Адам беш себептен улам кызганчаак болуп калат. Психолог Наралиеванын маеги

© Sputnik / Асель СыдыковаЖусуп Баласагын атындагы КУУнун психология кафедрасынын доценти, психолог Бермет Наралиева
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун психология кафедрасынын доценти, психолог Бермет Наралиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
Жазылуу
Ар бир адамда кызганыч сезими жашайт. Биринде ал орду менен болсо, айрымдарда чектен ашып кеткен. Бирок психологдор адам кызганчаак болуп төрөлбөй турганын айтышат. Демек, буга турмуштук фактор себеп жана аны көзөмөлдөө колубуздан келет.
Sputnik Кыргызстан редакциясында конокто Жусуп Баласагын атындагы КУУнун психология кафедрасынын доценти, психолог Бермет Наралиева болуп, адамдагы кызганчаактыктын себеби, андан арылуу жолдору тууралуу суроолорубузга жооп берди.
— Кызганыч деген өзү эмне?
— Кызганыч — бул сезим, психологиялык көйгөй. Ал ар бир адамдын өзүнө тийиштүү объектиге жана субъектиге карата менчиктөө көз карашы болушу мүмкүн. Мындай инстинкт адамдарга да, жаныбарларга да берилген. Айбанаттарда деле өз аймагын, өзүнө тийиштүү жаныбарды коргогон сезим болот. Адамдардагы кызганыч аң-сезимдик көзөмөлдүн негизинде болушу керек. Ал чектен чыкпаса пайдалуу да жагы бар. Аял менен эркектин ортосундагы орундуу кызганыч ортодогу сезимди курчутуп, түгөйлөрдүн өзүнө болгон баасын көтөрүшү мүмкүн. Эгер чегинен ашып кете турган болсо, бара-бара адамды оорулуу кылып, психологиялык жактан жабыркатат. Кызганыч ар бир адамдын акыл-эс, аң-сезиминде пайда болору ырас.
— Ошондо бул сезим адам менен кошо төрөлөбү же кийин коомдун, тарбиянын таасиринен пайда болобу?
— Кызганыч коомдогу таасир этүүчү факторлордун негизинде пайда болот. Жарык дүйнөгө ар бир наристе сүттөй аппак төрөлөт. Инсандын калыптануусуна көп нерсе таасир этет. Кыргызда "уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың" деп бекер айтпайт. Үйдөгү ата-эненин өз ара мамилеси, жашоосу, жүрүм-туруму баланын келечегине модель болуп берет. Ар бир бөбөк көргөнүн автоматтык түрдө туурайт. Ага "муну кылба, аны жасаба" деген сөздөн көрө көзү менен көргөн нерсе көбүрөөк таасир этиши мүмкүн. Аял менен күйөө бири-бирине жылуу мамиле жасаса, бала да чоңойгондо ошондой үй-бүлө күтөт. Кээде чоңдор баланы этибар албай эле урушуп-талашып, кызганычка байланышкан маселелерди ачык эле айтып, чечише беребиз. Муну балдар үй-бүлөлүк модель катары көчүрүп алат да, кийин турмушунда колдонот.
© Фото / пресс-служба КНУКУУнун психология кафедрасынын доценти, психолог Бермет Наралиева: Кызганыч коомдогу таасир этүүчү факторлордун негизинде пайда болот. Жарык дүйнөгө ар бир наристе сүттөй аппак төрөлөт. Инсандын калыптануусуна көп нерсе таасир этет.
Психолог, доцент кафедры психологии КНУ Бермет Наралиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
КУУнун психология кафедрасынын доценти, психолог Бермет Наралиева: Кызганыч коомдогу таасир этүүчү факторлордун негизинде пайда болот. Жарык дүйнөгө ар бир наристе сүттөй аппак төрөлөт. Инсандын калыптануусуна көп нерсе таасир этет.
— Кызганычка байланыштуу көп эле кейиштүү окуяларды окуйбуз. Аял менен эркектин кимиси кызганчаак келип, кимиси агрессивдүү болот?
