Россиядагы мигранттарды чочуткан эрежелер. Пайдалуу маек

© Sputnik / Кирилл КаллиниковМосква шаары. Архивдик сүрөт
Москва шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2022
Жазылуу
Пандемияга байланыштуу эки жыл эмгек мигранттарына Россия бир топ жеңилдиктерди берген. Учурда ал мыйзамдардын мөөнөтү аяктап, мигранттар документтерин толуктап алышы керек болуп турат.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Россиядагы кыргыз элчилигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы Манас Жолдошбеков жана Тюмень шаарындагы "Биримдик" кыргыз диаспорасынын төрайымы Канзада Сманова менен маектешти.
2021-жылдын 29-декабрынан тарта күчүнө кирген "Россия Федерациясындагы чет элдик жарандардын укуктук жобосу" жана "Россия Федерациясында мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон өтүү" федералдык мыйзамдары бардык чет элдиктерге тиешелүү.
Биз Кыргызстандан Россияга чыгып жаткан жарандар эмнелерди эске алышы керек жана аларды аткаруу тартиби тууралуу сүйлөштүк.
© Фото / предоставлено Манасом ЖолдошбековымРоссиядагы кыргыз элчилигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы Манас Жолдошбеков
Заведующий консульским отделом посольства КР в России Манас Жолдошбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2022
Россиядагы кыргыз элчилигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы Манас Жолдошбеков
— Манас Мамытбекович, күзүндө Россияга кеткен мигранттар көбөйөт эмеспи. 2021-жылдын 29-декабрынан тарта бармак изин калтыруу, жугуштуу ооруларга карата медициналык кароодон өтүү эрежелери киргизилди эле. Азыр бул федералдык мыйзамдар кандай иштеп жатат?
Манас Жолдошбеков: — Эмгек мигранттары үчүн Россия жагымдуу шарттарды түзүп, жылдан-жылга бул жакка келген биздин жарандардын саны өсүп жатат. Буга чейин РФтеги чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жана мамлекеттик каттоо жөнүндө федералдык мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, 2021-жылдын 29-декабрынан баштап Россияга виза тартиби жок иштөө үчүн келген чет элдик жарандар 30 күн ичинде медициналык текшерүүдөн, дактилоскопиялык каттоодон (манжа изин алуу — ред.) өтүп, сүрөткө түшүшү керек. Медициналык кароодо баңгизат колдонор-колдонбосу, жугуштуу оорулар менен оорубагандыгы текшерилет. Булар көп функционалдуу медициналык борборлордон өтөт. Мындай мекемелер ар бир аймакта бар. Мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон өтүү мекемелери жалпысынан Россиянын Ички иштер министрлигинин алдындагы миграция кызматына карайт.
© Sputnik / Жоомарт УраимовТюмень шаарындагы "Биримдик" кыргыз диаспорасынын төрайымы Канзада Сманов
Председатель кыргызской диаспоры Биримдик в Тюмени Канзада Сманова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2022
Тюмень шаарындагы "Биримдик" кыргыз диаспорасынын төрайымы Канзада Сманов
Канзада Сманова: — Негизи пандемия башталганда атайын жарлыктын негизинде Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү эмгек мигранттарына көп жеңилдиктер берилген. Каттоо мөөнөтү бүткөндө чек арадан кирип-чыгып отурбай эле онлайн катталып, эмгек келишими менен каттоону узартуу мүмкүнчүлүгү пайда болгон. РФ президентинин ушул жылдын 20-майындагы жарлыгынын негизинде Россия менен чектеш мамлекеттерден келген мигранттар 16-августка чейин чек арадан кирип-чыгып каттоосун жаңыртышы керек. Ал эми ЕАЭБдин ичинен Кыргызстан менен Арменияга 2022-жылдын 3-сентябрына чейин уруксат берилген. Ошол себептен документинде кандайдыр бир мүчүлүштүгү барлар бул процедураны сөзсүз аткарышы керек. Эми 4-сентябрдан кийин катуу текшерүүлөр башталат. Жогорудагы мыйзамдын 1-пункту да (онлайн катталуу мүмкүнчүлүгү — ред.) алып салынат. Кыргызстанда 90 күн жүрүүгө шарты жокторго Россиянын чек арасына жакын шаарга келип, Казакстанга же дагы башка мамлекетке кирип-чыгып документин тууралап алышына чоң мүмкүнчүлүк жаралып жатат. Пандемиядан пайдаланып 3-4 жыл Россиядан чыкпай жүргөндөр бар. Жайкы эс алууда көп балдар мекенине кеткен. Алар кайра келгенде, 12 жаштан өткөн балдар медициналык кароодон өтүп, манжа изин тапшырат. Буларга үч ай мөөнөт берилет. Өзбекстан, Тажикстандын жарандары Россияга баргандан кийин жашаган жерине бир жуманын ичинде каттоого турушу керек болсо, биздикилерге бир ай убакыт берилген.
