Sputnik Кыргызстан археологдордун буга чейин өлкө аймагынан тапкан ар кайсы доорго, кылымдарга таандык баа жеткис буюм-тайымдардын айрымдарынын сүрөттөрүн... 18.12.2022, Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда эң алгачкы археологиялык казуулар XIX кылымдын соңунда жүргүзүлүп, кийин бир топ окумуштуулар келип кеткен. Алар таш, коло дооруна таандык аспаптарды, зер буюмдарды таап, жаңы тарых барактарын толуктаган. Ошондой эле жергиликтүүлөргө байланыштуу археологиялык-этнографиялык экспедициялар да уюштурулуп, анда археологдор сейрек экспонаттарды кездештирген. Ал табылгалар азыркыга чейин музейлерде сакталып турат.Тема боюнча:— Кыргызстандын жаратылышына кызыгып келген чет элдиктер. Архивдик ирмемдер— Ак кар, көк муз баскан Ала-Тоодогу чет элдик альпинисттер. Архивдик ирмемдер
Sputnik Кыргызстан археологдордун буга чейин өлкө аймагынан тапкан ар кайсы доорго, кылымдарга таандык баа жеткис буюм-тайымдардын айрымдарынын сүрөттөрүн сунуштайт.
Кыргызстанда эң алгачкы археологиялык казуулар XIX кылымдын соңунда жүргүзүлүп, кийин бир топ окумуштуулар келип кеткен. Алар таш, коло дооруна таандык аспаптарды, зер буюмдарды таап, жаңы тарых барактарын толуктаган. Ошондой эле жергиликтүүлөргө байланыштуу археологиялык-этнографиялык экспедициялар да уюштурулуп, анда археологдор сейрек экспонаттарды кездештирген. Ал табылгалар азыркыга чейин музейлерде сакталып турат.
Ысык-Көлдүн жээгинде археологдор кыш, суу агызган түтүктөрдү чыгарган XIV-XV кылымдарга таандык ишкананы табышкан. Сүрөттө Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Тарых институтунун отряды, 1961-жыл
Ысык-Көлдүн жээгинде археологдор кыш, суу агызган түтүктөрдү чыгарган XIV-XV кылымдарга таандык ишкананы табышкан. Сүрөттө Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Тарых институтунун отряды, 1961-жыл
Алтын, нефриттен жасалган зер буюмдар, чопо идиштерди Улуттук илимдер академиясынын экспедициясы 1960-жылы тапкан. Ал сейрек табылгалар V кылымга таандык деп болжолдонуп келет.
Алтын, нефриттен жасалган зер буюмдар, чопо идиштерди Улуттук илимдер академиясынын экспедициясы 1960-жылы тапкан. Ал сейрек табылгалар V кылымга таандык деп болжолдонуп келет.