Алтын менен чектелбе! Кыргызстанда баалуу металлдардан пайда табуунун жолдору

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүПлатина баалуу металлы. Архивдик сүрөт
Платина баалуу металлы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан элдин жыйнаган тыйынын көбөйтүп алуусу үчүн өлкөдө салым салуунун жолдору туурасындагы материалдар түрмөгүн улантат. Бул ирет кеп күмүш менен платина жөнүндө жүрмөкчү.
Буга дейре алтынга салым салуунун оң жана терс жагы тууралуу материал жазган элек. Бүгүн баалуу металлдардын бөлөк түрлөрүнө да салым салуунун артыкчылыктарын, алар менен катар терс жактарын тизмектейли.
Бир нече жыл мурун КР Улуттук банкы күмүш куймаларын чыгарууну пландап, бирок ишке ашырылган эмес. Анткен менен "алтындан да тыш" варианттар бар.

Жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери

Кыргызстандын үч банкында жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептерин ачууга болот. Салым салуунун бул вариантын тандоо менен сиз чыныгы баалуу металлды сатып албайсыз, болгону ал сиздин эсебиңизге жазылат.
Өлкөбүздө эки банк алтын гана тургай, кайра сатып алуу функциялары менен күмүш, платина эсептерин ачат. Киреше баалуу металлдын наркы өскөндө түптөлөт, башкача айтканда, аны өзүңүз тейленген банкка сатып алгандагыдан кыйла жогору баада сата аласыз.
24-ноябрга карата баалар:
"Айыл банк":
Күмүш: кайра сатып алууда – 42,1 сом / сатууда – 61,3 сом;
Платина: кайра сатып алууда — 1 760 сом / сатууда – 3 270 сом.
"Бакай банк":
Күмүш: кайра сатып алууда — 55,56 / сатууда – 59,70;
Платина: кайра сатып алууда — 2 549 / сатууда – 2 739.
© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКүмүш куймалар
Екатеринбургский завод по обработке цветных металлов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2022
Күмүш куймалар
Артыкчылыгы:
электрондук баалуу металлды уурдатуу мүмкүн эмес, себеби ал банктын компьютеринде гана сакталат, башкача айтканда, сактоонун машакатын деле көрбөйсүз. Маселен, банк ячейкасын да ижаралоонун кажети жок;
алтынга караганда платина менен күмүш кыйла жеткиликтүү баада (сары металлдын бир граммынын минималдык наркы — 4,6 миң сомго чыгат);
алтын куймалары жана монеталардан айырмаланып, платина менен күмүшкө салым салууда кошумча чыгым (даярдоого жана ташууга кеткен) жок. Наркы дүйнөлүк баанын негизинде аныкталат;
жыйнаган каражатыңызды пайдалуу жактарга салуу. Бул алтындын баасына же доллардын курсунан көз каранды болбоонун дурус ыкмасы;
электрондук эсептеги металлды каалаган иш күнү кайра банкка сата аласыз.
Терс жагы:
жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептер аманат (200 миң сомго чейинки депозит) сымал камсыздандырылган эмес: эгер банк жабылып калса, акчаны кайтаруу процесси көпкө созулушу ыктымал, колуңузга тийип калары да арсар;
кепилденген, мисалы, аманаттардыкындай белгилүү бир өлчөмдөгү киреше жок, анткени күмүш же платина арзандап кетсе, чыгым болосуз;
рынокто варианттары өтө аз, өлкөдө эки гана банк бул жаатта иш алып барат. Ошондуктан кээде сатып алуу менен кайра сатуудагы айырма чоң болуп калышы ыктымал. Демек, киреше алуу үчүн металл кыйла кымбатташы абзел;
баалуу металлдын өзү жок, аны колго алууга да болбойт. Болгону жазылат.

Монеталар

КР Улуттук банкы алтын, жез-никель жана күмүштөн коллекциялык монеталарды чыгарып келет. Биз күмүш монеталарга токтололу.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезентация новых коллекционных монет "Независимой Кыргызской Республике 25 лет" и "Всемирные игры кочевников"
Презентация новых коллекционных монет Независимой Кыргызской Республике 25 лет и Всемирные игры кочевников - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2022
Презентация новых коллекционных монет "Независимой Кыргызской Республике 25 лет" и "Всемирные игры кочевников"
Артыкчылыгы:
баасы анчейин кымбат эмес. Ушул тапта КР Улуттук банкы сатып жаткан монеталар 1500дөн 4 000 сомго чейин турат;
бул реалдуу баалуу металл;
салым салуунун жакшы жолу;
мындай монеталарга нумизматтардын (монета жыйноочулар) кызыгуусу күч, келечекте наркы кыйла өсүп кетиши ажеп эмес. Айталы, 3 410 сомдук "Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл" монетасы 7 000 рублге (дээрлик 9 500 сом) сатылууда. Мында ал эки эседен ашык кымбаттаган.
Терс тарабы (айрымдары артыкчылыгынан улам жаралат):
монетаны жана тастыктаманы катып, ошондой эле уурулардан, өрт жана суу ташкындардан сактоо зарыл. Банк ячейкасын ижара алсаңыз болот, бирок бул кошумча чыгымга дуушар кылат;
монетаны өтө кылдаттык менен сактоо керек. Бир кырын да бузуп албоо үчүн акрилден капсулага салып, үстүңкү бетинен гана кармаган оң.
болбогон эле бир жери (чийилип, бармак изи же башка так түшүп калса) эле нумизматикалык баалуулугун жоготот;
монета кирешеге кепилдик бербейт. Жогоруда алда канча кымбатка сатыларын мисал келтирдик, бирок андай баада сатылабы, кеп ошондо;
кайра тез сатылышы арсар. Монетаны бачым эле, болгондо да бир топ арзандатпай сатып жиберериңиз күмөн;
монета айныгыс жакшы белек эмес, кеп аны тартуулаган адамдарга жараша. Айрымдар андай тартууга кубанса, кай бирлери түшүнбөй, капа да болуп калышы мүмкүн.

Корутунду

Бул макала же ушул түрмөктөгү материалдар коммерциялык максатты эмес, маалымат берүүнү гана көздөйт. Максаты — топтогон каражатын ар кыл инструменттерге салууга ниеттенген окурмандарга тигил же бул варианттын оң жана терс жактарын маалымдоо.
Өзүңүзгө туура келгенин тандап аларда алгач толук изилдеп чыгып, адистер менен акылдашып, тийиштүү адабияттарды да окуп чыккан оң.
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2022
Алтынга акча салып, киреше табуунун оң жана терс тарабы. Талдоо
Сом акчасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2022
Улуттук банктын баалуу кагазын сатып алдым, кандай пайда көрөм? Жеке тажрыйба
Жаңылыктар түрмөгү
0