Тагдыры трагедиялуу болсо да Чыңгыз Айтматов жолдуу болгон. Гений тууралуу маек

© Фото / из семейного архива АйтматовыхЗалкар жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2022
Жазылуу
12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Жазуучунун чыгармалары бүгүн шедеврге айланып, "Айтматов ааламы" деген түшүнүктү калыптандырды. Заманыбыздын залкар жазуучусу көзү тирүү болгондо 94 жашка толмок.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде конокто мамлекетке эмгек сиңирген ишмер, Жогорку Кеңештин төрт чакырылышынын депутаты Каныбек Иманалиев болду. Биз Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасы, жазуучуну гениалдуулукка жеткирген сапаттары, каармандарынын өзгөчөлүгү тууралуу маектештик.
© Sputnik / Табылды КадырбековКаныбек Иманалиев: Айтматовдун көсөмдүгү — Гүлсарат аркылуу бүтүндөй бир доорду сүрөттөп берип салган
Депутат ЖК VI созыва Каныбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2022
Каныбек Иманалиев: Айтматовдун көсөмдүгү — Гүлсарат аркылуу бүтүндөй бир доорду сүрөттөп берип салган
— Каныбек Капашович, Чыңгыз Айтматовдун каармандарынын ичинен сизге эң жакыны ким?
— Мага эң жакыны Толгонай менен Танабай. Себеби ар бир айылда Танабай бар. Мен бала кезде айылыбызда Гүлсарат деген колхоздун аты бар эле. Гүлсаратты окуп жатып эле "Гүлсарат качан күлүк болуп, жарыштан озуп чыгат" деп күтө берчүмүн. Ал эми студенттик кезде сүйүү тематикасына көңүл бурдум. Танабай Бүбүжанды жакшы көрүп калып, ал сакмалчы болуп келсе да сөз айта албай калат эмеспи. Кийин түшүнсөм, Гүлсараттын тагдыры — бул СССРдин тагдыры экен. Айтматовдун көсөмдүгү — Гүлсарат аркылуу бүтүндөй бир доорду сүрөттөп берип салган.
Экинчиси, Толгонай — бул Шекспирден да бийик трагедия. Адам баласы көтөрө алгыс кайгыны бир кичине эне көтөргөн. Балдарынын баарынан, келининен ажырады. Анан аягында ээн талаада, Жер эне менен сүйлөшүп, башка бирөөдөн төрөлгөн неберени карап калат. Ал эненин жүрөгү менен келген тирүүлүктү кийинки муунга өткөрүп берип жатат. Бул Айтматовдун чыгармасындагы эбегейсиз шедевр.
— Негизи Айтматовдун каармандарынын өзгөчөлүгү эмнеде?
— Дүйнөдө генийлер кайсы улуттан чыгарын сурасаң, баары еврей, англис, жапон, француз, немец, орус, кытайды аташат. Чынында эле ушундай. БУУнун тилин түзгөн дүйнөлүк 7-8 тилде жазган ушулар. Жер шаарында 8 миллиард эл болсо, биз сегиз эле миллионбуз. Англияда бирөө чыгарма жазса, бир миллиард киши окуйт. Ал эми кыргыз жазса миң кишиге жетет. Ошол кенедей элден чыккан жазуучунун чыгармалары дүйнөгө тарады. Аз элден да гений чыгарын Айтматов далилдеди. Азыр 700-800 миллион мусулман бар. Ошол мусулмандардан Толстой, Хемингуэй, Шекспирге тең келе турган Айтматов чыкты. Мусулман дүйнөсүндө Айтматовго тең келген жазуучу жок. Үчүнчүдөн, Чыңгыз Айтматов түрк дүйнөсүнүн алпы. Ошондо залкар жазуучубуз дүйнөгө үч жаңылык киргизип жатпайбы. Ошол себептен өзбек, казак, түрк да Айтматов менен сыймыктанат.
Последняя фотосессия писателя Чингиза Айтматова в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2021
Чыңгыз Айтматов тууралуу 22 факт. Айылдан ааламга кеткен жолдун кубанычы менен ыйы
— Ааламдык деңгээлдеги алп жазуучунун чыгышына эмне түрткү берди деп ойлойсуз?
