Ак илбирсти изилдөө үчүн Япониядан Кыргызстанга келген генетик. Маек

© Photo / twinstrustЯпониялык генетик Хирото Йошимура
Япониялык генетик Хирото Йошимура - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2022
Жазылуу
Япониялык генетик Хирото Йошимура (Hiroto Yoshimura) Кыргызстандын тоолорун байырлаган жапайы жаныбарларды изилдөөгө келген. Ал үч айдан бери жериликтүү егерлерди ээрчип, керектүү маалыматтарды чогултуп жүрөт.
Sputnik агенттигинин кабарчысы чет элдик илимпоз менен ак илбирстер жөнүндө маек курду.
— Сөздү жүргүзүп жаткан илимий иштен баштасак. Кыргызстан жактыбы?
— Кыргызстанга биринчи жолу келдим. Сентябрдан бери жүрөм. Бардыгы жакты. Тоолору, тамагы абдан сонун экен. Аэропорттон түшүп эле жергиликтүү кесиптештерим менен мейманканага барбастан Кегети капчыгайына, эртеси Ысык-Көлдөгү Сары-Чат — Ээр-Таш коругуна кеткем. Бизде деле тоолор бар, бирок силердин жаратылышыңар такыр башка экен. Тоолордон аркар-кулжа, эчки-теке, түлкү, карышкыр, суур, улар, коен көрдүм.
Азыр илимий ишиме керектүү маалыматтарды, генетикалык материалдарды чогултуп жатам. Анын ичине илбирс, карышкыр, кийик, суурлардын заңдары кирет. Алардын заңы жаңы болуш керек. Антпесе андагы керектүү генетикалык маалыматтарды ультрафиолет нурлар күйгүзүп, майдалап салат. Ошондуктан далдоо, кар, жаан тийбеген же жаңы, бузулбаган заңдарды чогулттум. Аларды атайын кутучуларга чогултуп бүтүп калдым. Аны Японияга жеткирип тиешелүү лабораториялардан текшертем. Азырынча андай иштерди Кыргызстандан жасоо мүмкүн эмес. Техника, лабораториялар өтө кымбат.
© Photo / Edelveis PonomarevЯпониялык генетик Хирото Йошимура: Кыргызстанга биринчи жолу келдим. Бардыгы жакты. Тоолору, тамагы абдан сонун экен. Бизде деле тоолор бар, бирок силердин жаратылышыңар такыр башка экен.
Японский генетик Хирото Йошимура - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2022
Япониялык генетик Хирото Йошимура: Кыргызстанга биринчи жолу келдим. Бардыгы жакты. Тоолору, тамагы абдан сонун экен. Бизде деле тоолор бар, бирок силердин жаратылышыңар такыр башка экен.
— Андан кандай маалыматтарды алса болот?
— Мен магистратурада ак илбирс чөп жесе тамак сиңирүүсү жакшырат же кустурат деген гипотезанын үстүнөн иштегем. Бирок ишимдин жыйынтыгы андай болгон жок. Анда илбирстин чөп жеши тамак сиңирүүсүнө эч кандай таасир этпей, ичин өткөрбөй турганы да белгилүү болгон. Азыр алектенип жаткан темам боюнча жырткыч жаныбардын заңынан эмненин этин, кайсы өсүмдүктү жегенин табам. Бирок андан башка толтура маалыматтарды тапса болот. Мисалы, жаныбарлардын заңынан стресс гормону көп чыкса ал байырлаган жерде жырткыч арбын, аңчылык көп болуп, ок атылган өтө кооптуу аймак экен деп айта алабыз. Андан сырткары, бооз жаныбарлар өзүнчө гормон бөлүп чыгат. Баласын тууп тамак берип жаткан жандык өзүнүнүн абалына мүнөздүү гормондорду бөлүп чыгат. Ургаачы-эркегин заңы аркылуу аныктоого мүмкүн. Буюрса Япониядан изилдөөмө керектүү маалыматтарды таап чыгам.
© Photo / twinstrustИлимпоз Хирото Йошимура: Азыр илимий ишиме керектүү маалыматтарды, генетикалык материалдарды чогултуп жатам. Анын ичине илбирс, карышкыр, кийик, суурлардын заңдары кирет.
Японский генетик Хирото Йошимура - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2022
Илимпоз Хирото Йошимура: Азыр илимий ишиме керектүү маалыматтарды, генетикалык материалдарды чогултуп жатам. Анын ичине илбирс, карышкыр, кийик, суурлардын заңдары кирет.
