Бат-бат самынданып жуунгандар тери аллергиясына көп чалдыгат. Венерологдун маеги

© Фото / предоставлено Наби АхмедовымМедицина илимдеринин кандидаты, КММАнын тери-венерология кафедрасынын ассистенти Наби Ахмедов
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын тери-венерология кафедрасынын ассистенти Наби Ахмедов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2022
Жазылуу
Тери оорулары негизинен адамдын ички органдарынын абалынан кабар берет. Азыр тамак-аштын сапатына, туура эмес тамактанууга жана кыймыл-аракеттин аздыгына байланыштуу териде да ар кандай тактар, жаралар көбөйүп жатканы байкалат.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде конокто медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын тери-венерология кафедрасынын ассистенти Наби Ахмедов болду. Биз жугуштуу тери оорулары жана аларды алдын алуу, дарылоо жолдорун кеп кылдык.
— Теринин маанилүүлүгү, функциясы тууралуу айтып берсеңиз?
— Тери коргонуу, зат алмашуу, организмдеги ысык-суукту жөнгө салган милдетти аткарат. Организмде ысык энергия көбөйүп кетсе кан тамырлар кеңейип, ысыкты чыгарып салат. Ал эми азайып кетсе, тескерисинче, ичкерип ысыкты сактап турат. Ошондой эле теридеги рецепторлор да кызмат кылат. Ал болбосо адам ысык-суукту сезбей күйүп же кырсыктап калышы мүмкүн. Териде өзгөчө жаш балдардын сөөктөрүнүн түптөлүшүн негиздеген кальций, магний, фосфор витаминдери бар. Ал эми айрым зыяндуу заттарды организм тери аркылуу чыгарып салат.
— Дерматологиялык оорулар да жугуштуу жана жугуштуу эмес болуп бөлүнөбү?
— Ооба, тери — бул организмибиздин күзгүсү. Дерматологиялык оорулар көп учурда жалпы организмдин илдеттери менен тыгыз байланышта болот. Нерв системасынын, ички органдардын, кан жана башка оорулар тууралуу маалыматты теринин абалын карап эле айтса болот. Шарттуу патогендик микроорганизмдер териде ириңди пайда кылат. Иммунитет жогору болсо мындай илдеттер менен жабыркабайбыз. Дерматологияда ичегилерге абдан жакшы көңүл бурулат. Балдар экземасы, атопиялык дерматит ооруларында тамак-аштын сиңишине маани берилет. Болбосо териде аллергиялык өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Ичегинин да функциясы өтө чоң. Анда керектүү микроорганизмдер бар. Булар айрым витаминдерди иштеп чыгууга жардам берип, организмде тамак-аш менен микроорганизмдерди нейтралдаштырып турат. Биз негизи дары-дармек, антибиотиктерди көп ичебиз. Анын зыяны да бар. Ичегилер жакшы иштебесе ар кандай ооруларга алып келиши мүмкүн. Азыр салат, жашылча-жемиш, өсүмдүк клетчаткасын көп сунуштап жатпайбызбы. Ал ичегилердин иштешине жардам берет. Таттуу, углеводдуу тамакты көп жегенде, өсүмдүк клетчаткасы жетишпесе ичеги жакшы иштебей калышы мүмкүн. Организмдеги керексиз заттар кайра канга сиңип кетсе башка тери ооруларын пайда кылат. Адамдын кайсы бир органы ооруп жатканда терисине да тактар түшүп, бир өзгөрүү болгонун көп байкайбыз. Ичегиден тышкары мында өт менен боордун иштеши да өтө чоң роль ойнойт.
Ахмедов: вирустук инфекциялар дагы тери ооруларын пайда кылат
— Кыргызстандыктар көбүнчө кайсы дарттар менен кайрылышат?
