Эл эмнеге даяр болушу керек? Өлкө экономикасынын утушу менен кем-карчы. Маек

Азык-түлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2022
Жазылуу
НовостиTelegram
Жыл соңуна чыгып баратат, демек, өлкөнүн экономикалык көрсөткүчү кайсы бир деңгээлде белгилүү болуп калды. Геосаясий абал да экономикага таасир тийгизбей койгон жок. Эми алдыда эмне күтөрү баарыбызга кызык.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде экономика министринин мурдагы орун басары, экономист Элдар Абакиров болду. Биз өлкөнүн соңку кездеги экономикалык абалын талкууладык.
© Sputnik / Асель СыдыковаЭкономика министринин мурдагы орун басары, экономист Элдар Абакиров
Бывший замминистра экономики, экономист Эльдар Абакиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2022
Экономика министринин мурдагы орун басары, экономист Элдар Абакиров
— Өлкөдөгү саясий абал, чек ара маселеси мамлекеттин бюджетине таасирин тийгизбей койгон жок. Анын үстүнө геосаясат да башка. Алдыда жыл дефицитин жаба алабызбы деген маселе турат. Жалпы экономикалык абал боюнча эмнелерди айта аласыз?
— Жарым жылдан бери өлкөдө олку-солку абал байкалып, Россия — Украина окуяларына байланыштуу да көп нерсе өзгөрүп жатат. Бир кезде Россиядагы Toyota борбору өңдүү компанияларда иштеген биздин жарандар жумушсуз калды. Санкциялардан улам ал ишканалар жабылып, кээ бири мекенине кайтканга мажбур болсо, айрымдары Корея, Түркия, Дубай өңдүү өлкөлөргө кетүүгө аргасыз. Экинчиден, Россияга Европа өлкөлөрүнөн мурункудай кийим-кече келбей, ал Кыргызстандын кийим тигүү жеңил өнөр жайына позитивдүү таасирин берди. Кытай санкциядан коркуп көп товарларды Кыргызстан же Казакстан аркылуу жөнөтүп жатат. Ошонун эсебинен бизден чыккан импорт 6 ай ичинде 1,5 эсе көтөрүлүптүр. Мындан улам жарым жылда кошумча нарк салыгы 13-14 миллиард сомго көбөйүп, анын эсебинен пенсия менен маяна да жогорулады. Андан тышкары, Кумтөрдөн жылдагыга салыштырмалуу эки-үч эсе көп салык түшкөн. Алты айда жалпы өсүш 7 пайыздын тегереги болгон. Жылдын аягына чейин 8 пайызга өсөт деген божомолдор бар. Эки-үч айда кырдаал кандай болорун так айтуу кыйын.
— Кыргызстанда бир катар ири долбоорлор башталды. Ошол эле Кыргызстан — Өзбекстан — Кытай темир жолу, Балыкчыдан Кара-Кечеге чейинки темир жол жана Камбар-Ата ГЭСин курууга каржылоо булагы кайдан болот?
— Бул долбоорлордун каржы булагы азыркыга чейин белгисиз. Кытай — Өзбекстан — Кыргызстан темир жолунун 3/1 бөлүгүн биз каржылашыбыз керек. Муну узак мөөнөттүү насыя катары алса болот. Аталган долбоор өзүн 10-15 жылда актайт. Аны ишке ашыруу үчүн насыя алуу, инвесторлорду тартуу же такыр айла кетсе Тажикстанда "Рогон" ГЭСин кургандагыдай акцияларды сатып, элден каражат чогултуу сыяктуу ыкмаларды колдонсо болот.
— Абал туруктуу болсо Кыргызстандын экономикасы 2023-2024-жылдары пандемияга чейинки калыбына келери божомолдонууда. Бул экономикабыздын мобилдүү болуп жатканы үчүнбү же башкарууданбы?
— Бул жерде негизинен эки фактор бар. Россия — Украинанын ортосундагы абалдан улам Кыргызстан кыйынчылыктарга да тушугуп, ошол эле маалда артыкчылыктарга да ээ болууда. Ошол эле реэкспорт, кийим тигүү тармактары буга мисал. Жарым жылда чөнтөк телефонун жетишерлик көп суммада экспорттоптурбуз (реэкспорт — ред.). Дубай, Кытайдан биз аркылуу Россияга кеткен товарлардан өлкөгө тыйын калып жатат. Ошол эле кийим тигүүчүлөр Россиядагы кардарлардын талабын так билип, ага ылайыкташып мобилдүүлүгүн көрсөтүүдө.
