Улуттук банктын баалуу кагазын сатып алдым, кандай пайда көрөм? Жеке тажрыйба

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом акчасы. Архивдик сүрөт
Сом акчасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2022
Жазылуу
Акчаны жөн катпай иштетүү абзел. Кабарчыбыз анча белгисиз баалуу кагаздардын түрлөрүн сатып алууну чечкен. ЭБул ыкманы эмнеге тандаган? Кандай артыкчылыктары бар? Ошондой эле сатып алууда эмнелерге тушукканын каржы жаатындагы кезектеги материалынан окуңуздар.
Ишимен улам мамлекеттик баалуу кагаздар жөнүндө көп жазган жайым бар. Кээде акция жана облигациялар өңдүү жеке баалуу кагаздар тууралуу да баяндайм. Ошондой убактарда аларды өзүм да сатып алууну ойлоп койчумун, бирок чыгынбай жүргөн элем.

Себептери эмнеде?

пайыздык чени анча жогору эмес. Мисалы, мамлекеттик баалуу кагаздардын пайызы буга чейин 6-7 пайыздан башталчу (көп жылдык кагаздарда чен көбүрөөк). Аларга салыштырмалуу жеке түрлөрүндө пайыздык чен алда канча жогору;
жөн сатып ала албайсың, брокер же банктар аркылуу жүргүзүлөт. Ачыгы мен көп машакаттангым келген жок;
облигацияларды айлантуу мөөнөтү кеминде эки жылдан башталат. Башкача айтканда, кыйла узак, ал эми мамлекеттик баалуу кагаздын чени орточо. Алардан пайдалуу варианттарды да табууга болот. Ошондуктан дайым эң жөнөкөй жана жеңил вариантын — коммерциялык банктардагы депозитти тандачумун. Пайыздык чен да жогору, 200 миң сомго чейин кепилдик да бар.
Өлкөнүн негизги банкынын сайтына көз жүгүртүп отуруп, быйыл марттын аягынан тарта Улуттук банктын ноталарынын чендери көп өсүп, жылдык 13 пайыздан ашканын байкадым. Дароо кызыгып, караштыра баштадым. Анткени бул баалуу кагаздарды кулагым эле чалганы болбосо, терең маалыматым жок эле.

Улуттук банк өз ноталары тууралуу эмне дейт?

Кыскача токтолсок, бул — 7 күндөн 364 күнгө дейре айлантылчу кыска мөөнөттүк баалуу кагаздар. Бир даанасы — 10 миң сом. Аукциондор апта сайын өткөрүлөт. Бул баалуу кагаздар айлантуудагы акча массасын жөнгө салуу үчүн зарыл. Эгер жөнөкөйлөтүп түшүндүрсөк, "ашыкча" акчаны утурумдук банк тутумунан алып туруу.
Аларды арзандатып, башкача айтканда, номиналдык баасынан төмөн баалап, кийин өз наркына коюшат. Жеке адамдар аукционго түз катыша алышпайт, банктар аркылуу гана сатып алууга болот.
Банк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Кыргызстандын кайсы банктарында кандай валюта менен депозит ачса болот. Тизме

Эмнеге буларга кызыгып калдым?

Калк арасында бул вариант кеңири таралган эмес, себеби салымдардын кыйла оңой варианттары толтура. Бирок эки маанилүү жагдай бар:
эсептик чен өскөн сайын ноталар боюнча да пайыз жогорулайт. Салыштырсак, былтыр март айында ал беш пайыздан ылдый эле, быйыл 13 пайыздан жогору;
бул кыска мөөнөткө жөн жаткан акчаны сала туруу үчүн дурус вариант.
Өз мисалымда айтсам, чакан бир сумма колума тийип калды. Бирок бир нече айдан кийин ал мага керек. Ага дейре жөн эле туруп калат. Менимче, акча иштөөгө тийиш, бирок депозитке сала албайм. Анткени кыска убакытка ачышпайт, ачса да таптакыр эле төмөн пайыз коюшат. Кээде кыска убакытка "бош" акча болуп каларын эске алып, Улуттук банктын бир нотасын сатып алып көрүүнү чечтим. Бул кадамды баалуу кагаздар рыногун татып көрүү үчүн баш багуу деп коелу.