Мындан сырткары, кыргызстандыктар эмгек келишими менен иштесе көп пайдасы тиет. Анткени биздин өлкө ЕАЭБге мүчө. Мыйзам талаасынан чыкпай келишим менен ишке орношкондор камсыздандыруу полюсун жана медициналык көмөк ала алат. Үч жыл бою келишим менен эмгектенсе, РФ жарандыгын алууга да жеңил болуп калат.
— Бул миграциялык борборлор берген справкалардын жарактуу мөөнөтү кандай? Айрымдар каттоого тургандан кийин жумуштары менен мекенине келиши керек болуп калса кантет?
М.Ж.: — Барганда манжанын изи бир эле жолу алынат, ошол өмүр бою сен Россияга кирип-чыкканыңа жарайт. Ал эми медициналык кароодон мурда үч ай сайын болсо, азыр бир жылда бир жолу өтүү талап кылынат.
© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМосквадагы миграциялык борбор
Мэр Москвы С. Собянин принял участие в открытии здания миграционного центра - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2022
Москвадагы миграциялык борбор
— Мигранттар "ЕАЭБге кирсек да эмнеге үчүнчү өлкөлөргө коюлган талаптар бизге тиешелүү болууда" деген суроолорду берип жатышат.
М.Ж.: — ЕАЭБге киргенден тарта бизге Россияда эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү жеңилдеди. Мисалы, азыр жумушка укук алуу (патент) процедурасы жоюлду. Экинчиден, өзүнүн РФтин аймагында жүрүү убактысы бүтсө да эмгек келишими аяктай элек болушу мүмкүн. Мында узарта берүүгө болот. Орус тилин, тарыхын билүү боюнча экзамендерден бошотулганбыз. Биздин мигранттардын балдарынын мектепке, бала бакчага баруу укуктары Россия Федерациясынын жарандарынын балдары менен теңдештирилген.
Ошол эле убакта азыр миграциялык каттоого туруу маселеси катуу талкуу жаратууда. Мурда биздин жарандар миграциялык каттоого ортомчулар аркылуу турчу. Азыр ошол ортомчулардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп жатат. Мыйзамдуу түрдө каттоого туруу көптөргө кыйын болууда. Анткени мунун да өзүнүн объективдүү себептери бар. Батир ээлери миграциялык каттоого тургузуудан баш тартат. Ошондуктан ушундай көйгөй чыгууда. Бул боюнча элчилик, министрлик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.
— Бул эрежелер балдарга да тиешелүүбү?
М.Ж.: — Ооба, алты жаштан баштап ушул эрежелер сакталышы керек.
— Эми ошол мыйзамды аткарбаган учурда же мөөнөтү өтүп кетсе мигрантты эмнелер күтөт?
М.Ж.: — Ушул жылдын 14-июлунда жогорудагы мыйзамдарга дагы өзгөртүүлөр киргизилди. Мурда 2021-жылдын 29-декабрына чейин кирген жарандар бул мыйзамдарды аткаруудан бошотулса, азыр алар да ушул процедурадан өтүшү керек. Анан дагы эки-үч жылдан бери Россияда жүрүп, анан быйыл Ысык-Көлгө же туугандарына эс алууга келип кайра барса деле жаңы барган жаран болуп эсептеле берет. Бул процедурадан өткөнгө алты ай убакыт берилип жатат. Демек, 2023-жылдын 11-январына чейин алар да толук өтүшү керек. Эгер ошол учурда өтпөй калса айып пул салынат, Россияда жүрүү мөөнөтү кыскартылып депортация болот.
