Аялды баалап, эркекти мактап... Үйдөгү ынтымак менен берекенин сыры эмнеде

© Sputnik / Асел АкматҮй-бүлө" академиясынын жетекчиси, Ош шаардык кеңешинин депутаты, педагог, филология илимдеринин кандидаты Нуркыз Кадырбекова
Үй-бүлө академиясынын жетекчиси, Ош шаардык кеңешинин депутаты, педагог, филология илимдеринин кандидаты Нуркыз Кадырбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2022
Жазылуу
"Эркек бузулса үй, аял бузулса аалам бузулат" деген кеп бекер айтылган эмес. Үйдө ар кимдин өз орду бар. Бала тарбиясына, кирген келиндин келечегине жана бирөөнүн тукумун улоочу кызынын болочогуна себепкер аял киши болот.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде "Үй-бүлө" академиясынын жетекчиси, Ош шаардык кеңешинин депутаты, педагог, филология илимдеринин кандидаты Нуркыз Кадырбекова болду. Биз үй-бүлө мүчөлөрүнүн мамилеси тууралуу баарлаштык.
— "Үй-бүлө" академиясын түптөө идеясы кайдан келип чыкты? Түпкү максаты эмне?
— Бул академияны түптөө көптөн бери дилимде бышып даяр болсо да, шарт болбой жатты. Буга бир эле күндө келип калган жокмун. Айымдардын коомдо баркын, ордун көтөрүү — зарылчылык. Аял "бирөө мени коргошу керек" деп отура бербестен коомдо ордун таап, жаркырап жашаса жанындагы беш адамды бактылуу кылат. Биринчиси — жолдошу, экинчиси — атасы, эркек бир туугандары, үчүнчүсү — балдары, төртүнчүсү — кесиптештери. Ал эми бешинчиси — урук-тууганы, жалпы кошуна-колоң, айланасындагылар. Эркек жаркырап, баарына жылуу мамиле кылса жарыгы үй-бүлөсүнө жана кызматындагыларга тиет. "Кыргыз кыртышындагы кыргыз аялы бүгүнкү заманбап доордо өзүн кандай реализациялашы керек" деген темада айымдарга алган билимибиз менен жеке тажрыйбабызды айкалыштырып сунуштап келе жатабыз. Бир жыл ичинде бизге ажырашуу алдында турган 70тей үй-бүлө кайрылган болсо, анын 51и жашап жатат. Биздин академияда психологдор, гинеколог, экономикалык сабаттуулукка үйрөткөн адистерден тышкары кеп маданияты, бала тарбиялоо, өзүн алып жүрүү жаатында да сабактар өтүлөт. Экинчиден, 47 жаш — аялдар үчүн кризистик курак, же жаш эмес, же кары эмес. Келин жумшап кайнене болуп балпайып отурарын же күйөөсү менен кызганышып ойноп-күлөрүн билбеген кызык убак болот. Ушул жаштагы аялдар да көп келет. Мындан тышкары, "кыргыздар кыргыз тилинде" деген долбоорубуз бар, анда дүйнө жүзүндөгү кыргыз балдарына эне тилин үйрөтөбүз. Ошондой эле Z муунга мамиле жасоо, эмоцияны башкара билүү да каралган.
— Азыр үй-бүлө институту десе ата-энеси менен балдарын, ал эми калгандарын биринчи даражадагы тууган, экинчи даражадагы тууган деп эле түшүнүп калдык. Юридикалык жактан бул туура болгону менен кыргыз маданиятына жарашпайт. Үй-бүлө мүчөлөрүнө жалпы кимдер кирет?
— Ооба, юридикалык жактан үй-бүлө деп ата-эне жана балдары эле таанылат. Бирок "менин үй-бүлөмдүн чеги ушул эле" деген бөлүнүүдөн кыйроо башталат. Андан улам депрессия, келишпестиктер жана "душманды алыстан издебе, жакыныңдан көр" өңдүү түшүнүктөр келип чыкты. Үй-бүлө институтуна таята-таяне, атанын бир туугандары, кайын журт да кирет. Биз ушул баалуулуктарды кыз-келиндерге үйрөтүп жатабыз.