— Жакшы экен. Анан илимий ишиңиздин алгачкы жыйынтары менен бөлүшө кетсеңиз.
— Зоопарктагы илбирстер чөп жебейт. Ал жактагылар берген этти эле жейт. Анан жапайы жаратылыштагылардай болуп тоодо үшүп-тоңуп, зоодон секирип олжо аңдыбайт. Ошондуктан зоопарктагылар даяр тамак жеп жата бергендиктен көбүрөөк жашайт. Ал эми тоо койнундагылар өсүмдүк да жешет. Мага ошону эмне үчүн жей турганы кызык болууда.
Мисалы, анын заңынан жыргыл көп чыгууда (анча бийик эмес өскөн бадал өсүмдүк — ред.). Аны илбирстер аябай көп жейт экен. Ал өсүмдүктүн курамында эмне бар экенин буга чейин башка окумуштуулар жазып чыгышкан. Мен эмнеге жегенин изилдейм. Ал эми кайсы жандыктын этин жегенин аныктоо кыйын деле эмес. Себеби ал тизмеде эчки, теке, аркар-кулжа, суур эле бар.
— Окумуштуулар жаныбарды изилдөөдө анын жүнүн, тишин, канын да колдонуп келгенин билебиз. Алардан кандай маалымат алууга мүмкүн?
— Генетиканын ачыла эле көп жактары бар. Сиз тизмектеген заттардын ичинен заң кичине коопсуз. Аны деле пайдаланганда абайлаш керек. Себеби түрдүү илдеттер болушу мүмкүн. Заңда жаныбардын ичиндеги ДНК, бактерия, гормондорун тапса болот. Алсак, ДНК аркылуу жаныбардын түрүн, ургаачы-эркегин, тууганчылыгын да аныктоо мүмкүн. Ал эми тоодогу жапайы жаныбарды кармап жүнүн, канын алуу өтө кооптуу жана машакаттуу иш. Ошол эле маалда жаныбар түрдүү жаракаттарды алып кыйналып, өлүп да калышы толук мүмкүн. Азыр дүйнөдө илбирстин канын карап жаш курагын аныктоо аракеттери жүрүп жатат. Эгер иш оңунан чыкса, ачылыш башка тармактарга да таасир тийгизет.
© Photo / Kodzue KinoshitaХирото Йошимура: Докторлугумду кийинки жылы Киото университетинде жактайм. Келечекте биз Кыргызстанда дагы башка көп изилдөөлөрдү жасаганга кызыкдарбыз.
Японский генетик Хирото Йошимура - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2022
Хирото Йошимура: Докторлугумду кийинки жылы Киото университетинде жактайм. Келечекте биз Кыргызстанда дагы башка көп изилдөөлөрдү жасаганга кызыкдарбыз.
— Докторлугуңуз боюнча илимий макалалар каяктарга жарыяланат жана иш качан соңуна чыгат?
— Мен өзүмө керектүү материалдарды чогултуп бүттүм. Эми илимий макалаларымды жарыялай башташым керек. Алар эл аралык илимий журналдарга чыгат. Келерки жазда кайра Кыргызстанга келип ишибизди улантабыз. Докторлугумду кийинки жылы Киото университетинде жактайм. Келечекте биз Кыргызстанда дагы башка көп изилдөөлөрдү жасаганга кызыкдарбыз. Менин илимий ишим бир долбоордун алкагында каржыланган. Мындан ары дагы башка каржы булактарын издештиребиз.
— Японияда докторлукту алуу канчалык оор?
— Негизи темага байланыштуу да болот. Зоопарктагы жаныбарларды изилдегендерге жеңил. Алар ошол жакта жатып алып эле иштей беришет. Ал эми бизге окшоп тоо аралап изилдөө жүргүзгөндөр үчүн кыйын эле. Кээ бирөөлөр керектүү маалыматтарын беш-алты жылдап чогултушат.
Жер титирөөдөн улам жарака кеткен жер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2022
Кыргызстандагы ири шаарлардын баарында жер жаракасы бар. Сейсмологдун маеги
Япониялык окумуштуу Дейл Манжиро Кикучи (Dale Manjiro Kikuchi). Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2022
Япониялык окумуштуу: идеямды Кыргызстанда ишке ашырам, аны дүйнө колдонот
Жаңылыктар түрмөгү
0