Легендарлуу Пеле. Футбол падышасынын архивдик сүрөттөрү

Жазылуу
29-декабрда футбол падышасы Пеле 82 жашында каза болду. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги легендарлуу футбол оюнчусунун архивдик сүрөттөрүнүн тарыхын баяндап берет.
Пеле аты менен дүйнөгө таанылган Эдсон Арантис ду Насименту 1940-жылы 23-октябрда Бразилияда жарык дүйнөгө келген. Оюнчу — катары менен үч ирет дүйнө чемпиону болгон (1958, 1962, 1970) жалгыз футболчу. 92 оюнда 77 гол киргизип Бразилиянын футбол тарыхында мыкты чабуулчу аталган. Мындай жетишкендикке азыр Неймар ээ. Пеле профессионалдык карьерасында эң көп гол киргизген оюнчу катары Гиннес китебине кирген. Айрым маалыматтар боюнча, дарбазага киргизген тобунун саны 1 281 делет.
Клубдук деңгээлде Пеле 18 жыл бою "Сантосто" болду. Дагы үч жыл америкалык "Нью-Йорк Космос" клубу үчүн ойноп жүрүп, ошону менен 1977-жылы карьерасын жыйынтыктаган.
Андан кийин бир нече тасма, сериалдарга тартылып, кайрымдуулук долбоорлорунун автору болгон. 1994-жылы ЮНЕСКОнун ыктыярдуу элчиси болуп дайындалып, 1995-жылы Бразилиянын спорт министри кызматын аркалаган.
Былтыр сентябрда Пеленин жоон ичегисинен залалдуу шишик аныкташкан. 2022-жылдын ноябрында денесин шишик басып, жүрөгү начарлагандыктан ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк спортчунун организмине химиялык терапия таасир этпей калганы маалымдалган болчу.
Футбол легендасынын каза болгонун анын кызы Келли Кристина Насимента билдирди. Рак өрчүп, органдардын иштебей калышы өлүмгө себеп болгон.
Бразилиянын президенти Жаир Болсонароу Пеленин өлүмүнө байланыштуу өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады.
© AFP

Пеле бразилиялык "Сантос" менен франциялык "Расинг" ортосундагы жолдоштук беттеш алдында, 1961-жыл. Ал анда бир гол киргизип, "Сантос" 5:4 эсебинде жеңишке жеткен.

Пеле бразилиялык "Сантос" менен франциялык "Расинг" ортосундагы жолдоштук беттеш алдында, 1961-жыл. Ал анда бир гол киргизип, "Сантос" 5:4 эсебинде жеңишке жеткен. - Sputnik Кыргызстан
1/15

Пеле бразилиялык "Сантос" менен франциялык "Расинг" ортосундагы жолдоштук беттеш алдында, 1961-жыл. Ал анда бир гол киргизип, "Сантос" 5:4 эсебинде жеңишке жеткен.

© AFP / EPU

Пеле (эң бийик секиргени) 1970-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттын финалындагы жеңишти жолдоштору менен майрамдап жаткан учуру. Бразилия Италияны 4:1 эсебинде утуп алган.

Пеле (эң бийик секиргени) 1970-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттын финалындагы жеңишти жолдоштору менен майрамдап жаткан учуру. Бразилия Италияны 4:1 эсебинде утуп алган. - Sputnik Кыргызстан
2/15

Пеле (эң бийик секиргени) 1970-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттын финалындагы жеңишти жолдоштору менен майрамдап жаткан учуру. Бразилия Италияны 4:1 эсебинде утуп алган.

© AFP / Valery Hache

Легендарлуу футболчу жубайы менен "Алтын бут" сыйлыгын тапшыруу аземинде, 2012-жыл

Легендарлуу футболчу жубайы менен "Алтын бут" сыйлыгын тапшыруу аземинде, 2012-жыл - Sputnik Кыргызстан
3/15

Легендарлуу футболчу жубайы менен "Алтын бут" сыйлыгын тапшыруу аземинде, 2012-жыл

© AFP

Пеле "Орли" аэропортунда бала менен баарлашууда. Ал "Пари Сен-Жермен" менен беттешүү үчүн "Нью-Йорк Космос" командасы менен келген, 1976-жыл.

Пеле "Орли" аэропортунда бала менен баарлашууда. Ал "Пари Сен-Жермен" менен беттешүү үчүн "Нью-Йорк Космос" командасы менен келген, 1976-жыл. - Sputnik Кыргызстан
4/15

Пеле "Орли" аэропортунда бала менен баарлашууда. Ал "Пари Сен-Жермен" менен беттешүү үчүн "Нью-Йорк Космос" командасы менен келген, 1976-жыл.

© AFP / Vanina Lucchesi

Спортчу Эл аралык телекөрсөтүү көргөзмөсүндө (MIPTV) Канндагы Круазетте, 2001-жыл

Спортчу Эл аралык телекөрсөтүү көргөзмөсүндө (MIPTV) Канндагы Круазетте, 2001-жыл - Sputnik Кыргызстан
5/15

Спортчу Эл аралык телекөрсөтүү көргөзмөсүндө (MIPTV) Канндагы Круазетте, 2001-жыл

© Sputnik / V. Karatayev / Медиабанкка өтүү

Хоккей боюнча Швециянын курама командасынын мүчөсү, дүйнөнүн чемпиону Свен Тумба-Юханссон, америкалык боксер, оор салмактагы дүйнөнүн чемпиону Майк Тайсон жана Пеле (солдон оңго) Нахабинодо гольф клубунун ачылышы менен СССРде биринчи гольф аянтчасын салуу учурунда.

