Япониялык окумуштуу: идеямды Кыргызстанда ишке ашырам, аны дүйнө колдонот

© Фото / из личного архива Дейла Манжиро КикучиЯпониялык окумуштуу Дейл Манжиро Кикучи (Dale Manjiro Kikuchi). Архивдик сүрөт
Япониялык окумуштуу Дейл Манжиро Кикучи (Dale Manjiro Kikuchi). Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2022
Жазылуу
Япониялык окумуштуу Дейл Манжиро Кикучи (Dale Manjiro Kikuchi) Кыргызстанга мындан беш жыл мурун келген. Токионун Айыл чарба институтунун изилдөөчүсү жапайы жаныбарларды 3D-форматта тарткан жаңы жабдуу жасоодо.
Илимдин доктору, 34 жаштагы Дейл Манжиро Кикучи менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.
— Илимий эмгек үчүн Кыргызстанды тандап алган экенсиз. Жергиликтүү илимпоздор менен кандайча кызматташып калдыңыз?
— Японияда Кыргызстандагыдай бийик тоолор, мөңгүлөр, аркар-кулжалар жок. Силердин жаратылышыңар бизге аябай кызык. Жергиликтүү егерлер менен талаа-түздө жатып, алар менен кошо чоң сууларды кечип иштеп жүрдүм. Мен Кыргызстанга алгачкы жолу 2017-жылы келгем. Ошондон бери мүмкүнчүлүккө жараша каттап жүрөм. Ага чейин кесиптешим экөөбүз ак илбирс боюнча изилдөөбүздү Индияда баштамакпыз, бирок ал жакта кыйынчылыктар болуп, Кыргызстанга келгенбиз. Бул жакта ак илбирсти коргоо боюнча көп жылдан бери иш алып барган Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan уюмунда да таанышыбыз бар болчу. Алар менен кызматташып учурда илимий иштерди улантып жатабыз. Ак илбирстер байырлаган аймактарга фотокапкан менен чогуу өзүмдүн жабдуумду да коюп жатам. Азырынча кыргызстандык илим-изилдөө институттары менен байланыш жок. Бирок иштешүүгө даярмын.
© Фото / из личного архива Дейла Манжиро Кикучи34 жаштагы пониялык илимпоз Дейл Манджиро Кикучи: изилдөөм жаңы технологиянын жардамы менен жапайы жаратылышты коргоого багытталган.
Доктор наук, 34-летний Дейл Манджиро Кикучи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2022
34 жаштагы пониялык илимпоз Дейл Манджиро Кикучи: изилдөөм жаңы технологиянын жардамы менен жапайы жаратылышты коргоого багытталган.
— Илимий эмгегиңиз жөнүндө сөз кылсак, сиз жасап жаткан жабдуу жаратылышты коргоого кандайча жардам берет?
— Менин изилдөөм жаңы технологиянын жардамы менен жапайы жаратылышты коргоого багытталган. Жабдуу эки бөлүктөн турат. Аны жаратылыш койнуна орноткондо экөө тең иштеп, жаныбарларды сүрөткө эки тараптан тартат. Азыр жапайы жаратылышты аңчылардан коргоп, жаныбарларга санак жүргүзүү үчүн көпчүлүк уюмдар жөнөкөй фотокапкандарды колдонуп келет. Менин жабдуум келечекте жаныбарларды 3D-сүрөттөргө тартат. Жөн эле тартып койбостон боюнун бийиктигин, жаныбардын узундугун эсептеп берет, жадагалса жандыктын кыймыл-аракетине чейин анализ кылат. Илимий ишимди толугу менен япон өкмөтү каржылоодо. Чүйдөгү Шамшы, Ысык-Көлдөгү Сары-Чат — Ээр-Таш жаратылыш коругунда тиешелүү органдардан уруксат алып иштеп жатам.
© Фото / из личного архива Дейла Манжиро Кикучи

Жаңы жабдуу тартып эле койбостон боюнун бийиктигин, жаныбардын узундугун эсептеп берет, жадагалса жандыктын кыймыл-аракетине чейин анализ кылат.

