31-декабрга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги филармониянын жанында бала менен аял. Архив
Бишкектеги филармониянын жанында бала менен аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2022
Жазылуу
31-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртеӊ менен айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Ишембиде күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облусунун көпчүлүк, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын жергесинин айрым аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +1...+6, Талас менен Ысык-Көлдө 0...+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +2...+7, ал эми Нарында -5...-10 градус болору айтылды.
Бишкекте күндүн экинчи жарымында, Ошто күндүз кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +1...+3 жана Ош шаарында +4...+6 градус болот.
Садыр Жапаров президенттик балатында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2022
Жылмаюу, селфи, кол тамга. Бишкектеги президенттик балатынын ирмемдери
Жаңылыктар түрмөгү
0