Мындан аркы темам Тажикстандан жабыркаган баткендиктер болот. Кудайкуловдун маеги
Мындан аркы темам Тажикстандан жабыркаган баткендиктер болот. Кудайкуловдун маеги
Sputnik Кыргызстан
Борбордо Баткенден келген сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү өттү. Өрүкзарлуу аймак таланттуулардын мекени экени шексиз. Алдыда аталган облуста сүрөт галереясы да... 11.12.2022, Sputnik Кыргызстан
Кудайкулов: чек арада чыр чыккан сайын сүрөттөрүмдү кошо ала кетем
Sputnik Кыргызстан
Кудайкулов: чек арада чыр чыккан сайын сүрөттөрүмдү кошо ала кетем
Sputnik Кыргызстан редакциясында конокто мугалим, Кыргызстан жазуучулар союзунун жана сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, Эл агартуунун отличниги Сайиткул Кудайкулов болду. Биз 48 жылдан бери мугалим болуп иштеген сүрөтчүнүн чыгармачылыгы тууралуу маектештик.— Агай, сынакка кандайча катышып калдыңыз? Жалпы эле уюштуруучулар сиздердин эмгектерге кандай баа берди?— Бишкектин Эмен багында өткөн сүрөт көргөзмөсүнө Баткенден он сүрөтчү катыштык. Мындан да көп келмек. Бирок өткөндөгү кырдаалга байланыштуу кээ бирлердин үйү менен кошо сүрөттөрү да күйүп кеткен. Уюштуруу жогору деңгээлде болду. Акыбалыбызга карабастан башыбызды бийик көтөрүп сүрөтчүлөр союзунан келген меймандарга, шаардыктарга эмгектерибизди тартууладык.— Негизинен сүрөттөрүңүздүн жандуулугун айтышат. Кандай көрүнүштөрдү көбүнчө кагазга түшүрөсүз?— Мен 1972-жылы мурдагы Фрунзе шаарындагы көркөм өнөр окуу жайын бүтүргөм. Агайларым живопись, калем жана композиция багытында тартууга үйрөткөн. Мектепте да бул жаатта мыкты педагогдорго туш болуп калдым. Баланы туура жолго багыттаса эле идиреги барлардын таланты ачылат. Менин 100дөн ашык чыгармаларым бар. Негизинен протретчимин. Андан сырткары, жаратылышты, кыргыз тоолорун, сууларын сүйөм. Тоолорсуз сүрөт тарта албайм. Окуучуларым да ушул багытта ийгиликке жетишип, республикалык деңгээлдеги кароо-сынактарга катышып жатат. Мындан ары тажиктердин кол салуусунан жабыркаган баткендиктер тууралуу эмгектерди жаратам. Ушул тематикада иштөөнү чечтим.— Баткендеги кол салууда үй-бүлөңүз менен кошо эмгектериңизди да алып качууга мажбур болот экенсиз. Андагы кырдаалды эске алганда сүрөттөрдү ташуу өтө эле кыйын болсо керек?— Кырсыкта үйүмдү, мал-мүлкүмдү таштап, автоунаага үй-бүлөм менен кошо сүрөттөрүмдү жүктөп эвакуацияландык. Борбордогу көргөзмөгө алып келгенге чейин эле сүрөттөрүм машинамда стартта турду. Эми Баткен облусунун сүрөтчүлөр союзун түзүп, галерея уюштуруп жатабыз. Эмгектерибиз ошол жакта болот. Жакында жаш балдардын да сүрөт көргөзмөсү болду. Баткендик окуучулардын тарткандарын карасаңыз, көбүнчө тынчтык темасы көп чагылдырылат. Сайттардан атайын карап сүрөт сынагын, эл аралык сынактарды иликтеп, дайыма биздин окуучуларды катыштырууга далалаттанам. Жакында эле экология боюнча “Кыргызстандын алтын тоолору” аттуу көргөзмөнү көпчүлүк мектеп окуучулар билбей калышты. Бирок биз келдик. Аймактарга маалымат жетпей калат.— Чыгарма да жазып, ага сүрөттөрүңүздү тиркеп китеп чыгарган экенсиз?— 2011-жылы “Мухитке сапар алуу” аттуу китебим чыкты. Анда да ар бир он барак сайын 2-3 бет көркөм эмгектерим тиркелди. Ырларым жашоо-турмушка арналган. Кийин “Лейлектин кооз оймолору”, “Лейлектик баатырлары” деген да эмгектерим жарык көрдү. Алар Баткендин, Жалал-Абаддын китепканаларында бар.