— Кызганыч аялдарда күчтүүрөөк көрүнүшү мүмкүн. Анткени психологиясы эмоция менен байланыштуу, ичте сактабайт. Түгөйүнүн кызганууга жол берген кылыктарын байкап кала турган болсо чыр салып, кыйкырып, ыйлап, күлүн асманга сапырышы ыктымал. Ал эми эркектер көбүнчө логикага таянгандыктан сабыр кылат. Бирок эркек киши аялынын көзгө чөп салганын эч качан кечирбейт. Ал эми аялдардын дээрлик көбү кечирип жашай беришет. Айымдар таарынбасын, табиятыбыз ошондой. Бул дүйнөнүн түркүгү аялдардын кечиримдүүлүгүндө.
— Кызганчаактыкты адам жеңсе болобу?
— Бул сезимди адам өзү жаратат. Түгөйү кызганууга эч кандай жол бербей татынакай жүрсө деле өзү аңдып, шекшип, күмөнү күчөп, ичинен кандайдыр сценарийлерди түзүп алгандар болот. Бул олуттуу психологиялык илдет. Кызганчаак аялбы же эркекпи, ал өз оюнун, драмасынын автору. Жашоодо ишеним деген чоң күч бар. Эгер адам түгөйүнө ишенип, шектене бербей башындагы таштандыдан арылса, бакубат, тынч өмүр сүрүшү мүмкүн. Ар бир адам өз жашоосунун режиссеру. Оюн, эмоциясын көзөмөлдөй албаган адам өмүрлүк жарын акыры көчөдөгү зым карагайдан деле кызганып калышы ыктымал. Чектен ашкан кызганчаактыктын түбү балалыктан алган жараатына да байланыштуу. Же жеке өзүнө берген баасынын төмөндүгүнөн болот. Ата-бабалар "тең-теңи менен, тезек кабы менен" деп бекер айтпаган, ар бир адамдын өмүрлүк жары билими, интеллекти, аң-сезими боюнча да түгөйүнө тең келе турган деңгээлде болсо кызганыч чектен ашпайт. Эгер бири өйдөрөк болсо, экинчисинин өзүнө берген баасы төмөндөйт. Мында айрымдар жубайын кызганып, ар нерсеге күнөөлөп, ар кимге жабыштырып басынтууга өтөт. Адамдын өзүнө ишенбестиги — сөзсүз түрдө кызганууну жаратат. Анткени ал жан дүйнөсүндөгү өксүгүн түгөйүнүн эсебинен толтургусу келет.
— Кызганыч аял менен эркектин ортосунда эле эмес, бала менен эненин ортосунда да болушу мүмкүн да. Ошол эле уулун келининен кызганган кайненелер да бар экен...
— Түйүлдүк пайда болгондон баштап эне наристесин өз жашоосундагы баалуу нерсеси катары чоңойтот. Бала эр жетип, сүйгөн жарын таап, энеден бөлүнгөндө көпчүлүк апалар уулун кызганышы мүмкүн. Негизи эне баласына үч жашка чейин гана ээлик кылып, андан кийин өзүнчө инсан катары сепарация болушу абзел. Апалар баласы кийин үйлөнүп-жайланып өзүнчө кетерин түшүнүшү кажет. Баланы өзүбүздүн жеке менчигибиздей эмес, өзүнчө инсан катары мамиле жасаганды үйрөнөлү. Ошондо келининен уулун кызгануу деген болбойт. Антпесе мындай кызганычтын арты жакшы бүтпөй калышы ыктымал.
Негизи аял киши эне болуунун алдында психологиялык билим алышы керек. Себеби баланын инсан катары калыптануусу энеден көз каранды.
© Sputnik / Асель СыдыковаПсихолог Бермет Наралиева: Кызганыч аялдарда күчтүүрөөк көрүнүшү мүмкүн. Анткени психологиясы эмоция менен байланыштуу, ичте сактабайт.
Психолог, доцент кафедры психологии КНУ Бермет Наралиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
Психолог Бермет Наралиева: Кызганыч аялдарда күчтүүрөөк көрүнүшү мүмкүн. Анткени психологиясы эмоция менен байланыштуу, ичте сактабайт.
— Өтө кызганчаак адамдын тилин таап жашоого болобу?
