Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Батыштын "жаңы" технологиясы: Россияны жеңүүгө кепилдик береби?

© AFP 2023 / JOHANNES EISELEТайсмс-сквердеги АКШнын желеги. Архив
Тайсмс-сквердеги АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2022
Жазылуу
Украинадагы окуялардын айланасында дагы бир өзгөчөлүк жаралды. Батыш жеңиш боюнча да, утулуу туурасында да тынымсыз кеп кыла баштады. Болгондо да кызуу талкуу саясатчы, расмий өкүл, эксперт, журналист, аскерлер, экономист жана энергетикадагы адистер арасында жүрүүдө.
Мындай көрүнүшкө Ирина Алкснис баам салып, жагдай жөнүндө ой учугун чубаган. Серепчинин кезектеги материалы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Баарынан кызыгы, эки бөлөк көз караш айтылууда. Айрымдар Россия жеңери айдан ачык дешсе, башкалары Москва утулуп, жамааттык Батыштын талаптарын аткарууга аргасыз болорун жоромолдошот. Генри Киссинжердин жакындагы эле макаласында дал ушундай ой камтылат.
Азыркы саясатчылардын арасында деле пикирлер ушундай чар жайыт. Кай бири Киевге жардамды токтотууну талап кылып, мунун эч кандай маңызы жок экенин айтууда. Кээ бирөөлөр дегеле Россиянын жеңишине жол бербөө керектигин белгилеп, утуларына аз эле калганына катуу ынанышат. Ар бири өз көз карашына түрдүү жүйөлөр менен бекемдөөгө да ашыгышат. Келтирилген аргументтерди талдап, тизмектеп чыгууга да болор. Бирок батыш саясатында жана маалымат майданындагы мындай талаш-тартыштын келип чыгышы андан да маанилүү, ары кызыктуу.
НАТО АКШнын жетекчилиги менен дүйнө жүзү боюнча көптөгөн, анын ичинде узак мөөнөттүү согуштук кампанияларды ондогон жылдар бою жүргүзүп келет. Кай бир кезде медиада Ирактан же Афганистандан кетүү боюнча да ойлор айтылган. Анткен менен өтө чабал болгондуктан коомдук пикирге да, мамлекеттин позициясына да эч кандай таасир эте алган эмес.
Узакка созулган туңгуюк абалдан кутулуунун эң жакшы жолу Вашингтондо тымызын чечилгенде гана Кошмо Штаттар Афганистандан чыгып кетишти. Бирок Батыштын жеңиши же утулушу туурасында масштабдуу коомдук-саясий чагылдыруу байкалган эмес. Анын тегерегинде кызуу талкуу болмок деле эмес, анткени НАТОнун жыйырма жылдык афган операциясы америкалыктар менен европалыктардын турмушун өзгөртүп жиберген жок. Дал ушул көрүнүш НАТОнун жарым кылым ичиндеги бардык аскердик кампанияларын таасын көрсөтөт. Алардын арасынан америкалык коомчулуктун көңүлүн чындап бурганы – Вьетнам согушу. Калганы бүт, Ирак болобу, Югославия, Афганистан, кайрадан Ирак, Сирия жана башка узун тизмедегилердин баары Батыштын жашоочулары үчүн экрандагы түстүү сүрөттөр менен коштолгон кабарлардын катарында гана болгон.
Аталган мамлекеттерде дасыккан аскерлердин чектелген контингенттери (келишим жана жеке аскердик компаниялар) болгондо да кыйла чабал душмандар менен согушкан. Натыйжада бул согуштук аракеттердин жүрүшүнө да таасир этип, жоготууларга дуушар кылган.
Батыш экономикасы андай согуштардан залал тартпастан, адатта алардан пайда көрүп келген (афган баңгизаты, ирактык жана сириялык мунай, триллиондогон бюджеттик салымдар жана башка толгон-токой нерселер). Ал эми бул Атлантика океанынын эки жээгиндеги тең катардагы жарандарга кыйыр түрдө бонусту камсыз кылып турган. Ошондуктан Батыш коому мындай аскердик авантюраларга эч үндөбөй, ал эми саясий коомчулук абдан ынтызар болгон.
Пентагон. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: АКШ Украинага дагы Афганистанга жасаган мамилени кайталашы мүмкүн
Анткен менен Украинада ошол схема толук маанисинде бузулду. Бир жагынан чындап күчтүү душманга каршы Батыштын толук кандуу прокси-согушка катышуу жөнүндөгү кыялы ишке ашты. Машыктырып, куралдандырып келген союздаштары тийиштүү даярдыкта болбогондуктан Кошмо Штаттар өздөрү дайым куралдуу жаңжалдардын көпчүлүгүнө аралашууга аргасыз. Буга Батыштын колдоосунан ажыраган соң талибдердин алдына түшүп качкан, НАТО тарабынан даярдалган афганистандык жергиликтүү куралдуу күчтөр айныгыс далил.