Сатып алууда кабылган окуя

Жогоруда айтканымдай, ноталарды банк аркылуу гана сатып алууга болот. Ошондуктан шаршембиде жумуштан чыгып, расмий сайтында бул баалуу кагаздар боюнча операциялар тууралуу айтылган банктардын бирине кирдим.
Чынында алгачкы барышым ийгиликтүү болбоду, банк кызматкери айран таң калып, ал түгүл бул эмне деп кайра өзүмдөн сурады. Азамат экен, буйдалбай барып кесиптешинен да тактап келип, башка филиалга – юридикалык жактар тейленген бөлүмгө барууга кеңеш берди.
Бир аз көңүлүм чөгүп, жанындагы банкка баш бактым. Ал жактагылар да муну менен алектенбей турганын айтышты. Бирок кызыгуум арта түштү. Эртеси күнү биринчи кирген банкка, бирок юридикалык тараптар тейленген эмес, үйгө жакын жайгашкан филиалына бардым. Анткени юридикалык жактар филиалында жеке тарап тейленбейт деп коюшабы деп да ынабадым.
Кезек үчүн кагаз алууга көз салган кызматкерге барып, нота сатып алуу планымды айтсам, экинчи кабатка жөнөттү. Ал жакта насыя берилип, юридикалык жактар тейленет экен. Кардары жок отурган биринчи эле кызматкерге кайрылдым.
Ал менин айткандарымды тыңдап отуруп, аябай таң калды. Бирок бир нече жакка телефон чалып чыкты. Ошондон соң: "кыязы, Улуттук банктын нотасын сатып алчу алгачкы киши окшойсуз", – деди. Анткени аларга банктар гана кызык. Мындай жылуу сөз жагымдуу болду. Кандай болсо да анын сөздөрүн ушундай кабыл алдым, болбосо менсиз деле нота сатып алгандар көп болсо керек.
Бирок кийинки айткандары мени дендароо абалга салды. Тапчу пайдам болгону 25 сом болот экен. Ушунча болуп, нота сатып алууга киришкен соң баары бир сатып алууга даярмын дедим.
Кайра өзүм эсептеп көрүп, чын эле бир жумалык баалуу кагаз алсам, болжол менен 25 сом аларымды түшүндүм. Анткен менен узагыраак мөөнөткө салсам, ошого жараша кирешем да жогору болот эмеспи дедим.
Аукциондор шейшемби күнү өткөндүктөн, дүйшөмбү күнү келип, билдирме толтурушум керектигин айтты. Дагы башкасына нота жөнүндө түшүндүрүп убара тартпайын деп келер күнү ошол кызматкер иштей турганын да тактадым. Ал да жумуш ордунда болорун, кезексиз кайрылсам болорун айтып кубандырган.
Айтылган күнү паспорт, акчамды алып, өз үйүмө киргендей бөлүмгө баш бактым. Экинчи кабатка чыкканымда апкаарый түштүм. Баягы кызматкер кыз жок, ишке келбептир. Башкаларына – насыя адисиби же юридикалык тараптарды тейлейби, же чакан жана орто бизнес боюнча иш алпарарына карабай эле кайрылып кирдим. Айтор, мени бири кабыл алып, кайсы бир бөлүмдөргө чалып, айрым учурларды тактаган соң нотаны кандай мөөнөткө аларымды сурады.
Баягы 25 (апталык киреше) сомду эстеп, 28 күндүк мөөнөткө баалуу кагазды алдым. Өзүмдүн эсебимде 100 сом пайда көрөм. Албетте, чоң сумма эмес, бирок бул сынамык сатып алуу кирешелүү болуп калса, мындан чоң сумманы салып, алда канча жогору киреше табууга болот. Заявка толтуруп, кызматкердин телефон чалып тактоолорун кошуп эсептесек, бул процесс 15 мүнөткө созулду.
Банк кызматкери түшүндүргөндөй, пайыздык ченди Улуттук банк эмес, сатып алуучу коет экен. Ошондуктан орточо — 13,5 пайызды жазууну сунуштады.
Бул аукцион эмеспи. Алгачкы аракет болгондуктан кызматкердин кеңешине кулак салдым. Анын айтымында, аукцион мен үчүн ийгиликтүү аяктап калганда акча эсебимден алынып, 28 күн өткөндөн кийин кайтарылат.
Бирок нота сатып алууга заявка толтурганыма жетине албай арзандатуу кантип иштей турганын да сурашты унутупмун. Жумушка келгенде тамашалай жетекчиликке мындан ары мага "инвестор мырза" деп кайрылууну өтүндүм.
Айтор, эми аукциондун жыйынтыгын күтөм. Эгер сатып алсам, бир айдан кийин сайтты акмалай туруңуздар, бул тажрыйбамдан бөлүшөм. Канча киреше тапканымды да жашырбай, макаламда мындай убара тартуу арзып-арзыбай турганын да сөзсүз камтып кетем.
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2022
Улуттук банктан алтын куймаларды сатып алуунун күнгөй менен тескейи
Акча санап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2022
Акча топтой албай жүргөнүңүздүн себебин билесизби? Түшүндүрмө жана кеңеш
Жаңылыктар түрмөгү
0