Мен да куулук-шумдукту үйрөнгүм келет... Келиндин каты

© Photo / Pexels / Eric TorresТерезенин алдында турган аял. Иллюстративдик сүрөт
Терезенин алдында турган аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына баеолугунан улам коомчулукта, тааныштарынын арасында көп жабыркаарын айткан келин кат жазган.
Саламатсыздарбы! Акыркы убакта коомдон өзүмчө четтеп, мурда аралашып эле жүргөн адамдардан, классташ, тайпалаштардан алыстап калдым. Анткени сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичкендей эле мен да куулугумдун жогунан көп кишиден көңүлүм калды. Адамдардын эки жүздүүлүгүнөн, пайдакечтигинен тажап кеттим. Кайсы шеринеге барба, бири-бирине тымызын бой көтөрүү, арамза ойдун учугун ортого таштап коюу, арасындагы өп-чап жашап жаткан бирөөнү акырын кемсинте сүйлөгөн көрүнүштөрдөн чарчап бүттүм. Анан да классташтар, аяштар, кошуналар же тайпалаштар арасында бир дасторкондо отуруп эле бир адамды көзү барда көкөлөтүп, мындай боло калса сындап жатып калган сөздөргө көңүлүм ооруйт. Кайын журтта өткөн жамандык-жакшылыкта аңдышканы, айрым мамилеси начар бир-экөөнүн тымызын атаандашканын көрөсүң. Баары чарчатат. Позитивге суусагандаймын. "Ооба, ушак болот, айтылат" деп ичимден муну түшүнөм. Бирок анын да ченеми, сызылган кызыл сызыгы болушу керек да. Жаман көрсө эмнеге мамиле түзөт, эмнеге катышат? "Өзгөчө классташтар бирге өскөн балалыгы үчүн деле ушундай эки жүздүүлүккө барбаш керек да" деп ойлоно берем. Ушундай жолугушуулардан үйгө келип кадимкидей жан дүйнөм ооруп, адамдардан көңүлүм калат. Бирок биз адам менен адам болгондой эле коомдон бөлүнө албайбыз да. Анан да ачыктыгымдан, бир нерсени түз эле ортого айтып салгандыгымдан жаман көрүнөм же жабыркап калам. Өзүм тууралуу деле болгонун болгондой айтып коём. Көрсө, аны кийин өзүңө каршы пайдалангандар, ошондон упай жыйнагандар болот экен. Ошол себептенби, эркиндигим чектелгендей сезилип кетет. Анткени тымызын күрөш, касташуу, жасалмалуулук менен өмүр сүрөт экенбиз. Ушунун баарынан тажайсың. Бирок айла жок, моюн сунууга туура келет. Ишенесизби, адамдын сөзүнөн илинчек таап анализдеп, баарын байкаган адамдар бар экенин билип таң калдым. Кайра бирөөнү талкуулап жатып өздөрү айтып беришет.
Ооба, мен деле периште эмесмин. Менин да чорт кыялым, атаандашкан мүнөзүм бар. Бирок адамдардагы эки жүздүүлүк, арамзалык чегин билбей бараткандай. Куулукка, адамдарды бир аз анализдеп, ошого жараша мамиле кылууга үйрөнгүм келет. Мүмкүнбү? Ишенчээк болуу абдан жаман экен.
Түгөйлөр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2022
Кемсинтет, киши катары көрбөйт... Кандай адамдардан жаа бою качуу керек?
Психолог Урмат Курманов:
— Өзүңүз айткандай, сизде чынчылдык, чын ыкластуулук өңдүү жакшы, сонун мүнөздөр бар. Бирок ошол сапаттарыңызды колдоно билбегендиктен көп жабыркап калат экенсиз. Бул мүнөздөн кайтпоо керек. Эң жакшы сапат. Анткени чынчыл адамдын психикасы тунук болот. Эгер акты кара, караны ак дей турган болсоңуз, бул да психиканын бузулушуна алып келет. Себеби көздүн көргөн нерсеси менен сүйлөгөн сөз эки башка болгондо психикага аз-аздан доо кете баштайт. Ал эми аны көрүп турган балдарга андан бетер зыян. Ата-энесинин жалганчылыгын көрүп аларда башкаларга ишенбөөчүлүк пайда болот, ошол нерсени тез үйрөнүп кетет. Демек, сиз өскөн чөйрөдө чынчылдык көп болгон. Ошол себептен мүнөзүңүз ушундай окшойт. Куулукка, эки жүздүүлүккө эч качан үйрөнбөй эле коюңуз, анын түбөлүгү түз эмес. Андай адамдар күнүмдүк пайдасы үчүн бир нерсе жасашы мүмкүн. Бирок аягы баары бир жакшы болбойт. Ушул мүнөзүңүздөн кайтпаңыз.
Ал эми айрымдардан көңүлүңүз ооруп жатса, андай алаканы токтотуу керек. Анткени психологияда "уулуу мамиле" деген түшүнүк бар. Андай адамдардан алыстоо үчүн сизде да каалоо болуу абзел. Адамдын баары ушундай деп ойлойт экенсиз. Бул туура эмес. Чын-чынына келгенде ак көңүл адамдар аябай көп. Чөйрөнү өзгөртүүнү колго алып, көңүлүңүзгө туура келген адамдар менен мамиле түзүңүз. Ошондо гана айланаңызга жакшы адамдар топтолот.
Айта кетүүчү жагдай, чынчылдыктын да орду болот. Мисалы, бир адам менен сүйлөшүп жатып "сенин көзүң кыйшык экен" деп айтуу адамкерчиликке жатпайт. Ошондой жагдайда, тескерисинче, абалды оңдоп кетип, мамилени жөндөөнү билген маанилүү.
Көчөдө бараткан аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2022
Эл суктанган келбетим, мүнөзүм күйөөмдүн купулуна толбой койду. Келиндин каты
Кучакташып турган эркек менен аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2022
Кыялымдагы аялды издей берем. Бүлөлүү эркектин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0