Азия экономикасы Европаныкынан эмнеси менен күчтүү? Адистин жообу

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСыйкырдуу кытай фонарларынын фестивалы. Архивдик сурөт
Сыйкырдуу кытай фонарларынын фестивалы. Архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2022
Жазылуу
Азия быйылкы жылдын үч кварталында экономикалык өсүш жагынан Европаны басып өткөнү айтылды.
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Азиянын экономикасы бир нече артыкчылыкка ээ. Атап айтканда: дээрлик түгөнгүс адам ресурсу, бизнести башка аймактардан которуу мүмкүнчүлүгү жана электрондук коммерциянын жигердүү өнүгүшү. Мындай пикирин "Прайм" басылмасына берген маегинде эл аралык кызматташтык боюнча адис Вадим Тимохин билдирди.
"Азия өлкөлөрүндө эмгекке жарамдуу адамдар көп. Бул өнөр жай жана тейлөө секторлорунун чыгымын кыйла төмөндөтөт. Ошондой эле адамдарда иштөө мотивациясы, атаандаштык жогору", — деди ал.
Аис учурда Европада газдын баасы былтыркыга салыштырмалуу 2-4 эсе кымбаттагандыктан өнөр жайда чийки зат жетишсиз болуп жатканын кошумчалады.
"Буга байланыштуу көптөгөн европалык компаниялар жабылышты же бизнесин сактап калуу үчүн өндүрүш ишканаларын башка, өзгөчө Азия өлкөлөрүнө өткөрүүгө аргасыз болушту. Албетте, мындай учурда жумушчу күч жергиликтүү элден алынып, салык дагы ошол жакка төлөнөт", — деди Тимохин.
Натыйжада ал Азиянын ИДПсы 2022-жылдын үчүнчү кварталына чейин 5,3 пайызга өскөнүн айтты. Ошол эле учурда бул көрсөткүч Европада 2,5 пайызга араң жеткен.
Кыргыз-кытай чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2022
Ысык-Көл тараптан Кытайга өткөн жолго чек ара бекетин ачуу пландалууда
Жаңылыктар түрмөгү
0