00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Как защитить детей мигрантов: новые требования об оформлении опекунства в КР
12:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Россияда мигранттарга көзөмөл күчөтүлдү. Кыргызстандыктар эмнелерди эске алуу керек?
13:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкектеги коомдук транспорттордо тейлөө сапаты кандай? - Атайын рейддин жыйынтыгы
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Быйыл кант кызылчасынын түшүмү мол болду. Кайра иштетүү жолго коюлганбы?
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Ислам принциби менен каржыланган аблигациялар Кыргызстанда кандай иштөөдө?
17:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как в Кыргызстане проходит общественное обсуждение властных решений
18:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз коомундагы аял, эркектин орду кандай болгон?
19:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Путешествие в мир детских грёз: очарование и глубина романа Нила Геймана
20:06
40 мин
Ачык кеп
Быйыл кант кызылчасынын түшүмү мол болду. Кайра иштетүү жолго коюлганбы?
23:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Каримов: көрнөк-жарнактарды иретке келтирген дизайн-код иштелип чыкты

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемесинин шаардын тышкы жарнак жана жасалгалоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Каримов
Бишкек башкы архитектура мамлекеттик мекемесинин шаардын тышкы жарнак жана жасалгалоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Каримов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2022
Жазылуу
"Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемесинин шаардын тышкы жарнак жана жасалгалоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Каримов эки айдан бери борбордогу көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү иштери жигердүү жүрүп жатканын айтты.
Бишкектин сырткы көрүнүшүн иреттөө максатында илинген көрнөк-жарнактарды жайгаштыруу боюнча дизайн-код иштелип чыкты. Бул тууралуу Алмаз Каримов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Каримов: көрнөк-жарнактарды иретке келтирген дизайн-код иштелип чыкты
Анын айтымында, Бишкектин бардык тышкы жарнактары учурда бирдиктүү эстетикалык көрүнүшкө алып келинүүдө.
"Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемеси көрнөк-жарнактарды иретке келтирүүдө Мамлекеттик тил комиссиясы менен тыгыз иштешет. Бүгүнкү күндө Бишкекте шаардын бирдиктүү дизайн-коду — тышкы көрнөк-жарнактар жөнүндөгү документ иштелип чыкты. Учурда Бишкек шаардык кеӊешинин бекитип берүүсүн күтүп жатабыз. Республикада көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү көйгөйү көптөн бери бар. Коӊшу мамлекеттер бул маселени толугу менен чечип алышты. Азыр мэриянын буйругу менен Бишкек шаарында мыйзамсыз жана талапка жооп бербеген жарнамалык-маалыматтык түзүмдөр демонтаждалууда. Тышкы жарнама боюнча сунуштар жана талаптарга ылайык, бир уюмга бир маалымат белгисин коюуга уруксат берилет. Ал биринчи жана экинчи кабаттардын ортосундагы парапет бөлүгүн бойлой кире бериштин үстүндө жайгашууга тийиш. Ал эми алмашуу пунктуна бир валюта тактасына уруксат берилет. Башка кашаа, көчмө мамылар, чоң жана орто өлчөмдөгү баннерлер жана лайтбокстор өӊдүү конструкцияларды коюуга тыюу салынат. Маалымат белгисин мыйзамдаштыруу үчүн "Бишкек башкы архитектура" мекемесинин "Бирдиктүү терезе" бөлүмүнө кайрылып, жайдын техникалык паспортунун көчүрмөсүн, ээсинин паспорт көчүрмөсүн, имараттын долбоорунун маалымат структурасын тапшыруу керек. Ижарачылар жайдын ээси менен ижара келишиминин көчүрмөсүн, менчик ээсинен ишеним каттын көчүрмөсүн жана паспорттун көчүрмөсүн тиркөөсү керек. Маалымат белгиси жайгаша турган жердин сүрөтүн да кошсо болот", — деди Каримов.
Ал учурда "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемесинин талапты аткарбаган ишкерлерге айып пул салуу укугу жок экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0