— Көркөм өнөрдүн адамзатка таасири кандай?— Сөзсүз таасири бар. Мен мисалы, портреттерди тартканда ошол кишини 100 пайыз окшоштурууга аракет кылам. Калем менен да, боёк менен да тартам. Жеткиликтүү иштебесем ыраазы болбойм. Жаратылышты чагылдырсам, ошол кооздукту жеткирмейинче жай албайм. Айрымдарын 1-2 апта же андан да көп мөөнөттөргө узартып коём. Кээде биринчи чыгарманы жаратып жатканда улам толгонуп иштеп жүрүп, экинчи чыгарма жаралып калат. Портреттеримдин арасында белгилүү адамдар жокко эсе. Көбүнчө айылдын карапайым тургундарын түшүрөм. Бул да тарых. Анын жүзүнөн элдин жашоосу, анын маанайынан коомдук абал байкалат. Мурда чоң ата, чоң энелердин сүрөттөрү көп тартылган. Ал эмгектер кандайдыр бир деңгээлде бизге өткөндөн маалымат берет. Ошол себептен сүрөттөр 100 жылдан кийин бааланары айтылат.— Айрымдар жактырган сүрөтүн сатпай тумар катары алып калышат экен...— Ошто сүрөт көргөзмөсү өтүп, Бишкектен сүрөтчү Юристанбек Шыгаев барып 2-3 сүрөтүмдү сатып алмак болду. Бирок экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүк болуп мен бербей койдум. Анткени анын “акчасын кийин аласың” дегенине көнбөдүм. Ошол сүрөттөрүм дагы эле жанымда. Бирин кечээ Бишкектеги көргөзмөдө галереяга алып коюшту. Калгандары “Курманжан датка” жана “Курманжан датканын уулун дарга асуу” темасындагы көлөмдүү жакшы эмгектеримди алып келген эмесмин. Булар Баткендеги өзүбүздүн галереядан орун алат деген ой бар.— Сүрөтчүлүк өнөр, искусство Кыргызстанда аз киреше алып келүүчү тармак катары айтылат. Сизде кандай?— Портрет тартуу менен да жан багууга болот. Бир портрет бир жума жашоого мүмкүнчүлүк берет. Бизде маданий деңгээл төмөн. Мамлекеттик масштабда маданиятты көтөрүү боюнча иштөө керек. Искусство адамы жаратылыш менен гармонияны сезе билиши шарт. Айрымдар эмгегиңди жакшы баалайт, кээ бирлер анте албайт. Бул адамдын жеке өзүнүн жай дүйнөсүнүн деңгээлинен.— Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана башка республикалык сынактарга дайым катышып, байгелүү кайтасыз...— Ооба, көбүнчө 2-орунду камсыздап, 1-орунга чыга албадым. Эми буюрса, республикада 1-орунду камсыздоочу окуучуларды даярдайм. Чынында көкүрөктөгү талант, өнөр адамды жөн койбойт. Эмгектерим III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алдыңкы орунду алганда Түркияда өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышарыбызды айтышкан эле. Абдан даярдандым. Борбордон маалымат күтүп кулак төшөп турдум. Эч кандай кабар барбады. Мурунку министрлер кетип, кийинкилер ал убаданы унутту. Ошону менен ортодо калып кеттим. Кыялым суу сепкендей өчтү.— Чыгармачылык жаатта үч китебиңизди чыгарыпсыз. Алдыда кандай пландарыңыз бар?— Азыр төртүнчү китебим басмага даяр, бирок басмаканалар өтө кымбат сурагандыктан бере албай турам. Баткен облусунун сүрөтчүлөрү тууралуу дагы бир эмгек жарык көргөнү турат. Ал эми көркөм өнөр боюнча калемим курч, боёкторум тунук. Мен сүрөт тартуудан тажабайм жана чыгармачылык эргүүнүн үстүндө эле иштеп жатам. Ден соолугум эле жакшы болсо окуучуларымды да тарбиялай берем.