— Мите козу карындар (митоз, грибок) менен кайрылгандар арбын. Булардын да түрү көп. Грибок, вирустук жана бактериялык патологиялар кеңири тараган тери оорулары болуп саналат. Адамдардын дээрлик 80 пайызы буттун грибок оорусуна кабылышат. Анткени ал тез жугат, оорунун күчтүү белгилери жок болгондуктан адам тери оорусуна кабылганын түшүнбөйт. Өтүшүп кеткенде жагымсыз жыт пайда болуп, тырмактар кыйшайып, териде жара пайда болот. Негизинен башка бирөөнүн бут кийимин кийсе, же кыскан, тердеткен сапатсыз бут кийимден пайда болот, мончо да бул оорунун пайда болушун шартташы мүмкүн.
Трихофития, микроспория (чакалай —ред.) дарттары жаныбардан жана адамдардан жугат. Бул мектепте, күрөшкө катышкан балдар арасында көп болот. Башка чыкса чач да түшө баштайт. Жаман жери туура эмес дарыланып калса эркек балдардыкы гормондордун таасири менен айыгып кетет. Ал эми кыздардыкы өнөкөткө айланат. Ошондой эле стафилококк жана стрептококк инфекциялары теринин ириңдешине алып келет. Фурункул, карбункул жана башка көптөгөн оорулар иммунитеттин кескин төмөндөшүнөн пайда болот. Мындан тышкары, учук дагы нерв ткандарына, бетке таасир этип, катуу ооруну шарттайт.
Жугуштуу илдеттердин кийинки түрү — котур. Ал негизинен шейшеп, кийим аркылуу жугат. Түнкүсүн аябай кычыштырат. Мында шейшеп, кийимдерди сууга кайнатып жууп, тез айыгууга болот. Бирок бат-бат жуунуп, улам-улам колун самындай берген кишилер теринин аллергиялык дартына көп чалдыгарын окумуштуулар далилдеди. Анткени теридеги табигый микроорганизмдерде адамды башка оорулардан коргоо функциясы бар экен.
© Sputnik / Асель СыдыковаКандидат медицинских наук, ассистент кафедры дерматовенерологии КГМА Наби Ахмедов
Кандидат медицинских наук, ассистент кафедры дерматовенерологии КГМА Наби Ахмедов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2022
— Вирустар да айрым тери ооруларын козгой турганы айтылат...
— Вирустар деле кээ бир тери ооруларын козгойт. Бетке, эриндердин айланасына учук (герпес — ред.) вирустан улам чыгат. Бул жугуштуу деп эсептелгени менен баарына эле жуга бербейт. Герпестин экинчи тиби жыныстык мүчөгө чыгат. Герпестин бат-бат чыгуучу рецидивист түрү спорт менен машыккан балдарда көп кездешет. Алар башка вирус менен оорубаса деле герпестин ушул түрү менен жабыркайт. Мунун себеби организмде кайсы бир гормондун жетишпестиги менен түшүндүрүлөт. Экинчиси — папиллома. Адамдын папиллома вирусу (HPV) да өтө кооптуу, ал онкологиялык ооруларды, анын ичинде репродуктивдүү системанын оорусун козгошу мүмкүн. Студент кезде жатын рагынын себебин эч ким билчү эмес. Азыр окумуштуулар муну папиллома вирусу пайда кыларын далилдешти. Биринчиден, өздүк гигиенаны сактоо керек. Андан кийин иммунитетти түшүрбөй туура тамактануу зарыл. Спорт менен машыкпасак деле бир киши күнүнө 5,5 чакырым басышы керектигин айтып жатышат. Айрым адамдар эртеден-кечке компьютердин маңдайында отурат. Ошондо иммунитет түшүп кетет. Жатарда тамак ичмейинче уктай албаган да адатыбыз бар. Ушунун баары туура эмес. Оорунун кандайдыр бир белгилери болуп калса дарыгерге кайрылуу керек.
— Демек, өз учурунда дарылабаса айрым оорулар өнөкөткө айланып кетиши мүмкүн экен да...
— Туура, өнөкөткө айланып, мите козу карындар тырмактарга өтүп кетет. Айрымдар тырмактары бузулганын көрүп витамин жетишпейт го деп жүрө беришет. Дарыгерге кайрылып, анализ тапшырып коюу керек. Интернеттен окуп же дарыканадан берген майларды сүйкөп коюуга болбойт.
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2022
Мите курттар адамдын канын азайтып, алсыратат. Адистин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0