— Албетте, биринчиси генетика, тектүү жердин уулу. Экинчиси, чоң энеси Айымкан фольклорду айтып, кулагына куя берген. Улуттук китепканада алты миллион китеп бар. Бирок өкүнүчтүүсү ошонун 90 пайызы мындан кийин такыр окулбайт. Себеби алар СССР доорунда, ошол идеологияга багытталып жазылган. Архивдеги китептерден фольклор менен классикалык адабияттар гана окулат. Чыңгыз Айтматовдун тагдыры трагедиялуу, бирок жолдуу болгон. 1-2-классты Москвадан окуп, орус тилин ошол деңгээлде билип жатат. 11-12 жашында согуш мезгилинде кара кагаз жеткирип, адамдар аны кабыл алган. Эркеликти билбей өскөн балалыгы, согуш Айтматовду тез жетилткен. Баланын акыл-эси, аң сезими 6 жаштан 12 жашка чейин тез өнүгөт. Буга улуу жазуучунун балалыгындагы трагедиялуу тагдырлар кошул-ташыл болуп жатпайбы. Ушунун баарын кийин чыгармаларында жазды. Каармандардын баарын бала кезинде көрүп, аны кийин жаңы аң-сезим менен жогорку чеберчиликте берип жатат. Чыңгыз Айтматов биздей болуп филологияны же адабият теориясын окуп калганда бул деңгээлге жете алмак эмес. Ал партиянын рамкасында калып Толгонай энени, Жамиланы деле коммунист кыла бермек. Бул анын бактысы. Ал эми Москвадан эки жылдык адабият курсун окуган убакта Айтматовдун көз карашы калыптанып калган учур болчу. Аны бир калыпка салуу мүмкүн болбой калган. Чыңгыз Айтматовдо адамзаттын өлбөс-өчпөс нравасы камтылган. Элүү жылдан кийин деле ал окула берет.
— Ал эми атаандаштык маселеси кандай болгон? Себеби убагында ал киши да каралоолорго туш болгон да...
— Айтматовдун эң чоң трагедиясы — репрессияланган адамдын баласы болгон. Андай балдар жалтаң өсүп калат. Бирок Айтматов Сталинге болгон ички каршылыгын "Кылым карытар бир күн" чыгармасында кыйыр бере алган. Быкшып жаткан муңун укмуш жеткирген. Мухтар Ауэзов аркылуу Луи Арагонго чыкканы, Москвадан Александр Твардовскийдин катуу колдогону — анын жолдуулугу. Кыргыздар мындайды кудай сүйгөн адам деп коёт. Мен Айтматовдон бир-эки мертебе маек алгам. Бир да кыргыз, орус жазуучусун жамандаганын уккан эмесмин. Пендечиликтен өйдө турган. Каргага атаандашпаган бүркүттөй чабытын керип кете берген. Өз баасын билген.
© Sputnik / Чернов / Медиабанкка өтүүАйтматов бир да кыргыз, орус жазуучусун жамандаган эмес. Пендечиликтен өйдө турган. Каргага атаандашпаган бүркүттөй чабытын керип кете берген
Лауреат Ленинской премии киргизский писатель Чингиз Айтматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2022
— Жогорку Кеңештеги трибунадан "Айтматовдун чыгармаларын курагыңа жараша кабыл алып, ааламдык дүйнөгө да жетесиң" деп айткан элеңиз. Мунун себеби эмнеде?
— Орустун бир жазуучусунун "Пушкин сага бала кезиңде келет. Ал эми сен ага жаш курагың өткөндөн кийин барасың" дегенин окуп калдым. Чын эле ошондой экен. Коронавирус пандемиясы убагында Айтматовду кайра бүт окуп чыктым. "Мен Тянь-Шань" чыгармасы көркөмдүк жагынан абдан күчтүү. Ал эми жазган чыгармаларынын туу чокусу — "Ак кеме" повести. Ушундай күчтүү башталып, анан боз үйдүн жыгачтарындай ашталып-ашталып бүтүп калат. Ар бир жаш жазуучу "Ак кемени" окушу керек. Улам окуган сайын жаңы ачылыштар чыга берет. Айтматов канча жыл өтсө да ошол бойдон кала берет. Сен чоңойгон сайын андан өзүң үчүн жаңы нерселерди ача бересиң. Ал бүт сырын сага ачып да бербейт. Генийликтин сыры ушунда. Тереңдеген сайын тереңдей берет. Айтматовдо диний канондор да кездешпейт.