Борбордо Баткенден келген сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү өттү. Өрүкзарлуу аймак таланттуулардын мекени экени шексиз. Алдыда аталган облуста сүрөт галереясы да ачылары пландалууда.
Sputnik Кыргызстан редакциясында конокто мугалим, Кыргызстан жазуучулар союзунун жана сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, Эл агартуунун отличниги Сайиткул Кудайкулов болду. Биз 48 жылдан бери мугалим болуп иштеген сүрөтчүнүн чыгармачылыгы тууралуу маектештик.
— Агай, сынакка кандайча катышып калдыңыз? Жалпы эле уюштуруучулар сиздердин эмгектерге кандай баа берди?
— Бишкектин Эмен багында өткөн сүрөт көргөзмөсүнө Баткенден он сүрөтчү катыштык. Мындан да көп келмек. Бирок өткөндөгү кырдаалга байланыштуу кээ бирлердин үйү менен кошо сүрөттөрү да күйүп кеткен. Уюштуруу жогору деңгээлде болду. Акыбалыбызга карабастан башыбызды бийик көтөрүп сүрөтчүлөр союзунан келген меймандарга, шаардыктарга эмгектерибизди тартууладык.
Кыргызстан жазуучулар союзунун жана сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, Эл агартуунун отличниги Сайиткул Кудайкулов: Калем менен да, боёк менен да тартам. Жеткиликтүү иштебесем ыраазы болбойм. Жаратылышты чагылдырсам, ошол кооздукту жеткирмейинче жай албайм.
Эл агартуунун отличниги Сайиткул Кудайкулов, сүрөтчү: жаратылышты, кыргыз тоолорун, сууларын сүйөм. Тоолорсуз сүрөт тарта албайм.
— Мен 1972-жылы мурдагы Фрунзе шаарындагы көркөм өнөр окуу жайын бүтүргөм. Агайларым живопись, калем жана композиция багытында тартууга үйрөткөн. Мектепте да бул жаатта мыкты педагогдорго туш болуп калдым. Баланы туура жолго багыттаса эле идиреги барлардын таланты ачылат. Менин 100дөн ашык чыгармаларым бар. Негизинен протретчимин. Андан сырткары, жаратылышты, кыргыз тоолорун, сууларын сүйөм. Тоолорсуз сүрөт тарта албайм. Окуучуларым да ушул багытта ийгиликке жетишип, республикалык деңгээлдеги кароо-сынактарга катышып жатат. Мындан ары тажиктердин кол салуусунан жабыркаган баткендиктер тууралуу эмгектерди жаратам. Ушул тематикада иштөөнү чечтим.
— Баткендеги кол салууда үй-бүлөңүз менен кошо эмгектериңизди да алып качууга мажбур болот экенсиз. Андагы кырдаалды эске алганда сүрөттөрдү ташуу өтө эле кыйын болсо керек?
— Кырсыкта үйүмдү, мал-мүлкүмдү таштап, автоунаага үй-бүлөм менен кошо сүрөттөрүмдү жүктөп эвакуацияландык. Борбордогу көргөзмөгө алып келгенге чейин эле сүрөттөрүм машинамда стартта турду. Эми Баткен облусунун сүрөтчүлөр союзун түзүп, галерея уюштуруп жатабыз. Эмгектерибиз ошол жакта болот. Жакында жаш балдардын да сүрөт көргөзмөсү болду. Баткендик окуучулардын тарткандарын карасаңыз, көбүнчө тынчтык темасы көп чагылдырылат. Сайттардан атайын карап сүрөт сынагын, эл аралык сынактарды иликтеп, дайыма биздин окуучуларды катыштырууга далалаттанам. Жакында эле экология боюнча “Кыргызстандын алтын тоолору” аттуу көргөзмөнү көпчүлүк мектеп окуучулар билбей калышты. Бирок биз келдик. Аймактарга маалымат жетпей калат.