Бирок иликтегенде ажырашуунун төрт себебинин көч башында соцтармактардан психологиялык жактан жабыркаган айымдар турат. Алар бирөөлөрдүн чет мамлекетте эс алганын, кымбат ресторанда отурганын, кийингенин же күйөөсү гүл бергенин көрүп, ага жашоосун ашкере салыштыра берип, акыры өзүн таппай калат. Чындыгында эч ким интернетке жаман сүрөтүн же жүдөп жүргөнүн жүктөбөйт да. Баары эле мүмкүнчүлүк боло калса жеген жакшы тамагын же көргөн кооздугун чыгарат. Анан да даттанып келген аялдардын 90 пайызы күйөөмдүн кийимдеринин баарын жууп, үй оокатын кылып, үндөбөсөм деле башкага суктанат же сүйүп кетти дешет. Ага мен күлүп, ошол ашкере байпак жууй бергенден күйөө бирөөгө суктанып жатканын айтам. Эркек аялынан сулуулук, энтузиазм издейт. Аны таппаса көчөдөн карайт. Ошол себептен үй оокаты менен кошо аял өзүнө кам көрүүнү да унутпашы керектигин эске алып дене бойго кам көрүү боюнча мастер-класстарды да өткөрүп келебиз.
© Sputnik / Асел АкматНуркыз Кадырбекова: ялдын тамагын, эркектин бир нерсени оңдоп койгонун баалап, мактап коюу бара-бара жылуу мамилени орнотот.
Руководитель академии Үй-бүлө, педагог, кандидат филологических наук Нуркыз Кадырбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2022
Нуркыз Кадырбекова: ялдын тамагын, эркектин бир нерсени оңдоп койгонун баалап, мактап коюу бара-бара жылуу мамилени орнотот.
Аялдардагы экинчи көйгөй — "эл эмне дейт?" дегендин жаман жагын сиңирип алгандык. Албетте,"кызга кырк үйдөн тыюу" дегендей, коомдук пикир менен эсептешүү жакшы. Бирок кийимге атаандашуу, тойго же дагы башка болбогон өзүмчүлдүк адаттарга берилип кетүү жакшы эмес. Жумушу көп, максаты бар адам эч качан бирөөнүн кийимине, үй-бүлөсүнө көңүл бурбайт.
Үчүнчүдөн, азыр жубайлардын ортосунда "менин тууганым, сенин тууганың" деген принцип менен көп уруш чыгат экен.
Төртүнчүсү, кайненесинин сөздөрү, мамилеси үчүн күйөөсүн жектеген келиндер болот. Кайнене деген башка инсан, ал эми күйөө бөлөк. Биз апабыздын сөзү үчүн жеңебизден кечирим сурабагандай эле жолдошубуз да апасына жооп бербейт. Ошол себептен үй-бүлөдө "биз жана башкалар" деген принципти кабыл алуу керек. Башкалар дегендин ичинде экөөнүн тең туугандары бар.
Бул көйгөйлөрдүн баары көбүнчө энелердин кызды тарбиялоосунан келип чыккан. "Ай, ушунуңду мен эле көрөйүн. Кайненең көрсө эмне дейт, күйөөң төбөңө төрттү коёт, абысындар сөз кылат" деп кызды кулдукка тарбиялагандай өстүрөбүз. Натыйжада кыз бала барган жеринде кайнене, күйөөгө жагууну гана ойлоп, өз көз карашын, пикирин унутуп "эл жакшы десе болду" деген ойдо жашап калат.
Же тамчы ташты тешкендей, кыздар ал сөздү уга берип, көрө элек кайненесин душман көрүп калары шексиз.
Педагог, эл агартуунун отличниги Үрниса Кадыралиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2022
Чоң ата-чоң эне караган бала күйүмдүү, зирек болот. Педагог Кадыралиева менен маек
— 2021-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанда балдардын 51 пайызы никесиз төрөлгөндөр экени айтылган. Булардын көпчүлүгүн бала төрөлө электе эле ажырашып кеткен же документ албай калган келиндер түзөт. Алар негизинен күйөөсү менен эмес, кайын журту менен келише албаганын айтат. Кыргыз жаңы бүлөсүн "кут келди" деп эсептеген. Негизи келинге кандай мамиле жасалышы керек?
