Алтынга акча салып, киреше табуунун оң жана терс тарабы. Талдоо

© AFP / DAVID GRAYАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2022
Жазылуу
Алтын куймалары, коллекциялык монета жана "алтын" эсептерине акча салуунун артыкчылыгы жана терс жактары тууралуу Sputnik Кыргызстандын кезектеги макаласында.
Каражат салып киреше табуунун жолдору бир топ болгонуна карабастан, алтынга акча салуу – тапкан тыйыныңды сактоо жана көбөйтүп алуунун эң кеңири тараган түрү. Айрыкча каатчылык убагында анын популярдуулугу арта түшөт.
Кыргызстанда алтынга акча салуунун бир нече варианты бар. Алардын КР Улуттук банкынын алтын куймалары жана жеке жоопкерчилиги жок металл эсеп (электрондук алтын) сыяктуу эки түрүн талдап көрөлү.

Алтын куймалары

2015-жылы КР Улуттук банкы жарандар инвестиция салып же каражаттарын сактоосуна шарт түзүү үчүн өлчөмдүү алтын куймаларын сатыкка чыгарган. Куймалардын бир граммдан 100 граммга чейинки жалпы алты түрү бар.
Жакындан тарта Улуттук банк алда канча көлөмдүү (12-13 килограммга чейинки) экземплярларын сата баштады. Сатып гана тим болбостон, сатып да алат. Бирок бул ири өлчөмдөргө тиешелүү эмес, ошол себептен алар туурасында сөз кылбайбыз.
Сатып алуу жана сатуудагы наркы күн сайын коюлат. Ал Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын кечээги фиксингине (иш жүзүндө дүйнөлүк наркы) жараша болот. Башкача айтканда, баа жогорулаганда дурус пайда түшөт.
Оң тарабы
Куйма — бул колуңузга ала турган алтын. Акчаны да тез айлантууга мүмкүнчүлүк бар. Себеби аны Улуттук банкка каалаган иш күнү кайра сатууга болот. Анткен менен кемчиликтери да жок эмес (алар жөнүндө маалыматты "Терс жактары" бөлүмүнөн табасыздар).
Тартуу кылууга да болот, көрүнүктүү белек. Куймалар — пайда табуу үчүн акча салуунун бир ыкмасы.
© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүПроизводство золотых слитков на заводе "Красцветмет"
Производство золотых слитков на заводе Красцветмет - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2022
Терс жагы
Айрым кемчиликтери дал артыкчылыктарынан келип чыгарын дароо белгилей кетели. Алтын куймасын жана анын тастыктамасын уурулардан, өрт, суу ташкынынан сактоо керек. Банк кутучасын ижаралоого болот, бирок бул кошумча чыгым. Алтын куймасын өтө кылдат күтүү зарыл, себеби кокус таңгагы менен металлдын өзүн бузуп алсаңыз, экспертизадан өткөрүү талап кылынат. Тастыктамасын булгап же жоготуп алсаңыз да анын текшерилишин күтөсүз.
Куйма кепилденген кирешени алып келбейт, баары алтындын дүйнөлүк баасына жараша. Мындайда сиз алтынды анын реалдуу наркынан кымбатыраак сатып аласыз, анткени куйманы куюу чыгымдары да кошо эсептелет.
Буга чейин алтын куймаларын сатып алуу менен Улуттук банкка кайра сатуудагы айырма анчалык чоң эмес эле. Маселен, бир граммдык куймада 30 сомдун тегерегинде, башкача айтканда, наркы бир аз өссө да киреше алып келчү. Бирок соңку бир нече айда КР Улуттук банкынын саясаты алмашты. Куймалардын баасы дээрлик бир орунда туруп, өтө чанда өзгөрүүдө. Баанын улам өзгөрүшү жүз граммдык түрүндө гана байкалат. Бирок наркы 400 миң сомдон ашканда буга көп көңүл бурулбайт. Сатып алуу жана сатуудагы айырма абдан чоң болуп калат. Мисалга, 28-октябрда кайра сатып алууда баа 5 826 сомду, ал эми сатууда — 6 404,5 (578,5 сомдук айырма, ал эми жыл башында жүзгө жетпейт эле) сомду түзгөн. Мындайда киреше табууга болот, бирок алтын аябай кымбаттап, Улуттук банк куймалар жаатындагы баа саясатын өзгөрткөн учурда гана пайда түшөт.
Оң да, терс да жагына кошууга боло турган дагы бир маанилүү учурду белгилей кетели. Эгер тез арада акчага зарылып калсаңыз, куйманын четинен кертип сатууга болбойт. Ал бүтүн бойдон гана сатылат. Айтмакчы, көпчүлүк муну артыкчылык катары да санайт.
Сом акчасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2022
Улуттук банктын баалуу кагазын сатып алдым, кандай пайда көрөм? Жеке тажрыйба