— Чыгарма да жазып, ага сүрөттөрүңүздү тиркеп китеп чыгарган экенсиз?
— 2011-жылы “Мухитке сапар алуу” аттуу китебим чыкты. Анда да ар бир он барак сайын 2-3 бет көркөм эмгектерим тиркелди. Ырларым жашоо-турмушка арналган. Кийин “Лейлектин кооз оймолору”, “Лейлектик баатырлары” деген да эмгектерим жарык көрдү. Алар Баткендин, Жалал-Абаддын китепканаларында бар.
Кудайкулов: чек арада чыр чыккан сайын сүрөттөрүмдү кошо ала кетем
— Көркөм өнөрдүн адамзатка таасири кандай?
— Сөзсүз таасири бар. Мен мисалы, портреттерди тартканда ошол кишини 100 пайыз окшоштурууга аракет кылам. Калем менен да, боёк менен да тартам. Жеткиликтүү иштебесем ыраазы болбойм. Жаратылышты чагылдырсам, ошол кооздукту жеткирмейинче жай албайм. Айрымдарын 1-2 апта же андан да көп мөөнөттөргө узартып коём. Кээде биринчи чыгарманы жаратып жатканда улам толгонуп иштеп жүрүп, экинчи чыгарма жаралып калат. Портреттеримдин арасында белгилүү адамдар жокко эсе. Көбүнчө айылдын карапайым тургундарын түшүрөм. Бул да тарых. Анын жүзүнөн элдин жашоосу, анын маанайынан коомдук абал байкалат. Мурда чоң ата, чоң энелердин сүрөттөрү көп тартылган. Ал эмгектер кандайдыр бир деңгээлде бизге өткөндөн маалымат берет. Ошол себептен сүрөттөр 100 жылдан кийин бааланары айтылат.
— Айрымдар жактырган сүрөтүн сатпай тумар катары алып калышат экен...
— Ошто сүрөт көргөзмөсү өтүп, Бишкектен сүрөтчү Юристанбек Шыгаев барып 2-3 сүрөтүмдү сатып алмак болду. Бирок экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүк болуп мен бербей койдум. Анткени анын “акчасын кийин аласың” дегенине көнбөдүм. Ошол сүрөттөрүм дагы эле жанымда. Бирин кечээ Бишкектеги көргөзмөдө галереяга алып коюшту. Калгандары “Курманжан датка” жана “Курманжан датканын уулун дарга асуу” темасындагы көлөмдүү жакшы эмгектеримди алып келген эмесмин. Булар Баткендеги өзүбүздүн галереядан орун алат деген ой бар.
Эл агартуунун отличниги Сайиткул Кудайкулов, сүрөтчү: портреттеримдин арасында белгилүү адамдар жокко эсе. Көбүнчө айылдын карапайым тургундарын түшүрөм. Алардын жүзүнөн элдин жашоосу, маанайынан коомдук абал байкалат.
Эл агартуунун отличниги Сайиткул Кудайкулов, сүрөтчү: портреттеримдин арасында белгилүү адамдар жокко эсе. Көбүнчө айылдын карапайым тургундарын түшүрөм. Алардын жүзүнөн элдин жашоосу, маанайынан коомдук абал байкалат.
Эл агартуунун отличниги Сайиткул Кудайкулов, сүрөтчү: портреттеримдин арасында белгилүү адамдар жокко эсе. Көбүнчө айылдын карапайым тургундарын түшүрөм. Алардын жүзүнөн элдин жашоосу, маанайынан коомдук абал байкалат.
