" клубу үчүн ойноп жүрүп, ошону менен 1977-жылы карьерасын жыйынтыктаган.
Андан кийин бир нече тасма менен сериалдарга тартылып, кайрымдуулук долбоорлорунун автору болгон. 1994-жылы ЮНЕСКОнун ыктыярдуу элчиси болуп дайындалып, 1995-жылы Бразилиянын спорт министри кызматын аркалаган.
Былтыр сентябрда Пеленин жоон ичегисинен залалдуу шишик аныкташкан. 2022-жылдын ноябрында денесин шишик басып, жүрөгү начарлагандыктан ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк спортчунун организмине химиялык терапия таасир этпей калганы маалымдалган болчу.
* — Meta (Facebook жана Instagram) ишмердүүлүгүнө Россияда экстремисттик уюм катары тыюу салынган.