Хоккей боюнча Швециянын курама командасынын мүчөсү, дүйнөнүн чемпиону Свен Тумба-Юханссон, америкалык боксер, оор салмактагы дүйнөнүн чемпиону Майк Тайсон жана Пеле (солдон оңго) Нахабинодо гольф клубунун ачылышы менен СССРде биринчи гольф аянтчасын салуу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
6/15

Хоккей боюнча Швециянын курама командасынын мүчөсү, дүйнөнүн чемпиону Свен Тумба-Юханссон, америкалык боксер, оор салмактагы дүйнөнүн чемпиону Майк Тайсон жана Пеле (солдон оңго) Нахабинодо гольф клубунун ачылышы менен СССРде биринчи гольф аянтчасын салуу учурунда.

© AFP / Michel Clement

Пеле Loto француз компаниясынын жарнамасын тартуу учурунда, 1987-жыл

Пеле Loto француз компаниясынын жарнамасын тартуу учурунда, 1987-жыл - Sputnik Кыргызстан
7/15

Пеле Loto француз компаниясынын жарнамасын тартуу учурунда, 1987-жыл

© AP Photo / Eraldo Peres

Футболчу өзүнүн жашоосу тууралуу "Падыша белгилери" көргөзмөсүндө, 2008-жыл

Футболчу өзүнүн жашоосу тууралуу "Падыша белгилери" көргөзмөсүндө, 2008-жыл - Sputnik Кыргызстан
8/15

Футболчу өзүнүн жашоосу тууралуу "Падыша белгилери" көргөзмөсүндө, 2008-жыл

© AFP / Yasuyoshi Chiba

2014-жылкы дүйнө чемпионатынын элчиси Пеле команданын мурдагы оюнчулары менен "Сантос" футбол командасынын 100 жылдыгына арналган салтанатта, 2012-жыл

2014-жылкы дүйнө чемпионатынын элчиси Пеле команданын мурдагы оюнчулары менен "Сантос" футбол командасынын 100 жылдыгына арналган салтанатта, 2012-жыл - Sputnik Кыргызстан
9/15

2014-жылкы дүйнө чемпионатынын элчиси Пеле команданын мурдагы оюнчулары менен "Сантос" футбол командасынын 100 жылдыгына арналган салтанатта, 2012-жыл

© Sputnik / Sergey Guneev / Медиабанкка өтүү

Пеле жана аргентиналык футболчу Диего Марадона Россиянын президенти Владимир Путин менен дүйнөлүк футбол жылдыздарынын жолугушуусунда, 2017-жыл

Пеле жана аргентиналык футболчу Диего Марадона Россиянын президенти Владимир Путин менен дүйнөлүк футбол жылдыздарынын жолугушуусунда, 2017-жыл - Sputnik Кыргызстан
10/15

Пеле жана аргентиналык футболчу Диего Марадона Россиянын президенти Владимир Путин менен дүйнөлүк футбол жылдыздарынын жолугушуусунда, 2017-жыл

© Sputnik / Медиабанкка өтүү

Пеле Москвада СССР менен Бразилиянын курама командаларынын футбол боюнча жолдоштук беттешүү учурунда

Пеле Москвада СССР менен Бразилиянын курама командаларынын футбол боюнча жолдоштук беттешүү учурунда - Sputnik Кыргызстан
11/15

Пеле Москвада СССР менен Бразилиянын курама командаларынын футбол боюнча жолдоштук беттешүү учурунда

© AFP / Ricardo Gomes/Pool

2004-жылы Рио-де-Жанейродо (Бразилия) футбол падышасы Олимпиада отун көз жаш төгүп көтөрүп баратат. Факел биринчи жолу Түштүк Америкага өткөн учуру.

2004-жылы Рио-де-Жанейродо (Бразилия) футбол падышасы Олимпиада отун көз жаш төгүп көтөрүп баратат. Факел биринчи жолу Түштүк Америкага өткөн учуру. - Sputnik Кыргызстан
12/15

2004-жылы Рио-де-Жанейродо (Бразилия) футбол падышасы Олимпиада отун көз жаш төгүп көтөрүп баратат. Факел биринчи жолу Түштүк Америкага өткөн учуру.

© AFP / Francois-Xavier Marit

Пеле жана германиялык супермодель Клаудия Шиффер 2006-жылы Мюнхендеги стадиондо өткөн дүйнөлүк чемпионатта

Пеле жана германиялык супермодель Клаудия Шиффер 2006-жылы Мюнхендеги стадиондо өткөн дүйнөлүк чемпионатта - Sputnik Кыргызстан
13/15

Пеле жана германиялык супермодель Клаудия Шиффер 2006-жылы Мюнхендеги стадиондо өткөн дүйнөлүк чемпионатта

© AFP / Tomas Stargardter

Спортчу Коста-Рика эл аралык аэропортунда, 1997-жыл

Спортчу Коста-Рика эл аралык аэропортунда, 1997-жыл - Sputnik Кыргызстан
14/15

Спортчу Коста-Рика эл аралык аэропортунда, 1997-жыл

© AFP / Giuseppe Cacace

2022-жылы Катарда өткөн дүйнө чемпионатында Камерун менен Бразилиянын беттешинин алдында трибунада Пеленин сүрөтү түшүрүлгөн чоң желек жайылды

2022-жылы Катарда өткөн дүйнө чемпионатында Камерун менен Бразилиянын беттешинин алдында трибунада Пеленин сүрөтү түшүрүлгөн чоң желек жайылды - Sputnik Кыргызстан
15/15

2022-жылы Катарда өткөн дүйнө чемпионатында Камерун менен Бразилиянын беттешинин алдында трибунада Пеленин сүрөтү түшүрүлгөн чоң желек жайылды

Жаңылыктар түрмөгү
0