— Апам үч келинин тең 18 жашында алды. Үчөөнү тең окутуп, балдарын багып өстүрдү. Анан биз да тамашалап "апа, анчалык эмне, өзү деле окуй берет да" деп койсок, апам "кызым, сен бактылуу болсоң, мен кубанам. Бирок сен башканын тукумун улайсың. Келиним биздикин улайт, турмуш ушундай. Демек, келечектеги неберем, бала-бакырам келинимдин ден соолугунан, билиминен көз каранды" деп айтар эле. Мында чоң маани-мазмун жатат. Ошол себептен "келиндин келгендегиси эстен кетпейт", "келин жаман эмес, келген жери жаман", "керегем, сага айтам, келиним, сен ук" деген макалдар айтылып, нарк сакталган. "Ушу келиндин көңүлү ооруп калып, жаман сөз кетип укум-тукумума зыяны тийип калбасын" деп керегелерине сүйлөгөн. Келин канынан кан, терисинен тери, кашынан каш кошуп ошол үй-бүлөнүн укум-тукумун улаган негизги фигура экенин сезгенде жана муну кайын журту жакшы түшүнгөндө жогорудагыдай көйгөйлөр болбойт. Келиндин жаңы журтка сиңип кетишине кайын журт чоң роль ойнойт. Көбүнчө кайнене келинге өз кайненесинен көргөнүн жасайт. Кызыңдай эле келиндин да катасын кечирип, тарбиялай билүү керек. Үй-бүлөдө да милдет жана укук деген түшүнүк бар. Келин да турмушка аттанып жатканда ошол үй-бүлөнүн шартын, өзүнүн кылуучу кызматын билген. Демек, келиндик парзын да аткарышы зарыл. Баралына келип, болуп-турганда да улгайып калган кайненени аяп, "апалап" сыйлап койсо ашыкча болбойт. Ал кишини колунда камчысы бар зулум көрүүнүн да кереги жок.
© Sputnik / Асел АкматНуркыз Кадырбекова: эне болуша берсе аял менен теңме-тең айтышкан, мууну бош эркек тарбияланып калат.
Руководитель академии Үй-бүлө, педагог, кандидат филологических наук Нуркыз Кадырбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2022
Нуркыз Кадырбекова: эне болуша берсе аял менен теңме-тең айтышкан, мууну бош эркек тарбияланып калат.
— Эми ар кандай үй-бүлөлөр бар. Айрым үйдө матриархат болсо, кээ биринде улгайып калса да аялдын көзүнөн көк кетпейт. Жашоонун экинчи этабына өткөндө жубайлар кантип бири-бирине болгон жылуу сезимин сактап калса болот?
— Аялы менен күйөөсү бири-бирине "чырагым, берекем, баатырым" деп кайрылса балдарына да жагымдуу. Балдарга да ошондой жылуу сүйлөсөк. Бирок кыйкырышып жүрүп эле буга бир күндө көнүп кетүү кыйын. Адам жети күндөй өзүн мажбурлап айта берсе, андан ары адатка айлана баштайт. Анан да аялдын тамагын, эркектин бир нерсени оңдоп койгонун баалап, мактап коюу бара-бара жылуу мамилени орнотуп, үйдө жакшы маанай жаратат.
— Эркек бала менен кызга жасаган үйдөгү мамиле айырмаланышы керекпи?
— Ооба. Эркек балага үйдүн кожоюнундай, кызга коноктой мамиле жасоо керек. Уулга "балам, ушул үйдүн ээси болосуң. Кыз бала конок. Конокту сыйлайбыз, анын көзүнчө урушпайбыз, тамактын жакшысын, шейшептин жаңысын беребиз. Караңгыда сыртка чыкса конок менен кошо чыгабыз. Билбей адашып ката кетирип алса кечиребиз. Ошондой эле аны коргоо сенин милдетиң. Карындашыңды же эжеңди уруп, сөгүп жатканың мени урганың. Бирок, балам, мен сени менен калам. Бул конокту аёо керек" деп айтуу керек.
Ал эми кыз балага "турмушту бир жерге байлап койбойсуң. Качандыр бир кезде биз да өтөбүз. Ушул эркек бир туугандарың сага төркүн. Кыз бала өтүп кеткенде эркек бир туугандары жайга коёт, ошондой жакындыктагы адам бул. Экөөң бир жатында жаткан бир туугансыңар" деп айтуу керек.
Экөө уруша кетсе тизип алып териштирип, каргап-шилеген жарабайт. Бирден алып кирип алып сүйлөшүп, анан эшикке чыкканда эч нерсе болбогондой жүрө берүү туура.
Ал эми атасы урушуп жатканда уулуна эч качан болушпай, кыйпычыктаса да "атаң туура айтат" деп коюу керек. Эне болуша берсе аял менен теңме-тең айтышкан, мууну бош эркек тарбияланып калат.
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун психология кафедрасынын доценти, психолог Бермет Наралиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
Адам беш себептен улам кызганчаак болуп калат. Психолог Наралиеванын маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0