— Ар бирибизде кызганыч бар. Адамда "мен" жана "меники" деген сезим жашайт. Бирок психологияда жубайлардын дал келбей калышы тууралуу түшүнүк жок. Ал каалоодон көз каранды. Бардык маселенин жолун тапкандай эле адамдын да тилин тапса болот.
Негизи үйдө удаа төрөлүп калган балдардын "менине" (өзүнө берген баасына) доо кетип калат. Анткени ата-эне кийинки төрөлгөн балага көп көңүл буруп, берки бала көңүл чордонунан чыгып калат. Ошондо бөбөк депрессияга кабылып, өзүн керексиз сезет. Мындай мамилени көргөн балада өзүнө ишенбестик, өзүмчүлдүк, жалгыздык сезими калыптанат. Көпчүлүк кишилер бала кезден калган кандайдыр бир өксүк менен чоңоёт. Кичинекей бала сезимдерин көзөмөлдөп, анализдей албагандыктан анын "менине" доо кетет. Азыр студенттердин арасында өзүн баалабагандар, басынткандар абдан көп. Буга алардын ата-энеси күнөөлүү. Кичинекейинен "бала деген баладай, байлап койгон танадай" деп сөзгө аралаштырбай, "тынч отур" деп тыя берип да өзүн-өзү баалоосун жабыркатабыз. Кээ бирлери чоңойгондо көп китеп окуп, билим алып же спорт менен машыгып ийгиликке жетишип, өзүнүн "менин" оңдоп кетишет. Ал эми айрымдары өмүр бою өзүн элден кем сезип жүрүп өтүшөт.
Ашынган кызганчаактык илдет ата-энесинин мээримин көрбөгөн балдарда калыптанат.
Биз кандай болсок, өзүбүздү ошондой кабыл алууга үйрөнүшүбүз керек. Адам биринчи өзүн жакшылап таанып, жакшы көрүп, баалап, анан ыраазы болуп шүгүр кылганды билиши зарыл. Адамдар ар кандай болот. Бири акылдуу болсо, экинчиси таланттуу, дагы бирөө келишимдүү.
Психолог Зейнегүл Кудайбергенова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2021
Кул мүнөз адамдар кайдан чыгат? Франциядагы психолог Зейнегүл менен маек
— Кызганычтан адам өлтүрүп алган учурлар да катталат эмеспи. Бул сезим ушунчалык эле адамдын акыл-эсин алып коёбу?
— Эми аффект абалында адам өзүнө жооп бере албай, кыймылын көзөмөлдөй албай калышы мүмкүн. Ошол себептен кийин башын мыкчып отуруп калат. Кызганчаактык ашынып кетсе башка бирөөгө кол салууга жеткирип коюшу мүмкүн. Бирок адам өзүн колго алып, сезимин, багытын өзгөртсө болот. Ал эми өзгөртө албаган адам бара-бара психологиялык, эмоционалдык жактан жабыркап калат. Ал сөзсүз психологго кайрылышы керек. Психолог менен баарлашкандан кийин да өзгөрүү же ошол бойдон калуу адамдын өз колунда. Кызганычка кабылганда адам эмоциясын анализдеп, өзүн башка ракурстан карап көрүүгө дарамети жетпей калат.
— Айрымдар, тескерисинче, түгөйүнө "сен мени кызганбайсың" деп таарынат го. Бул көңүл буруунун жетишсиздигинен эмеспи?
— Ооба. Минтип айткан аял же эркек көңүл бурууга муктаж. Анын түгөйү дайыма жакшы сөздөрүн арнап, чогуу эс алууга да чыгып туруулары керек. Кээде бала менен көп убакыт үйдө отуруп калганда аял ушундай сезимге туш болот. Бул бири-бирин жакшы тааный элек жаш жубайлардын арасында көп кездешет. Адам биринчи өзүн жакшы таанып, анан түгөйүн билүүгө тийиш. Бири-бирин жакындан билген жубайларда ажырашуу, түшүнбөстүк болбойт. Негизи үй-бүлөдөгү чыр-чатактын болуусу нормалдуу социалдык кубулуш. Бирок ал да чегинен ашпашы керек.
