Шаар мектептериндеги эптеп өткөн балаты майрамдары. Мугалимдин күндөлүгү

© РИА НовостиБалатыга келген балдар. Архивдик сүрөт
Балатыга келген балдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2022
Жазылуу
Мугалимдердин маянасы көтөрүлүп, коомчулуктун мамилеси да өзгөрүп жатат. Окутуучунун баркы көтөрүлсө экен дейбиз. Бул үчүн педагогдор да изденип, болгон билимин окуучусуна берүүгө, мыктылыгы менен үлгү болууга далалат жасашы керек.
Sputnik Кыргызстан редакциясы окутуучулардын үнүн коомго жеткирүү, бүгүнкү күндү алардын көзү менен карап көрүү максатында "Мугалимдин күндөлүгү" рубрикасын сунуштап келет. Мында ар бир мугалим мектептеги, коомдогу жүрөгүн өйүгөн, кесибине байланышкан маселелерди кагаз бетине түшүрүп, окурман менен ой бөлүшө алат.
Бул сапар Бишкек шаарынын мектептеринин биринде иштеген кыргыз тили жана адабияты сабагынан берген мугалимдин күндөлүгүн сунуштайбыз.
..."Өтүгү жокко өзүм барам, тону жокко салам айта бар" деп көз ачып-жумганча кычырап кыш келип калды. Быйылкы кыш өзгөчө бейм. Канча жылдан бери өлкөбүздө "евро кыш" болуп, кары жок, чаңы бар, суугу жок, жааны бар кышты көрүп келе жатканыбыз чын да. Азыркы кыш кычырап ызгаарын алып келсе да мен өз ичимден кубанып алдым. Айлана аппак карга оронуп, бассаң кычыраган кардын добушу аргасыздан тээ өткөн балалык кезибизди эстегенге мажбур кылат. Биз бала кезде дал ушундай суук, аппак карлуу кадимки кыш болчу эле да. Эми минтип келген кышка өтө назик болуп калган эл туруштук бере албай жаткансыйт. Анткени кыш менен чогуу сасык тумоо да баш бакпаспы. Вирустун түрү да чыгыптыр деген кептер тарап жатат. Мектептеги окуучулардын көбү тумоолоп сабакка келбей жатышканы да чын.
Анан эле 1-класста окуп жаткан уулумдун классындагы ата-энелердин WhatsАpp тайпасында жайнаган билдирүүлөрдү карап кызыга түштүм, эмнени эле мынча сүйлөшүп жатышат деп окуй баштадым. Жаңы жылдык белек, оюн-зоок, мугалимге белек жөнүндө талашып-тартышып жатышыптыр. Көпчүлүк ата-энелер балдары мектепке биринчи барып жаткандыктан Жаңы жылдык балаты кандай болорун билишпейт. Билген бирөө түшүндүрүп жатыптыр. Көпчүлүгү мугалимге белек бергенден баш тартып жаткан экен. "100 сомдон чогулталы", "ал акчага азыр эч нерсе деле сатып ала албайсың го, эжекебиздин эмгеги зор, бул кенедей балдарыбызга окуп, жазганды үйрөтүп жатат, өзүбүз балдарыбызды эки саат окута албай кыйналабыз" деп бирөө күйүп-бышып жатты. Кийинки маселе Жаңы жылдык балаты болду.
Класс мугалими. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2022
Психологдун жардамына муктаж балдардын көбөйгөнү кейитет. Мугалимдин күндөлүгү
Мен алгач мектепке мугалим болуп иштеп баштаганымда Жаңы жылдык балаты шаардык мектептерде кандай болор экен деп абдан кызыгып атайын кирип көргөн элем. Борбордук куурчак театрынын тажрыйбалуу артисттери чыныгы Аяз атаны, Аяз кызды, желмогуз кемпирди сонун ойноп, 1-класстын окуучуларынын черин жазышкан. Мындайды биринчи көргөнгө мен да сонуркадым эле. Бирок ал сонуркоом кийинки жылы муздак суу куйгандай жалп өчкөн. Себеби мурунку жылдагы эле оюнчулар ошол эле оюнун коюп, ошол эле окуяны кайра кайталап коюшту. Мүмкүн мектеп босогосун жаңы аттагандар үчүн сонун болгон чыгар. Бирок 2-3-4-класстар үчүн тажатма кайталоо эле болду да. Тээ мурда мектепте окуп жүргөндө бизде Жаңы жылдык балатыны жогорку класстын окуучулары даярдашчу. Анан ар бир класстын окуучулары өздөрүнүн даярдаган номерлерин көрсөтүп конкурстан өтүшчү, укмуш кызыктуу болор эле. Бул шаардык мектептердин оюндарынан кыйла өзгөчөлөнүп турарын эми байкадым. Шаардыкы эмнегедир супсак, кызыксыз өтөт экен.
Азыркы ата-энелердин талашып-тартышкандарына кайдыгер карап койдум. Ал эми 5-класстан жогоркуларга илгеркидей бал маскараддын ордуна жөн эле дискотека болот. Былтыр 5-класска класс жетекчи элем, алардын кирүү акысын чогултуу да менин милдетим болгондуктан дискотека башталып балдар кирип кеткенче ошол жерде болгом, бир сааттан кийин келсем залдын ичи жык-жыйма, тер жыттанып, балдар ысып, тердегенине карабай бийлеп жатышкан экен. Бул да мен үчүн жагымсыз көрүнүш болду. Балатыны тегеренип ойногондун ордуна кулак жарган музыкага дикилдеп секирип бийлешкен балдарды карап башымды чайкагам. Атүгүл уюштуруучулардан бул жаштагы балдарга башкача оюндарды уюштурганга болбойбу деп да сурагам. "Жок, булар андай оюндарга кызыгышпайт, дискотека дегенде эт-бетинен кетишет" деген жоопту уккам. Бул көрүнүштөн улам жыл өткөн сайын биздин балдардын адеп-ахлактык, рухий дүйнөсү, маданий чөйрөсү тарыгандан тарып баратканын билдим. Мугалимдердин ашыкча убактысы жогунанбы же мектептин ар кандай программа түзүп балдардын чыгармачылык ой чабытын кеңейтип, оюн-зоок уюштурууга көңүлү келбегениненби? Ал эми ошол куурчак театрлары да бир аз изденсе. Балдарды эптеп кошумча акча табуучу булак катары көрбөй, жок дегенде 1-2-3-4-класстардын ар бирине ар башкача жомок даярдап койсо, бир жомокту төрт жыл көрсөтпөй.
Мугалим мектепте сабак берүү учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2022
Саат кыскарды, айлыгыбыз эмне болор экен?.. Мугалимдин күндөлүгү
Жаңылыктар түрмөгү
0