Жаңы жабдуу тартып эле койбостон боюнун бийиктигин, жаныбардын узундугун эсептеп берет, жадагалса жандыктын кыймыл-аракетине чейин анализ кылат. - Sputnik Кыргызстан
1/3

Жаңы жабдуу тартып эле койбостон боюнун бийиктигин, жаныбардын узундугун эсептеп берет, жадагалса жандыктын кыймыл-аракетине чейин анализ кылат.

© Фото / из личного архива Дейла Манжиро Кикучи

Илимий ишти толугу менен япон өкмөтү каржылоодо

Илимий ишти толугу менен япон өкмөтү каржылоодо - Sputnik Кыргызстан
2/3

Илимий ишти толугу менен япон өкмөтү каржылоодо

© Фото / из личного архива Дейла Манжиро Кикучи

Япониялык илимпоз Чүйдөгү Шамшы, Ысык-Көлдөгү Сары-Чат — Ээр-Таш жаратылыш коругунда тиешелүү органдардан уруксат алып иштеп жатат.

Япониялык илимпоз Чүйдөгү Шамшы, Ысык-Көлдөгү Сары-Чат — Ээр-Таш жаратылыш коругунда тиешелүү органдардан уруксат алып иштеп жатат. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Япониялык илимпоз Чүйдөгү Шамшы, Ысык-Көлдөгү Сары-Чат — Ээр-Таш жаратылыш коругунда тиешелүү органдардан уруксат алып иштеп жатат.

1/3

Жаңы жабдуу тартып эле койбостон боюнун бийиктигин, жаныбардын узундугун эсептеп берет, жадагалса жандыктын кыймыл-аракетине чейин анализ кылат.

2/3

Илимий ишти толугу менен япон өкмөтү каржылоодо

3/3

Япониялык илимпоз Чүйдөгү Шамшы, Ысык-Көлдөгү Сары-Чат — Ээр-Таш жаратылыш коругунда тиешелүү органдардан уруксат алып иштеп жатат.

