Европа АКШга багынып эми Россия менен тирешмекчиби? Ой толгоо

© AFP / BARTEK SADOWSKIЕвропанын тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча комиссары Жозеп Боррел. Архивдик сүрөт
Европанын тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча комиссары Жозеп Боррел. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2022
Жазылуу
Боррелдин Украинага караганда Европанын өзүнүн аскерий абалы тууралуу айтканы көбүрөөк кызыгууну жаратууда.
Дипломаттын айткандарын жиликтеп чыккан россиялык журналист Ирина Алкснистин макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланды.
ЖМКларды, салтка айланып калгандай, Украина жагдайы кызыктырды. Боррель "эгер Киевге аскердик колдоо көрсөтүлбөсө, чыр Россиянын жеңиши менен аяктайт, буга жол берүүгө болбойт, демек, Украинага жардам көрсөтүүнү улантуу керек" деген Брюсселдин тапталып бүткөн позициясын дагы бир ирет кайталады.
Дипломаттын Украинага караганда Европанын өзүнүн аскерий абалы тууралуу айтканы көбүрөөк кызыгууну жаратып жатат. Боррель"бүгүнкү күндө Европа армиясы деген түшүнүк жок, 27 ар кандай армия бар" деди. Анын айтымында, кансыз согуштан кийин аскердик чыгымын азайткан Европа бул катасын жоюшу керек. Чиновник Евробиримдик 2025-жылга карата коргонууга 70 миллиард евро бөлүүгө жетишиши кажет экенин белгиледи.
Ошол эле маалда Боррель Европанын улуттук өкмөттөрүн аскердик бюджетке көзөмөлдүн кайсы бир бөлүгүн Брюсселге өткөрүп берүүгө чакырды. Муну ал Евробиримдиктин алкагында аскердик кооперациянын жогорку деңгээлине жетүү зарылдыгы менен түшүндүрдү.
Боррелдин сөзү Германиянын канцлери Олаф Шольцтун билдирүүлөрү менен да үндөшүп кетет. Ал дагы армиясын күчтөнтүүгө ири каражат жумшалса Берлин "Европа коопсуздугунун гаранты" болуп берүүгө даяр экенин байма-бай айтып келет.
Жалпы жонунан азыр Европанын аскердик стратегиясында өзгөрүү болуп жатканы байкалууда. Бул өзгөрүү кулачын канчалык жайганын түшүнүү үчүн кечээки тарыхка бир көз чаптыра кетели.
Боррель кансыз согуштан соң Европа аскердик чыгымын азайтканын туура белгиледи. Евробиримдик өз коопсуздугун НАТОго, башкача айтканда, АКШга кармата берген. Болгондо да Американын мойнуна аябай жылуу-жумшак жайгашып алган эле: Вашингтон аларды коргоп да, алар үчүн төлөп да келди — европалыктар арзыбаган акча менен кутулчу. Мындан улам акыркы он жылдыктарда Европа экономикасы коргонууга акча коротуунун зарылдыгы жоктугунан да дүркүрөп өстү.
Албетте, бул эки тараптын алакасындагы талуу маселе эле. Америкалыктар европалыктарды, өзгөчө батыштагыларын аскерий чыгымды көбөйтүүгө мажбурлап келсе, берки жээктегилер улам бир шылтоону айтып милдетин аткаруудан баш тартып келген.
Суюлтулган газ өндүрүүчү завод. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2022
Евробиримдик Россиянын дагы бир кайырмагына илингендей
Эки тараптын ортосундагы пикир келишпестиктин өзөгү жөпжөнөкөй эле: Европада улуттук кызыкчылыкка таянган, башкача айтканда, өз өлкөсүнүн жана өз элинин кызыкчылыгын коргогон элита күчтүү болчу. Ансыз да басымдуу бөлүгү АКШнын аскер-өнөр жай комплексине кетсе ири көлөмдө акча сарптоонун эмне зарылдыгы бар деген пикир калыптанып калган. Анын үстүнө Америка коргонууга акча аячу эмес. Бирок бара-бара трансатлантикалык өнөктөштөрдүн ортосундагы түшүнбөстүк калкып чыгып, буга кошумча, АКШнын глобалдуу гегемон болуудан калып баратканы айгине болду. Ушундан кийин Европа, дал ушул улуттук кызыкчылыкты биринчи орунга койгон элита менчик армия, коргонуу милдетин ала алган кадимки куралдуу күчтөр тууралуу ойлоно баштады. Бул долбоор Европанын эң эле таасирдүү лидерлери тарабынан колдоого алынды. Алардын арасында ошол кезде канцлер болуп турган Ангела Меркель да бар эле. Менчик армия Европанын америкалык аскерлерге болгон муктаждыгын жоймок, башкача айтканда, кеп өз алдынчалуулукту күчөтүп, АКШдан болгон көз карандылыкты азайтуу тууралуу жүрө баштады.
"Ошол кездеги Меркель менен азыркы Боррелдин айткандарынын эмне айырмасы бар?" деген суроо жаралышы мүмкүн. Бар, болгондо да принципиалдуу айырмачылык бар.
Боррель — улуттук кызыкчылыкка эмес, атлантикалык, глобалисттик жана Америкага ыктаган күчтөрдүн өкүлү. Шольц сыяктуу бир нерсе кылайын дейт, бирок тушалуу.
Акыркы бир жыл ичинде Европадагы атлантисттер атаандаштырынан биротоло арылып, эки тизгин, бир чылбырды колго алып, мамлекеттердин көпчүлүгүн кыйратуучу жолго салууга жетишти. Европа армиясы тууралуу кеп жана коргонуу чыгымын көбөйтүүнү алар, биринчиден, Европа экономикасынан ресурстун нугун АКШнын аскердик-өнөр жай комплексине буруу деп түшүнөт. Экинчиден, Европа куралдуу күчтөрүнүн НАТО структуралары аркылуу Вашингтонго кың дебей баш ийүүсү деп кабыл алат. Үчүнчүдөн, европалыктарды Россияга (Кытай да болушу мүмкүн) сокку уруу үчүн пайдалануу деп билишет.
Акыркы пункт акылга сыйгыстай, жыргап-куунап жашаган европалыктардан кандай жоокер чыкмак эле деп таң калгандар четтен чыгар. Бирок биз азыр ойго келбеген нерселер ишке ашып кеткен кызык заманда күн кечирип келет эмеспизби. Анын үстүнө бул пикирди жокко чыгарардан мурда сабыр кылып күтө туралы. Кризис биротоло каптагандан кийинки Европаны көрүүнү насип кылсын.
Жону чындап жукарган жарга такалган европалыктар үчүн "Дранг нах Остен" ("Чыгышка чабуул") идеясы оңой жана ыңгайлуудай сезилип каларын тарыхтан билебиз. Ал эми азыркы кырдаалдын өнүгүшүнө баам салсак, АКШ Европаны дал ушул сценарийге түртүп жатканын көрүүгө болот.
АКШнын президенти Джо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2022
Америка Европаны каатчылыктан куткаруудан баш тартты. Кезерчү кез али алдыда
Жаңылыктар түрмөгү
0