ИИМ жаңы жылда конокко кетчүлөр эске алчу кеңештерди тизмектеди

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүҮйдү ачкыч менен жабуу. Архивдик сүрөт
Үйдү ачкыч менен жабуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2022
Жазылуу
Жаңы жылдык майрамда баары эле үйдө отура бербейт, кимдир-бирөө эс алууга же конокко кетип, үйүн кароосуз калтырат. Милиция мындай учурларда уурулар "активдешерин" эскертти.
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жаңы жылдык майрам учурунда жарандар эки жакка чыкса, батирин, үйүн уурулардан кантип коргосо болорун айтып, жол-жобосун түшүндүрдү.
Акыркы убакта уурулар тажрыйбалуу болуп, топ-топко бөлүнүп, атайын каражаттарды колдонуу менен кылмыш жасашууда. Милиция андыктан турак жайды колу туткактардан коргоо үчүн олуттуу чараларды көрүү зарылдыгын эскертти.

Үйдү "көтөрүп" кетчүлөрдөн кантип сактануу керек?

эгерде сиздин батир биринчи же акыркы кабатта, өрт тепкичтеринин жана суу түтүктөрүнүн жанында болсо, терезе торлорду орнотуңуз;
эки кулпусу бар темир эшикти орнотууга кам көрүңүз;
эгерде коммуналдык эсептер, дүмүрчөктөр эшикте көптөн бери илинип турса, анда бул дагы уурулар үчүн белги болот;
кожоюндар жок учурда үйгө көз салып турууну кошуналардан сураныңыз;
айрыкча, кечинде терезелерди пардалар менен жапканга аракет кылыңыз. Кылмыш жасаардан мурда уурулар көбүнчө көз салган батирди терезелерден карап турушат;
ири суммадагы акчаны, ошондой эле баалуу буюмдарды банкта же сейфте сактаңыз. Эсиңизде болсун, сизге ишенимдүү көрүнгөн жерлер машыгып калган уурулар үчүн жөнөкөй жер болушу мүмкүн;
эгер үйдөгү телефонуңузга дайыма бейтааныш адамдар чалса, телефонду алган соң сүйлөшүүдө унчукпай же номерин туура эмес чалып алгандыгын кабарласа сак болуңуздар. Көп учурда сиз батирде кайсы убакта жок болгонуңузду аныктоо үчүн ушул ыкманы колдонушат;
турак жайды коргоонун эң натыйжалуу ыкмаларынын бири — борборлоштурулган пульттук көзөмөлдү орнотуу, анын алкагында бөлмөнү күзөт техникасы менен жабдып, жардамга тез чакыруучу радио жабдыгын колдонуу.
Эшик ачып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2021
Бишкекте батирге уурулукка киргендер бөлмөдөгү камерага түшүп калган
Кишен. Архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2022
Бишкекте батирлерди тоноого шектелип казакстандыктар кармалды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0