— Киреше булагы катары реэкспорт менен Кумтөрдү айттыңыз, бирок бул түбөлүктүү эмес да. Инфляция өсүп жатат. Кийин кошумча булактарды издеп калбайбызбы?
— Туура, бул кирешелер канчалык деңгээлде туруктуу болору белгисиз. Кумтөрдүн негизги запасы 1926-жылы бүтөрү айтылат. Ал убакта ири карыздарды төлөө убактысы да келет. Киреше үзгүлтүксүз болушу үчүн бизнес туруктуу иштеши керек. Башкача айтканда, товарды Россия, Казакстан, Өзбекстандан тышкары Араб эмирлиги өңдүү башка өлкөлөргө да экспорттой ала турган, атаандаштыкка туруктуу ишканалар көбөйүшү зарыл. Ошондо коркпой айлыкты көтөрө алабыз. Бирок ал үчүн инвестициялык климатты түзүп, коопсуздукту сактоо милдети турат. Баткендеги чек ара жаңжалынан кийин бул маселе бир аз оорчулук жаратууда. Кооптуулук бар жерге эч ким инвестиция салбайт. Ал эми жалпы өлкө боюнча айтып кетсек, мүлккө кол тийбестик болушу керек. Жакында эле "Үмүт и Ко" компаниясынан 800 миллиондой сом конфискацияланды. Бирок кайсы мыйзамдын негизинде алынганы түшүнүксүз. Бул ишкерлерге чоң коңгуроо. Анткени акчасы бар, бир нерсе салууну көздөгөндөр каражатын чыгарып кетип, башка өлкөлөргө инвестициялап жатканын угуп жатам. Мындайга мамлекет эч жол бербеши керек. Мүлктү коргоо жагынан мыйзамдан аттап кетпөө зарыл. Анан да бийликке көз карандысыз адилеттүү сот системасы болмоюнча инвестициялык климатты түзүү кыйын. Анткени акчасы, бийлиги барлар бизнести тартып алышы мүмкүн. Мындан тышкары, инфраструктура болушу зарыл. Жолдор салынып калды, бирок электр кубаттуулугу үзгүлтүксүз берилиши зарыл. Буга логистика да кирет. Керектүү нерсени сырттан тез жана арзан алып келүү жана жеткирүү. Ошону менен инвесторлор үчүн жогорудагы коопсуздук, кол тийбестик, адилеттүү сот системасы жана инфраструктура өңдүү төрт фактор керек. Ушунун баары болбосо, форумдарды өткөрүп кереги жок. Кыргызстанда иштеп жаткан инвесторлор жогорудагы төрт категориянын алкагында өлкөнү чын жүрөгүнөн мактаса, анда мыкты жарнама болот.
CodifyLab Academy IT академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Динара Руслан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
IT адиси Динара Руслан: премьердин кеңешчиси болуудан чочулап кетенчиктегем
— Биздеги Салык кодекси либералдык экономикага туура келет десек болобу?
— Салык кодекси былтыр тез, кыска мөөнөттө кабыл алынды. Биз талкуулаганга деле үлгүргөн жокпуз. Жыйынтыгында ишкерлердин арасынан көбү көмүскөгө кирип кеткендей болду. Жалпысынан изилдесек салыктын кирешеси деле көбөйбөптүр. Ал ички дүң продукциянын өсүшүнө жана инфляциянын көбөйүшүнө дал келиптир. Көзгө көрүнөрлүк чоң салык түшкөнүн байкабадым.
— Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун пайдасын санап берсеңиз?
— Андан жылына болжол менен 200 миллион сомго чейин пайда түшөт деген эсептер бар. Муну менен катар кошумча, мультипликативдик пайдасы көп. Алсак, өлкөгө товар ташып келүү, чыгаруу арзандайт. Демек, өндүрүш куруунун рентабелдүүлүгү өсөт. Натыйжада ишканалар ачылып, жумуш орундары түзүлөт. Ошондой эле логистиканын жоктугунан айрым кен байлыктарды экспорттоого мүмкүн болбой келет. Ал эми өлкөдө эки миллиард тоннадай көмүр бар. Учурда Европада көмүргө муктаждык өсүп, Казакстандан ташууда.
— Октябрдын башында ОПЕК+ уюму мунай өндүрүүнүн көлөмүн кыскартуу чечимин кабыл алды. Бул баанын өсүшүн шарттабайбы?
— Күйүүчү майда дефицит пайда болсо, анда баа өсөт, товарлар кымбаттап, инфляцияга алып келет. Бул классикалык көрүнүш. Бирок ага таасир эте албагандан кийин биз үчүн кабыл алуу гана калат.