— Айрым каармандарын бир кезде жаман көрүп, кийин ал жакшы жагынан ачылып калат эмеспи...
— Орозкулду көбү жек көрөт. 50 жашка чейин балалуу болбогон таанышым "мен Орозкул болуп кете жаздадым. Ушул куракка чейин бала көрбөгөн ар бир эркек Орозкул болуп калат. Айтматов 15 жылдан ашык артынан тукум калбаганына заманасы куурулган эркектин жан дүйнөсүн Орозкул аркылуу укмуш берген" дегенде түшүндүм. Ошол досумдун жакшы көргөн каарманы Орозкул. Жазуучу баарынын абалын мыкты берген.
— Айтматов башынан өтпөсө анын абалын кайдан билген? Ар бир каарманында трагедия, жашоо...
— Ошол үчүн ал мыкты нейрохирург. Адамдын мээсиндеги 60 миллиард нейрондордун ичине кирип алып бир күнү бугу, бир күнү бала же чал болуп калат. Кызык жери анда бир да тарыхый каарман жок. Айтматов кичинекей каармандарды жогору чыгарат. Дүйнөнү тиреп турган бул жөнөкөй адамдар.
Кыргыз-Түрк Манас университетинин гуманитардык факультетинин деканы, филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2020
Үкүбаева: көйгөй-кубанычыбыз, романтикабыздын баары Айтматовдун чыгармаларында
— Азыр "Айтматов таануу" деген сабак киргизип, илимге айлантып жатабыз. Изилдөө иштери жазуучуну жаңы өңүттөн ачып бере алабы?
— Айтматов тууралуу жакшы нерселерди ачсак. Мисалы, Толстойдун айылы Ясная Полянага анын укум-тукуму жыл сайын чогулат. Туристтик жерге айлантышкан. Шекер айылын деле ошондой аймакка айлантсак болот. Ал үчүн "Биринчи мугалимдеги" мектепти, Толгонайдын үйүн жана башкаларды таап, тарыхый жерди курсак. Муну жайында Теңиз Бөлтүрүк колго алып баштаган. Биринчиден, Кыргызстандагы эле окуучуларды алып барат элек. Анан коңшулардан, дүйнөдөн келет эле. Биз эстелик коюуну эле айта беребиз. Бул иштеп турган туризм борборуна айланышы керек. Мугалим менен окуучунун макулдугу менен жумасына эки жолу "Айтматов таануу" ийримин өтүп, Билим берүү министрлиги Айтматовдун чыгармалары тууралуу сынак жарыялап турса. Ошону жеңгендерге жазуучунун атынан стипендия берип, анын айылына алып барсак сонун болмок. Биз белгилүү адамдарды мааракесинде гана эскеребиз. Окуучунун көзү менен, оозу менен Айтматовду айттырсак кандай жакшы болот эле.
— Чыңгыз Айтматовдун Манас менен байланышы тууралуу эмнелерди айтсак болот?
— Мен үч нерсени айтмакмын. Чыңгыз Айтматовдун багына ал манасчы Саякбай Каралаев менен борбордо бетме-бет кошуна жашап калган. Саякбайдын генийлигин ошондо билген. Менимче, Айтматов манасты Саякбайдын оозунан угуп түшүнгөн. Манасты окуп эмес, угуп түшүнүү керек. Кийин "Манас" эпосу китеп болуп чыкканда Айтматов редактор болгон. Орус журналисти "башка элдердей кыргыздардан космонавт чыгабы?" деп сураганда, ал "Саякбайдай ааламдык адам турганда бизге космостун эмне кереги бар?" деп жооп берген. Азыркы "Манас" аэропортунун аталышы Айтматовдун сунушу менен коюлган. Идеологиялык доордо Манастын улуулугун көрө билген инсан. Манасчы тууралуу бир чыгармасы бүтпөй калды. Менимче, Манастын духу Айтматовго, Болот Шамшиевге жана Мелис Убукеевге Саякбай аркылуу келсе керек. Себеби үчөө тең ал киши менен пикир алышып калган.