— Ак илбирске да жөн жеринен басым жасабасаңыз керек?
— Мен бийик тоолорго чыккым келчү. Азыр изилдөөнү да айкалыштырып жүрөм. Буга чейин ак илбирсти такыр билчү эмесмин. Бир жолу тааныш фотограф укмуш сүрөттөрдү көрсөттү. Ошолордон таасирленип изилдөөнү баштап калгам. Учурда иштеп жаткан жогорку окуу жайым айыл чарба университети деп аталганы менен мен иштеген лаборатория жапайы жаратылышка басым жасайт. Японияда айыл чарба тармагына көп багыттар кирет. Кээ бир илимпоздор балыктарды изилдесе, дагы бири сойлоп жүрүүчүлөр боюнча адис. Өзүм Японияда студенттерге жаратылышты коргоо, жаныбарлардын жүрүм-туруму, экология боюнча сабак берем. Илимдин докторумун, деңиз канаттуулары боюнча илимий даражамды коргогом. Техник адис катары алардын учуп-конуу физикасын, шамалдын каршылыгын кантип жеңет деген суроолорго жооп издегем. Ал биология менен инженериянын ортосундагы эмгек болгон.
© Фото / из личного архива Дейла Манжиро КикучиДейл Манджиро Кикучи Японияда студенттерге жаратылышты коргоо, жаныбарлардын жүрүм-туруму, экология боюнча сабак берет. Илимдин доктору, илимий даражасын деңиз канаттуулары боюнча коргогон.
Доктор наук, 34-летний Дейл Манджиро Кикучи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2022
Дейл Манджиро Кикучи Японияда студенттерге жаратылышты коргоо, жаныбарлардын жүрүм-туруму, экология боюнча сабак берет. Илимдин доктору, илимий даражасын деңиз канаттуулары боюнча коргогон.
— Алгачкы жыйынтыктар качан чыгып, эмгегиңиз кеңири колдонуп калат?
— Кыргызстанга беш жылдан бери жыл сайын келип жабдуумду жергиликтүүлөр менен тоого орнотуп жатам. Келген сайын сүрөттөрдү ала кетип изилдеп, жабдууга жаңы функция, параметрлерди кошуудамын. Жергиликтүү адистер тоодо орнотулган жабдууну карап, батареяларын алмаштырып чогулган маалыматтарды мага жиберип турат. Анын негизинде мен оңдоп, өзгөртүүлөрдү киргизүүдөмүн. Мүчүлүштүктөрү болсо оңдоп, кайра алып келип орнотуп жатам. Мисалы, кар, жаанда кыйынчылыксыз иштетүүнүн аракетин көрүүдөмүн. Кээде жаныбарлар келип сындырып кеткен учурлар болот. Мындан улам жабдууну бышык кылуунун түрдүү жолдорун издеп жатам. Ага керектүү тетиктерди өз колум менен жасайм. Анткени жаңы техникага заводдон эч нерсе чыкпайт. Мен күткөн жыйынтык соңуна чыкмайынча ишимди уланта берем. Шашып чыгарып салсам башка мүчүлүштүгү чыгышы мүмкүн. Соңуна чыгып элге сунуштаганда деле анын күчүн, дараметин дагы арттыруу аракетин көрөм.
© Фото / из личного архива Дейла Манжиро Кикучи34 жаштагы илимдин доктору Дейл Манджиро Кикучи: Японияда Кыргызстандагыдай бийик тоолор, мөңгүлөр, аркар-кулжалар жок. Силердин жаратылышыңар бизге аябай кызык.
Доктор наук, 34-летний Дейл Манджиро Кикучи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2022
34 жаштагы илимдин доктору Дейл Манджиро Кикучи: Японияда Кыргызстандагыдай бийик тоолор, мөңгүлөр, аркар-кулжалар жок. Силердин жаратылышыңар бизге аябай кызык.
— Кудай буюрса, ал жабдуу жаныбарларды коргогон уюмдар, егерлер үчүн пайдалуу болот экен да. Суроо-талап барбы?
— Азыр дүйнөлүк деңгээлде колдонулчу аппаратты Кыргызстандын жаратылышында жасап жатам десем болот. Меним билишимче, азыр андай аппарат жок, муну келечекте дүйнө эли колдонот. Буюрса жаныбарларды коргогон мекеме, эл аралык уюмдардын ишин да жеңилдетет. Суроо-талап бар. Аны ак илбирске гана эмес, башка жаныбарларды да изилдөөгө колдонсо болот. Бара-бара ага жасалма интеллект кошулуп, программалык камсыздоолор керектелет. Ошондой эле илимий ишим жарыяланса башкалар окуп, жоголуп кетүү коркунучундагы ак илбирстерге да көңүл бурулат деп ойлоп турам.
Башында идеямды Японияда жергиликтүү конференциялардын бирине алып чыкканда ишиме кызыккан студенттер келип кошулган. Аларга жол көрсөтүп кызматташуудабыз. Мен Кыргызстанга кетип жатсам төртөө ээрчиди. Эң күчтүүсүн тандап Кыргызстанга ала келем.
Мөңгүнү изилдөө иштери. Архивдик сүрө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2022
Жуукудагы көчкүнү француз окумуштуулары изилдеп чыгышты. Гляциологдун маеги
Тарых илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу, кыргыз көчмөн турмушунун изилдөөчүсү, бул багытта бир канча илимий макала жана монография жазган Бактыбек Исаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2022
Көчмөн турмуш артта калгандай көрүнөт, бирок баалуулугу терең жана татаал. Маек
Италиялык окумуштуу Марк Зебиш - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2021
Кыргызстандын климатын изилдеген Марк Зебиш: мөңгүлөр бир чакырымга кыскарган
Жаңылыктар түрмөгү
0