Бүгүн Садыр Жапаровдун катышуусунда өкмөттүн жыйынтыктоочу жыйыны өтөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2022
Жазылуу
Өкмөттүн жыйынтыктоочу жыйыны бүгүн, 28-декабрда, саат 14:00дө башталат.
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Бүгүн президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны болот. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

"Жыйында министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчёту угулуп, ошондой эле өкмөттүн 2023-жылга карата иш планы каралат", — деп айтылат маалыматта.

Жыйын саат 14:00дө башталып, УТРКда, республикалык жана облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз алып көрсөтүлөт.
Иш-чарага борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышат.
Президент Садыр Жапаровдун 26-27-декабрда Санкт-Петербург шаарына болгон жумушчу сапары аяктады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2022
Садыр Жапаров Санкт-Петербургдан Бишкекке кайтып келди
Жаңылыктар түрмөгү
0