© Фото / из архива семьи АйтматовыхЧыңгыздын Саякбай өлгөндө "Манастын 40 чоросу Сакемди алып кеткени ушул жерде тургандыр" деген сөзү бар
Кыргызский писатель, герой Кыргызской Республики Чингиз Айтматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2022
— Манастан кандайдыр бир илхом ала алганбы?
— "Жомокчу" деген акыркы чыгармасы ушундай демде жазылса керек. Саякбай өлгөндө "Манастын 40 чоросу Сакемди алып кеткени ушул жерде тургандыр" деген сөзү бар. Ал кезде минтип эч ким айта алган эмес. Ал эми экинчиси, Чүйдүн бир талаасында Саякбай Манас айтып жатканда жаан төгүп турса да эл кетпей, таң атканча айтканын, анан эртең менен Тайтору озуп келгенде күн да чайыттай ачылып кеткенин укмуш сүрөттөп жазды эле. Ал киши Манастын рухуна, улуу күчкө ишенген болсо керек.
— Чыңгыз Айтматовдун публицистикалары тууралуу эмне айта алабыз?
— Ал кишинин жазгандары публицистика жаатында үлгү болорлук эмгек. Себеби ал публицист журналист да болуп иштеген. 1984-86-жылдары Токмокто бир да кыргыз тилдүү мектеп жок болчу. Бишкекте 400 миң киши иштесе да №5тен башка кыргыз мектеби жок эле. Ал эми бир да орус жашабаган Нарын гезити "Нарын правдасы" деп аталчу. Ошону биринчи Айтматов айтып чыккан. "Тавро Кассандра" романы чыкканда интервью алдым, өтө тереңдебей супсак маек берди. Себеби өзү да канааттанбай калса керек. Ал публицистикага жакын чыгарма болуп калган.
— Улуу жазуучунун адамдык сапаты кандай эле?
— Биз бир канча жолу бирге чай ичип, маектешип калдык. Өтө ачыла бербеген, салмактуу инсан эле. Бир ирет 2003-жылдары кыргыз киносунда кимдер келе жатканын сурады. Биз Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаровду санап, кинолору тууралуу айтып бердик. Анан Айтматов ооруп жатканда бир эл аралык радио элден ал киши тууралуу маек алды. Бир кыргыз киши маегинде "мен Айтматовго боорумду бергенге даярмын" деген. Көп өтпөй Айтматов да каза болуп калды. Ал кишинин көзү өткөнү акыркы 1000 жылдыкта Манас өлгөндөн кийинки эле чоң трагедия. Аң-сезими менен дүйнөгө таасир берүүчү адам эми бизде чыгабы бул чоң суроо. Айтматовдун таасири менен СССРде 3-4 миллион калкы бар Кыргызстан "СССРдин эл артистин" алууда 3-орунда турган. Айтматов дүйнөсү адабиятты гана көтөргөн жок, анын чыгармаларынын алкагында музыка, кыргыз драмалары, балети дүйнөнү кыдырды. Сүрөт галереясы түзүлдү, киносучу? Экономикабыз артта болсо да, Айтматов маданиятыбызды алдыга сүрөп кеткен. Айтматовдун жердеши болуу — чоң сыймык. Айтматов улуттун алдындагы улуу вазийпасын аткарды. Эми биз да ошого татыктуу бололу. Президент баш болуп жылына "Айтматовду окуу" акциясын уюштуралы. Сонун дикторлор бар. Буга акчанын деле кереги жок.
Писатели Чынгыз Айтматов, Аалы Токомбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2021
Чыңгыз Айтматовдун сүрөттөгү элеси. Дүйнөнүн ар жеринен окурман тапкан калемгер
Жаңылыктар түрмөгү
0