— Пандемиядан кийин өзгөртүлгөн мыйзамдар тууралуу маалымат берсеңиз?
М.Ж.: — Пандемия учурундагы РФ президентинин 2021-жылдын 15-июнундагы №365 жарлыгы менен чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралар белгиленген. Мурда пандемияга байланыштуу эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук каттам убактылуу токтотулган болчу. Бул мөөнөт РФ тарабынан чектөөлөр алынган күндөн тартып 90 күн өтүп жөнгө салынат. Эми 3-сентябрдан баштап ал толук калыбына келтирилет. Эгер биздин жарандар Россияда мыйзамдуу жүрсө, документтеринин баары так, туура болсо, анда жогорудагы талаптар аларга коюлбайт, иштей беришет. Негизи Россияга келерде бизге кайрылып же туугандары аркылуу келе турган жерин тактап, кеңеш алып алса жакшы болмок (консулдуктун байланыш номерлери + 7 925 115 50 47).
© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүМоскванын аэропортундагы жүргүнчүлөр
Встреча первого рейса из Каира в Москву авиакомпании EgyptAir - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2022
Москванын аэропортундагы жүргүнчүлөр
— Кыргызстандан биринчи жолу чыгып жаткан жарандар да ушул мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелерди аткарышы керекпи?
К.С.: — Россияга иштөө максатында келген чет элдиктер, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары ушул жылдан тарта күчүнө кирген "Россия Федерациясындагы чет элдик жарандардын укуктук жобосу" жана "Россия Федерациясында мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон өтүү" мыйзамдарынын талаптарын 30 күндүн ичинде аткаруусу зарыл. Ал эми эмгек миграциясынан башка багыт боюнча келгендер үчүн мөөнөт 90 күндү түзөт. Эгер келген себеби билбестиктен миграциялык картада "жумуш" деп белгиленип калгандар мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелерди бир айдын ичинде аткарбаса, айып пул салынат. Эгер жаран иштөө максатында келип, бирок миграциялык картасына аэропорттон "жумуш" эмес башка максатты белгилеп койгон болсо, аны ишке аларда мыйзамдуу түрдө эмгек келишими түзүлбөйт. Миграциялык картасына өлкөгө кирүүнүн максатын адашып жазып алгандарга (ЕАЭБге кирген мамлекеттер үчүн) жаңы 2023-жылдан кийин кайра оңдоого мүмкүнчүлүк жаралат.
— Документтерди алмаштырууда Москвадан башка жактагылар кайда кайрылышат?
К.С.: — Эмгек мигранттары бул иштерди Москвадагы көп функционалдуу "Сахарово" миграциялык борбору аркылуу жасашат. Ал эми иш сапарга, конокко келгендер эгер 90 күндөн ашуун убакыт Россия Федерациясында жүрө турган болсо, аталган эки мыйзамдын талаптарын аткарууга милдеттендирилет. Бирок "Сахарового" барбай эле атайын белгиленген 17 медициналык мекемелердин бирине кайрыла берсе болот. Даректери "Сахарово" миграциялык борборунун сайтында бар.
Азыр ар бир шаарда миграциялык кызматтардын коммерциялык бөлүмдөрү иштеп жатат. Мигранттар Россияга келгенде бара турган жерин, ошол ишке чакырган адамыңдын ким экенин, шартын тактап алып барса. Диаспора аркылуу тактап, медициналык кароого (7500 рубль), каттоого турууга ашыкча акча алып келиши керек. Ушул боюнча роликтер көп жасалса жакшы болот эле. Кудайга шүгүр, Тюменде документ алып берем деген алдамчылар азайган. Екатеринбургдагы биздин башкы консулдукка кайрылсак бардык маселебизди чечип беришет.
— Кыргызстандыктар диаспораларга кантип кайрыла алышат?
К.С.: — Бизде Whatsapp группалар бар. Одноклассники баракчабызда беш миңден ашык адам отурат. Же болбосо менин Whatsapp номериме (+8963 451 89 00 — К.Сманова) кайрылса болот.
Документ салып аткан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2022
Элчилик консулдук кызмат көрсөтүүнү сунуштаган ортомчуларга ишенбөөгө чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0