Эл агартуунун отличниги Сайиткул Кудайкулов, сүрөтчү: портреттеримдин арасында белгилүү адамдар жокко эсе. Көбүнчө айылдын карапайым тургундарын түшүрөм. Алардын жүзүнөн элдин жашоосу, маанайынан коомдук абал байкалат.
Эл агартуунун отличниги Сайиткул Кудайкулов, сүрөтчү: портреттеримдин арасында белгилүү адамдар жокко эсе. Көбүнчө айылдын карапайым тургундарын түшүрөм. Алардын жүзүнөн элдин жашоосу, маанайынан коомдук абал байкалат.
Эл агартуунун отличниги Сайиткул Кудайкулов, сүрөтчү: портреттеримдин арасында белгилүү адамдар жокко эсе. Көбүнчө айылдын карапайым тургундарын түшүрөм. Алардын жүзүнөн элдин жашоосу, маанайынан коомдук абал байкалат.
Эл агартуунун отличниги Сайиткул Кудайкулов, сүрөтчү: портреттеримдин арасында белгилүү адамдар жокко эсе. Көбүнчө айылдын карапайым тургундарын түшүрөм. Алардын жүзүнөн элдин жашоосу, маанайынан коомдук абал байкалат.
Эл агартуунун отличниги Сайиткул Кудайкулов, сүрөтчү: портреттеримдин арасында белгилүү адамдар жокко эсе. Көбүнчө айылдын карапайым тургундарын түшүрөм. Алардын жүзүнөн элдин жашоосу, маанайынан коомдук абал байкалат.
Эл агартуунун отличниги Сайиткул Кудайкулов, сүрөтчү: портреттеримдин арасында белгилүү адамдар жокко эсе. Көбүнчө айылдын карапайым тургундарын түшүрөм. Алардын жүзүнөн элдин жашоосу, маанайынан коомдук абал байкалат.
— Сүрөтчүлүк өнөр, искусство Кыргызстанда аз киреше алып келүүчү тармак катары айтылат. Сизде кандай?
— Портрет тартуу менен да жан багууга болот. Бир портрет бир жума жашоого мүмкүнчүлүк берет. Бизде маданий деңгээл төмөн. Мамлекеттик масштабда маданиятты көтөрүү боюнча иштөө керек. Искусство адамы жаратылыш менен гармонияны сезе билиши шарт. Айрымдар эмгегиңди жакшы баалайт, кээ бирлер анте албайт. Бул адамдын жеке өзүнүн жай дүйнөсүнүн деңгээлинен.
— Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана башка республикалык сынактарга дайым катышып, байгелүү кайтасыз...
— Ооба, көбүнчө 2-орунду камсыздап, 1-орунга чыга албадым. Эми буюрса, республикада 1-орунду камсыздоочу окуучуларды даярдайм. Чынында көкүрөктөгү талант, өнөр адамды жөн койбойт. Эмгектерим III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алдыңкы орунду алганда Түркияда өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышарыбызды айтышкан эле. Абдан даярдандым. Борбордон маалымат күтүп кулак төшөп турдум. Эч кандай кабар барбады. Мурунку министрлер кетип, кийинкилер ал убаданы унутту. Ошону менен ортодо калып кеттим. Кыялым суу сепкендей өчтү.
— Чыгармачылык жаатта үч китебиңизди чыгарыпсыз. Алдыда кандай пландарыңыз бар?
— Азыр төртүнчү китебим басмага даяр, бирок басмаканалар өтө кымбат сурагандыктан бере албай турам. Баткен облусунун сүрөтчүлөрү тууралуу дагы бир эмгек жарык көргөнү турат. Ал эми көркөм өнөр боюнча калемим курч, боёкторум тунук. Мен сүрөт тартуудан тажабайм жана чыгармачылык эргүүнүн үстүндө эле иштеп жатам. Ден соолугум эле жакшы болсо окуучуларымды да тарбиялай берем.