Акылбек Жапаров: дүйнөлүк экономиканын "тартылуу борбору" Батыштан Азияга жылды

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2022
Жазылуу
Форумдун алкагында Кыргызстанга өлкөнүн темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого 12 миллион АКШ долларын берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Келечекте глобалдык рынокто Борбор Азиянын ролу жогорулоонун үстүндө болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Японияда өтүп жаткан Борбор Азия инвестициялык форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Келечекте глобалдык рынокто Борбор Азиянын ролу жогорулоонун үстүндө болот

Келечекте глобалдык рынокто Борбор Азиянын ролу жогорулоонун үстүндө болот - Sputnik Кыргызстан
1/3

Келечекте глобалдык рынокто Борбор Азиянын ролу жогорулоонун үстүндө болот

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Японияда өтүп жаткан Борбор Азия инвестициялык форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Японияда өтүп жаткан Борбор Азия инвестициялык форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады - Sputnik Кыргызстан
2/3

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Японияда өтүп жаткан Борбор Азия инвестициялык форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Белгилей кетсек, Борбор Азия инвестициялык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда Кыргызстанга өлкөнүн темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого 12 миллион АКШ долларын берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Белгилей кетсек, Борбор Азия инвестициялык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда Кыргызстанга өлкөнүн темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого 12 миллион АКШ долларын берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Белгилей кетсек, Борбор Азия инвестициялык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда Кыргызстанга өлкөнүн темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого 12 миллион АКШ долларын берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

1/3

Келечекте глобалдык рынокто Борбор Азиянын ролу жогорулоонун үстүндө болот

2/3

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Японияда өтүп жаткан Борбор Азия инвестициялык форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады

3/3

Белгилей кетсек, Борбор Азия инвестициялык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда Кыргызстанга өлкөнүн темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого 12 миллион АКШ долларын берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Жапаровдун сөзүнүн негизги тезистери:
бүгүн биз туруктуу өнүгүү максаттарын, жашыл экономиканы жана интеграциялык процесстерди өнүктүрүү коркунуч алдында турган "кризистен кийинки кризис" мезгилине күбө болуудабыз. Биздин дүйнө, өлкөбүз глобалдык кайра түзүүлөрдүн жана кайра куруулардын босогосунда турат. Дүйнөлүк экономиканын тең салмактуулугунун өзгөрүшү анын "тартылуу борборунун" Батыштан Түштүк-Чыгыш Азияга жылышына алып келүүдө;
сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети боюнча номиналдык ИДП көлөмү боюнча Азия дүйнөдөгү экономикалык лидер болуп калды. Азиянын соода жүгүртүү аймагы АКШнын тышкы соода катышынан озду. Регион динамикалуу өнүгүп жатат жана адам, жаратылыш ресурстарына бай. Дүйнө калкынын 60 пайыздан ашыгы Азияда жашайт. Дүйнөдөгү 30 ири шаардын 21и ушул континентте;
мындан туура эки жума мурун Жер шарынын калкынын саны 8 млрд адамга жеткен. БУУнун маалыматы боюнча, буга Азия чөлкөмүнүн өсүү динамикасынан улам жетишүүгө мүмкүн болду;
аталган жалпы көрсөткүчтө Борбор Азиянын стратегиялык ролу жана мааниси өсүүдө. Бүгүнкү күндө Борбор Азия дүйнөлүк рынокто периферия катары эсептелбейт. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ички дүң продукциясынын жалпы көлөмү 347 миллиард АКШ долларын түзөт. Анын региондук жана дүйнөлүк экономикадагы ролу бир топ жогорулады. Акыркы 20 жылда Борбор Азия өлкөлөрүнүн ИДПсы 7,5 эсеге өсүп, орточо өсүү темпи 6,2 пайызды түздү. Бул өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрүнөн жогору, ал эми жалпы дүйнөлүк экономикага салыштырмалуу өсүү 2 эседен ашык;
мен Борбордук Азиянын дүйнөлүк рынокто ролу жогорулай берерине ишенем: соода жолдору жана товарларды жеткирүү түйүндөрү биздин аймакка жылууда. Азыртадан эле Борбор Азия аркылуу өтүүчү кургактык жана темир жол каттамдары ыңгайлуу болуп, ал эми Батышка жүк жеткирүү арзан жана ыкчам болуп бара жатат;
мындай шарттарда Борбор Азия өлкөлөрү, атап айтканда, Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Өнүгүүнүн жаңы айлампасына ээ болуу үчүн инфраструктуралык интеграцияны жүргүзүү зарыл. Бизге окшогон деңизге чыга албаган өлкөлөр үчүн авто жана темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү керек. Бизди башка өлкөлөр менен байланыштырган жана экономикабызды дүйнөлүк жеткирүү чынжырына интеграциялоого мүмкүндүк берүүчү жаңы темир жол каттамдары керек. Алсак, жакын арада Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу башталат, анын наркы учурда 6 миллиард АКШ долларына бааланууда;
климаттын өзгөрүшү, калктын көбөйүшү жана планетанын экономикасы таза жана туруктуу энергия маселесин жаңыча коюуда. Бул жагынан алганда Борбор Азиянын энергиянын кайра жаралуучу булагы катары эбегейсиз зор потенциалы бар. Учурда колдогу гидроэнергетикалык потенциалдын 10 пайызга жакынын пайдаланып жатабыз. Ушуну эске алуу менен Кыргызстанда жана жалпы региондо гидроэнергетиканы өнүктүрүү келечеги абдан маанилүү;
Борбордук Азия чөлкөмү, анын ичинде Кыргыз Республикасы япон инвестициясы үчүн кызыкчылык туудурган багыттардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн кеңири чөйрөсүн сунуштайт. Мен япон өнөктөштөрүн Кыргызстандын экономикасына жигердүү инвестициялоого чакырам, эске салсак, Кыргыз Республикасында 52,9 пайыз акциясы Sawada Holdings Co. Ltd япон ачык компаниясына таандык болгон коммерциялык банк иштеп жатат;
ошондой эле форумдун катышуучулары менен өзүмдүн жеке тажрыйбамдан алган байкоом менен бөлүшкүм келет: узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташуу менен бирге Борбор Азия өлкөлөрү үчүн япон инвестициясынан негизги утуш ишенимдүүлүк болот. Бул, балким, бүгүнкү күндөгү эң керектүү нерседир.
Белгилей кетсек, Борбор Азия инвестициялык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда Кыргызстанга өлкөнүн темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого 12 миллион АКШ долларын берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2022
Акылбек Жапаров Япониянын Борбордук банкынын төрагасы менен жолукту
Жаңылыктар түрмөгү
0