— Өлкөдөгү аткезчилик менен күрөшүү аракетине кандай баа берсек болот?
— Былтыркы жыл менен салыштырганда жүктүн көлөмүнө жараша импорттон түшкөн кошумча нарк салыгы да өзгөрбөптүр. Эгер жүк көлөмү өсүп, салык көбүрөөк түшсө, бул коррупциянын азайганынан кабар бермек. Бирок азыр айырма байкалбайт. Демек, кошумча нарк мурунку эле "эсеп-кысап" менен түшүп жатат. Ал эсептин канчалык таза экени өзүнчө чоң суроо.
— 2023-жылдан баштап аймактык реформа Түп районунан башталат экен. Анда пилоттук 13 айыл беш айылга ирилештирилет. Бул пилоттук долбоордун экономикалык жагдайы кандай болот?
— Кыргызстанда 44 район бар, 450гө жакын айыл өкмөт, 2000дей айыл бар. Бул реформага көп деле көңүл буруп кереги жок. Анын үстүнө акимге көп укук берилген. Ал каалаган айыл өкмөтүн чакырып буйрук бере алат. Негизгиси жергиликтүү бийликте жаңы иш баштоого стимул болуп, андан кошумча салык алынып, бюджетке түшкөн акчанын эсебинен инфраструктура жакшырса жыйынтык чыгат. Өз алдынча башкаруу реформасы жакшы жемишин бермек. Азыр биз салыкты борборго жыйнап алабыз да, кайра таратып беребиз. Өз оокатын тың кыла ала турган адамдарга шарт түзүлгөндө гана өзгөрүү болот. "Баарын Бишкектен чечебиз" дебестен жергиликтүү элге мүмкүнчүлүк берүү керек. Акчасы жок же стратегиялык багыттагы айылдарга гана мамлекет жардам берип, калгандары өзүн-өзү багышы керек.
— Бизнес жааты деле эркиндикти самайт го...
— Мамлекет канчалык ишкерлик менен чарбачылыкка киришсе, бизнес климаты ошончолук начарлайт. Мындай жол мамлекетти акыры банкрот кыларын дүйнөлүк экономисттер айтып кетишкен. Бийлик жогорудагы төрт факторду эле камсыздап берсе, калгандарын ишкерлер өздөрү жасап кетет. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду өңдүү булактардан ишкерлерге узак мөөнөттүү насыя берсе, алар өлкөгө эселеп жардам бермек. Мамлекет бизнес кыла албайт. Ал болгону коопсуздук менен адилеттүүлүктү камсыздашы керек. Дүйнөнү карасак, азыркы брендге айланган жаңы технологияларды, аппараттарды иштеп чыккандардын баары жеке тараптар. Илон Маск деле жаңыча жолдорду ойлоп тапканы үчүн ийгиликтүү ишкер аталат. Башкача айтканда, кайсы бир бизнестин ээси мамлекет деген сөз "ал ээси жок" дегенди билдирет. Анткени ал ишканага бүгүн бирөө, эртең дагы бири директор болуп, иштин илгерилешине кызыкчылык да болбойт.
— Алдыңкы беш жылда Кыргызстанга сырткы инвесторлордон 600 миллион доллар бөлүнөрү айтылууда. Бул каражат биздин кем-карчыбызды толуктап, өнүгүүгө түрткү бере алабы?
— Бюджетти колдоо иретинде карыз алганга каршымын. Анткени төшөгүбүзгө жараша бутубузду сунушубуз керек. Карызды Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу, жаңы аэропорт салуу же Камбар-Ата ГЭСи өңдүү киреше алып келүүчү долбоорлор үчүн алсак жарашат. Бюджетти колдоого алынган карыз инфляцияны көбөйтөт. COVID эпидемиясы учурунда сырттан толтура акча алып, аны айлыкка колдонуп салыптырбыз. Менимче, бул туура эмес.
— Быйылкы экономикалык көрсөткүчтөргө карап, келерки жылы эл эмнелерге даяр болушу керек?
— Дүйнөлүк атаандаштыкка жооп берген кесиптерге ээ болууга аракет кылуу керек. Окуп, иштеп, ар бир жаран өз оокатын тың кылып, бекем болуусу зарыл. Азыр башка нерсени айтуу деле кыйын.
Чолпон-Атада боорсок менен турган улуттук кийимчен кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2022
Будапештте калпагыбыздан эле Кыргызстан деп таанышты. Туризм боюнча маек
Жаңылыктар түрмөгү
0