Психологдун жардамына муктаж балдардын көбөйгөнү кейитет. Мугалимдин күндөлүгү

© Sputnik / Илья ПиталевКласс мугалими. Архивдик сүрөт
Класс мугалими. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2022
Жазылуу
Мугалимдердин маянасы көтөрүлүп, коомчулуктун мамилеси да өзгөрүп жатат. Балдарга билим берген бул асыл кесиптин ээлеринин баркы көтөрүлсө экен дейбиз. Бул үчүн педагогдор да изденип, болгон билимин окуучусуна берүүгө, мыктылыгы менен үлгү болууга далалат жасашы керек.
Sputnik Кыргызстан редакциясы окутуучулардын үнүн коомго жеткирүү, бүгүнкү күндү алардын көзү менен карап көрүү максатында "Мугалимдин күндөлүгү" рубрикасын сунуштап келет. Мында ар бир мугалим мектептеги, коомдогу жүрөгүн өйүгөн, кесибине байланышкан маселелерди кагаз бетине түшүрүп, окурман менен ой бөлүшө алат.
Бул сапар борбордогу мектептердин биринде иштеген мугалим күндөлүгүн жөнөткөн.
...Менин бир күнүм балдар менен өтөт. Үйдөн эртең менен чыгып кетем да, саат 8:00дө кенже класстарга сабак берүү менен ишимди баштайм. Балдардын кылыктарынан бир эсе эс алсаң, экинчи жагынан абдан чарчайсың. 1-класстарды мектепке көндүрүү эле азап. Чурулдап эшикке чыгарда, тамакка барарда тизгиче эле эсиң оойт. Кыздар тың келет. Ал эми эркек балдар уруша кетишет, ыйлашат же дептерлерин булгап коюшат. Анан коридордо чуркаганды жакшы көрүшөт. Кээде бала тургай ата-энелерге түшүндүрө албай кыйналасың. Дээрлик көбү иштегендиктен балдардын окуусуна көңүл бура албай калышат. Андай балдарды дароо байкайм. Чынында өзгөчө жардам берер жакындары жок жаш энелерге абдан боорум ооруйт. Бир буту жумушта, экинчи буту үйдө. Кээде көйгөйүн айтып калган апалар да бар. Баарын түшүнүүгө аракет кылам. Бирок баланын артта калбоосу үчүн жетишиш керектигин түшүндүрөм. Негизи биздин мектеп гимназия болгондуктан кошумча сабактар да өтүлөт. Ага ата-энелер акча төлөп беришет. Бирок сабак бергенибиз бир тең, акча сураганыбыз бир тең. Бири түшүнөт, кээси ар кайсыны айтат. Ошол кезде жумушумду таштап кетким келет. Эмгек бааланышы зарыл да. Болбой эле айрымдар мени жөн эле акча алып жаткандай көрүшөт. Ушул жагы кыйын, болбосо кесибим жагат. Анткени мен балдарга билим берүүдөн башка кийим тигүүнү, сооданы деле билбейм. Өзүм да мугалимдин үй-бүлөсүнөн чыккам.
Мугалим мектепте сабак берүү учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2022
Саат кыскарды, айлыгыбыз эмне болор экен?.. Мугалимдин күндөлүгү
Негизи мага Кыргызстанда тартип сакчы кесибин аркалагандарга абдан көңүл бурулгандай сезилет. Кайсы президент келсе да алардын айлыгын көтөрөт. Ал эми мугалимдер унутулат. Же маянасын бир аз көтөрүмүш этет, бирок ал жагы кичине популизм болуп калат. Негизи баары билимден, тарбиядан, бала чактан башталат да. Балдардын фундаментин бекемдесек, билим берүү системасын оңдосок, ууру-кескинин саны да азаят эмеспи. Бул, мындайча айтканда, профилактика, жаркын келечекке кадам.
Кээде ушундай ойго чөмүлүп кетем. Кесиптештерим менен да бөлүшөм. Биздин тармакка ири реформалар керек. Ооба, мурунку министр кагаз иштерин бир аз азайтты. Бирок кагаз түрүндө отчёт тапшырууну азайтып, балдар менен оюн түрүндө сабак берүү методдорун, жандуу иштешүүнү өркүндөтсөк деген ойдомун.
Муну менен катар ар бир мектепте адискөй психологдор иштесе жакшы болор эле, ал үчүн маяна көтөрүлүшү керек. Антпесе мыкты адистерди алып келе албайбыз. Ал эми балдар арасында психологго муктаждар көп. Ата-энеси миграциядагы балдар бар. Ата-энеси жанында болгондо деле азыркы балдар аларды кечинде эле көрөт. Үй-бүлөсүн багуу үчүн эртеден кечке баары жумушта. Кечинде барганда тамак-аш, үй иши менен алектенип балдарына деле көбү көңүл бура албайт. Негизи эле балдар, класс жетекчилер жана психолог тыгыз иштешүүсү зарыл. Баланын түшүнө албаган маселеси да болушу мүмкүн. Аны ата-эне байкабай калат. Жок дегенде психолог ошону ата-энелерге жеткирип турса. Буга класс жетекчи да себепчи болот. Мен мамлекет башчыларынан балдардын келечегине абдан этияттык менен мамиле жасоого чакырат элем. Абдан олуттуу жана өтө кылдаттыкты талап кылган маселелер бар. Себеби социалдык акыбалыбыз ар кандай. Ал эми балдар ошол коомдун бир катмары.
Ушундай ойлор мени дайыма түйшүккө салып келет. Байкаганымды кагазга түшүрүүнү адатка айлантып, мен да сиздер менен бөлүшүп турууну туура көрдүм.
Көчөдө бараткан аял жана окуучу кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2022
Ата-эненин бала менен сырдаш болгону көп азгырыктан сактайт. Мугалимдин күндөлүгү
Мектеп окуучусу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2022
Ата-эненин алкыш сөзүнө, мээримине суусаган балдар көп. Мугалимдин күндөлүгү
Жаңылыктар түрмөгү
0