Ар кандай типтеги адамдар бар. Бирөөлөрдү дайыма мактап, экинчилерине сын айтып турган жарашат.
© Sputnik / Асель СыдыковаПсихолог Бермет Наралиева: Биз кандай болсок, өзүбүздү ошондой кабыл алууга үйрөнүшүбүз керек. Адам биринчи өзүн жакшылап таанып, жакшы көрүп, баалап, анан ыраазы болуп шүгүр кылганды билиши зарыл.
Психолог, доцент кафедры психологии КНУ Бермет Наралиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
Психолог Бермет Наралиева: Биз кандай болсок, өзүбүздү ошондой кабыл алууга үйрөнүшүбүз керек. Адам биринчи өзүн жакшылап таанып, жакшы көрүп, баалап, анан ыраазы болуп шүгүр кылганды билиши зарыл.
— Сезимди сыртка чыгарбаса ооруга айланат дешет. Кызганычты да айлана-чөйрөгө зыянын тийгизбесин деп ичке катып жүрө берсе кесепети оор болбойбу?
— Албетте. Ошол эле жылуу сезимиңизди да сыртка чыгарбай жүрө берсеңиз жолдошуңуз сиздин мамилеңизди кайдыгерлик катары баалап, ортодо түшүнбөстүк болуп калышы мүмкүн.
Ошондой эле кызганчаак адам да ичинен түгөйүн байкап, аңдып, анан ичиндеги драмалык сценарийин өркүндөтүп жүрө берсе бир күнү үйлөнгөн шардай жарылат. Маселени конфликттик деңгээлге жеткирбей чечсе натыйжасы оор болбойт. Бардык нерсени маңдай-тескей отуруп алып ачык сүйлөшкөн жакшы.
— Адамды эле эмес, тамакты же идеяны кызгангандар да болот эмеспи?
— Азыркы ааламдашуу мезгили — идеянын заманы. Анткени сиз жаратуу алдында турган идеяңызды башка бирөөгө айтып койсоңуз кур жалак калып калышыңыз мүмкүн. Андыктан аны кызганып, жашырганыңыз туура. Ал эми тамак-ашка болгон кызгануу адамдын пейилинин токтугун же ачтыгын көрсөтөт. Бала кезде бизди "бир үзүм нанды да бирөө менен бөлүшүү керек" деп тарбиялаган. Көрдүңүзбү, биздин көйгөйлөрдүн баары тең бала кезге барып такалат. Зигмунд Фрейддин айтымында, ар бир адамдын кичинекейинен алган жарааты болот. Эгер аны жеңип кетсе жакшы, анте албаса өмүр бою "жеңем" деп жүрүп, ал жарааты жашоосунда кызыл сызык катары жашап калат экен. Баланы жарты токочу болсо да бирөө менен бөлүшүп жегенге үйрөтсө, чоңойгондо деле ошол нерсе калат. Эч кандай кызгануу болбойт.
— Кызганычтан кантип арылуу керек?
— Бул учурда ар бир адам өзүнө "ушул мага керекпи?", "эмнеден утулуп, эмне таап жатам?" деген суроо бериши керек. Кызганычтын айынан үйдө дайыма уруш-талаш боло берсе жашоосун анализдеп көрүүсү зарыл. Өзгөрө ала турган адам — ал ийгиликтүү адам. Мисалы, сиздин айыңыздан үйдө бир ирет чоң жаңжал болсо, экинчи аны кайталабоо үчүн аракет жумшайсыз. Санаага чөкпөй, дароо өзгөрүлүүгө бел байласаңыз турмушуңузда жемишин берет. Жогоруда айткандай, чектен ашкан кызганчаактар психологго кайрылышы шарт.
Үй-бүлөдө ар биринин функционалдык милдеттери бар, кандай болбосун бардык жагынан чектен ашпоо зарыл.
Эркек менен аял уруш учурда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2022
Адис жубайлардын ортосундагы сүйүүнү жок кылчу 5 учурду санап берди
Кыз бий учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2022
Өчөшүп калабы дейм. Күйөөсү менен жетекчисинин ортосунда кыйналган келиндин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0