Электрондук алтын

Кыргызстандын бир нече банкында жеке жоопкерчилик каралбаган металл эсептерин ачууга болот. Каражат салуунун вариантын тандоо менен реалдуу алтынды сатып албайсыз. Аны сиздин эсебиңизге катташат. Баалуу металлдын наркы жогорулаганда киреше түшөт. Аны өз банкыңызга сатып алган баадан кыйла кымбатка кайра сата аласыз.
Металл эсептери да алтындын дүйнөлүк баасынан көз каранды, ошондуктан Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын кечээги наркына карайбыз. Быйыл алтындын бир трой унциясынын (31,1 грамм) баасы бир жогорулап, бир түшүп, бирок көбүнесе төмөндөп отурду.
Артыкчылыгы
Металл эсепти ачууда баалуу металлды уурдатып алам деп санааркабайсыз, аны сактоонун да эч кандай түйшүгү жок. Металл эсептин алкагында сатып алынган алтын арзан да түшөт, себеби аны даярдоо жана ташуу чыгымдары болбойт. Мисалга бир граммдык куйманы алалы. КР Улуттук банкынын алтын куймасы коммерциялык банктардын биринде 6400 сом, электрондук алтын 4 600дөн ашыгыраак турса, дагы башкасында — 5200 сомго жетпейт. Ири өлчөмдөгү алтын куймаларынан айырмасы жок. Айрым учурларда алар металл эсептерине караганда кыйла кирешелүү да келет. Бирок аны сатып алууга дарамет жетер-жетпеси да өзүнчө бир маселе.
Электрондук алтын куймаларга караганда жеңилирээк, мисалы, Улуттук банктан кеминде бир грамм баалуу металл сатып алуу зарыл болсо, металл эсеп алкагында — 0,1 граммдан өйдө сатылат. Акчага айлантуу да жеңил, өзүңүзгө ыңгайлуу бир иш күнү барып, алтынды банкка кайра сатып, акчаңызды кайтарып аласыз.
Кааласаңыз каржылык мекемесине барып отурбай, эң башында ошол эсеп туташтырылган карта алып коюңуз. Алтын ошол күнкү баанын негизинде сомго айлантылат.
© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүСлитки драгоценных металлов, произведенные на предприятии "Красцветмет"
Слитки драгоценных металлов, произведенные на предприятии Красцветмет - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2022
Терс жагы
Сатып алуу жана сатуунун ортосундагы айырма чоң. Салыштыруу үчүн 28-октябрдагы маалыматтарды келтирели. "Айыл банкта" кайра сатып алуу — 3 740, ал эми сатуу — 5 140 (айырмасы – 1 400) сомду түзөт.
"Бакай банкта" кайра 4 296 сомго сатып алынып, 4 617 (айырма – 321) сомго сатылган. Кыргыз-швейцариялык банкында кайра сатып алуу — 3317, сатып алуу — 6 220 сом (айырма – 2903) болгон. Бул айырма түшүнүксүз. Мурда алтын куймаларынын айырмасы кирешелүү болчу, бирок жогоруда белгилегендей артыкчылыгы деле калган жок. Башкача айтканда, пайда табуу үчүн алтын абдан кымбаттаганын күтүүгө туура келет.
Жеке жоопкерчилиги жок металл эсептери — бул электрондук алтын. Аны колго алып, кармап көрө албайсың. Болгону ал эсебиңизге гана жазылат. Металл эсептер камсыздандырылбайт. Мамлекет 200 миң сомго чейинки гана салымдарга кепилдик берет. Эгер кокус банктын иши солгундап кетсе, электрондук алтынды кайтарып алуу оңой-олтоң иш эмес.
Жеке жоопкерчилиги жок металл эсептерде (жана куймаларда да) депозиттердегидей кепилденген киреше жок. Алтын кымбаттаса го баары ойдогудай, бирок арзандап кете турган болсо, анда чыгым тартып каласыз.
Банк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Кыргызстандын кайсы банктарында кандай валюта менен депозит ачса болот. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0