Украиналыктар дүйнөнүн экинчи саптагы армиясы менен согушуп, мыкты аскер экендигин көрсөтүүдө. Ал эми Батыш чалгындоону, байланыш, каржылоо, курал, аскердик инструкторлор, жалданма жоокерлер жана башкалар менен камсыздоону өз жоопкерчилигине алган. Чындап эле бул Кошмо Штаттардагы стратегдер эзелтен бери иштеп чыгып келген, бирок ишке ашыра албай убара тарткан аскердик-саясий технология экенин моюнга алыш керек. Ушундан улам маашырланган батыштык адистердин бир тобу бул жаңжалда жеңишке жетерин, ошол себептен аягына чейин баруу керектигин айтып жатканы түшүнүктүү.
Экинчи жагынан мындай "жетишкендиктин олуттуу кыйыр таасирлери" да жок эмес. Батыш соңку элүү жылда алгач ирет согуш маалынын кыйынчылыктарына кабылып туру. Азыркы жаңжалдын прокси-табиятын эске алганда бул аны ызага да батырууда. Канча жылдан бери ким менен гана согушпады. Бирок оорчулугу Европа жана океан ар жагындагы турмушка туюлган эмес. Ушул тапта украиналыктардын колу менен согушуп жатышса да өздөрүндө социалдык-экономикалык абал начарлап барат.
Карапайым европалык менен америкалык жаран мамлекеттердин Россия менен кармашуусу анын жеке капчыгын да кагып жатканын, ал эми үйү жана кеңселер барган сайын муздап баратканын сезүүдө. Албетте, Россия да, анын атайын аскердик операциясы да Батыштын кыйынчылыктарынын себеби болгон жок. Тек гана өзүнүн социалдык-экономикалык жана каржылык тутумунан арылууга мезгил жетти. Ал тургай россиялык аскердик атайын операция каатчылыкты да козгогон жок, ага Батыш өзү себеп болду.
РФти санкциялык сокку менен кыйратууну көздөп, тескерисинче, өз аракетинин кесепетин өзү тартып отурат. Бирок аны моюнга алыштын ордуна Батыштын саясатчылары жарым жылдан ашуун убакыттан бери азыркы кыйын кырдаалга Москва жана Путин күнөөлүү экенине өз жарандарын ишендирүү далалатында. Жоопкерчиликтен качуу үчүн башында бул кыйла дурус айла-амал чыгар. Украина Батыштын жардамы менен Россияны бачым эле жеңип, баары оңолуп, ал түгүл мурдагыдан да жакшырарына үмүт кылышкан. Пландары кынтыксыз ишке ашып кетсе ошондой болмоктур. Бирок алар күткөндөй болбой РФтин операциясы өз нугунда жүрүүдө.
"Тозоктуу" деп жар салынган санкциялар Россияга зыян келтире албады. Дүйнөнүн чоң бир бөлүгү бул тиреште Москвага жан тартып турганын дээрлик жашырган деле жок. Глобалдык экономика доллардан баш тартып, жаңы, Батыштын көзөмөлүнөн тыш жана эркин шарттарга өтүүдө.
Албетте, Россияда деле кыйынчылыктар жок эмес. Ошондуктан атлантикалык "кыргыйлар" деле согушту акыркы украиналык калганча улантуу боюнча өз пикирлерин бекемдөө үчүн жүйө келтире алары бышык. Бирок Украина Батыш үчүн "түпсүз чуңкур" же "кара туңгуюкка" айлангандай ресурстарды да, курал, акча, жалданма аскерлерди утур-утур талап кылууда. Өтүнүчтөрү бүтчүдөй да эмес. Анткен менен алар күткөн жыйынтык кол жеткис. Баарынан да жаңжалга Европа менен АКШ улам тартылып барат. Мындай жагдайда прокси-согуш деген түшүнүк өчүп бараткандай. Ошол эле учурда Батышта элдин жашоосу улам кыйындоодо.
Натыйжада Батышта согуштук теманын тегерегинде олуттуу пикир келишпестиктер жаралды. "Деги эмне болуп жатат? АКШ жана анын союздаштарын күчтүү өзөктүк держава менен ачык куралдуу кагылышка кептей турган жолду улантуунун кажети барбы?" деген суроолор кабыргасынан коюлду.
НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун башкы катчысы Украинадагы жаңжал көпкө созулат деп билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0