Тышкы карыз мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтириши мүмкүн. Маек

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом жана доллар купюралары жана Кыргызстан желеги. Иллюстративдик сүрөт
Сом жана доллар купюралары жана Кыргызстан желеги. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2022
Жазылуу
Жакында эле кыргыз өкмөтү бюджетти колдоо үчүн акыркы он айда эл аралык донор уюмдардан 180 миллион доллар алганын парламенттин тармактык жыйынында билдирген. Кыргызстандын учурдагы карызы канчага жеткени жана анын өлкө үчүн канчалык кооптуулугу бар экени ойлондурат.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде финансист, президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илимий изилдөө кафедрасынын жетекчиси Улукман Мамытов болду. Биз тышкы карыз жана андан кутулуу жолдору тууралуу сүйлөштүк.
— Мамлекеттин карызы канчага жетти?
— Акыркы маалыматтар боюнча азыр мамлекеттин тышкы карызы беш миллиард доллардан ашты. Анын ичинен 4,5 миллиарддан ашыгы тышкы карыз. 1,5 миллиард доллары Кытайдын банкына таандык. Биздин тышкы карыздын аз же көп экени мамлекеттин экономикасына жараша аныкталат. Мындай караганда, 5 миллиард доллар абдан эле чоң сумма, бирок башка мамлекеттерге салыштырганда аз. Коңшу Казакстандын карызы 160 миллиард доллардан ашты. Биздин карызды Ички дүң продукцияга салыштырганда, 60 пайыздын эле тегерегинде. Эл аралык системада мамлекеттик карыз 60 пайыздан ашпашы керектиги айтылат. Бирок ошол өлкөлөрдүн карызы ИДПга салыштырганда 90-100 пайызга жетип калса деле экономикасы туруктуу. Мисалы, Япониянын карызы 250 пайызды, АКШныкы 120 пайызды түзөт. Ал эми Казакстандын жылына 500 миллиарддык ИДПсы бар. Карызы анын 30 эле пайызын түзөт. Аларга салыштырганда, Кыргызстандын экономикасы, рыногу чакан. Ошол себептен ИДПны көтөрүп, экономикалык стратегияга көңүл буруу керек. Экономикадагы көйгөйлөрдүн бири — соода балансы. Анткени өлкөдө соода дефицит болуп жатат. Импорт экспортко караганда кыйла жогору. Акча бирдигине мунун басымы чоң. Соода балансын жок дегенде нөлгө келтирип, экспортту көбөйтүү абзел. Бир гана өндүрүш эмес, туризм деле бир катар акча алып келерин көрсөттү. Мамлекет алдыда жакынкы 3-5 жылдык стратегияны аныктап алышы керек. Чыгыш өлкөлөрү да мамлекеттик башкарууну корпорацияда бизнес башкаруу менен ченеп, стратегиясын аныктап, советтик пландык экономиканын айрым жерлерин алып, беш жылдык план түзүшкөн. Мунун артынан ийгиликке жетишти. Планда колго алуучу өндүрүштөр, приоритеттерге чейин так жазылат. Биз да Кыргызстанды завод катары карасак, анда прагмативдүү түрдө план коюшубуз керек. Мен да чоң-чоң ишканаларга бизнес-план түзүп иштеп келдим. Бизнес-пландын өзгөчөлүгү эмне? Стратегиялык план коюп, анын кирешесин ай сайын эсептешет. Ал үчүн эмне кылышыбыз керек деген маселе каралат. Мисалы, эки жыл ичинде биздин мамлекет бир миллиард доллар табуу планын коюп, анын негизинде ар бир тармакка тапшырма берилиши керек.
© Sputnik / Асель АкматМамлекеттик башкарууну изилдөө жана өнүктүрүү институтунун директору Улукман Мамытов
Экономист Улукман Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2022
Мамлекеттик башкарууну изилдөө жана өнүктүрүү институтунун директору Улукман Мамытов
— Мамлекеттик карыз ИДПнын 60 пайызынан ашпашы керектигин айттыңыз…
— Мындай чектөөнү биз үчүн эле киргизип койгондой. Себеби Батыш өлкөлөрүнүн карызы ИДПнын 100 пайыздан ашыгын түзөт. Мамлекет, үй-бүлө жана бизнестин карызы — эки башка маселе. Мамлекеттин алган карызынын көбү туура эмес жумшалып калды. Негизи карызсыз бизнес жүрбөйт. Бирок карызды пайда алып келе турган тармакка салуу керек. Ал эми маяна үчүн жарым-жартылай санарип сомдорду, баалуу кагаздарды колдонуу зарыл. Муну менен социалдык тармактын маселелерин деле жабууга болот. Биздики көбүнчө бюджетти колдоого кетип калууда.
— Бюджеттин чыгашасы жыл сайын өсүп жатат. Бул үчүн карыз ала берсек, карыздын көлөмү улам кеңейе бербейби?
— Андай болушу да мүмкүн. Мунун баары өкмөттүн колунда. "Маяналарды көтөрө беребиз, эл колдосун" деген популисттик ой менен карыз алып, өнбөй турган тармакка салып жиберишет. Эгер чыгаша көбөйө турган болсо, өлкөгө киреше алып келүү жаатында план болушу керек. Киреше жогору болсо карыз коркунучтуу эмес. Ошол себептен стратегиялык бизнес-план түзүү зарыл. Тез арада акча алып келе турган тармактарга биринчи көңүл бурушубуз керек. ИДП дагы ушунун эсебинен өсөт.
— Маяна, социалдык маселелер үчүн ички карыздан алса болобу?
— Бул да кызык маселе. Азыр жаңы монетардык экономикалык теория деген түшүнүк чыгууда. Мунун мааниси — тышкы карыздан көрө ички карызды көбөйтсө экономика да туруктуу болмок дегенди билдирет. Бирок буга батыш өлкөлөрү каршы. Япониянын карызы ИДПсынын 250 пайызын түзөт деп жатабыз. Ошонун 90 пайызы ички карыз. Ошол себептен алар корккон жок. Ал эми АКШ деле 31 триллион карызы менен коркпой эле дагы алып жатышат. Анткени алардын карызы өзүнүн ички валютасында. Булар керек болсо, бир күндө 31 триллион доллар чыгарып карызын жаап коёрун да айтышууда. Бирок экинчи жагынан мындай жол менен өлкөнүн экономикасын жок кылып алуу тобокелдиги бар. Кыргызстан деле санариптик баалуу кагаздардын көмөгү менен карызын (салык, насыя, бюджеттик төлөмдөр) төлөй албай калган кыйын кырдаалдан чыкса болот. Бирок мунун да тобокелчиликтери бар.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономист Улукман Мамытов: Азыр жаңы монетардык экономикалык теория деген түшүнүк чыгууда. Мунун мааниси — тышкы карыздан көрө ички карызды көбөйтсө экономика да туруктуу болмок дегенди билдирет.
Экономист Улукман Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2022
Экономист Улукман Мамытов: Азыр жаңы монетардык экономикалык теория деген түшүнүк чыгууда. Мунун мааниси — тышкы карыздан көрө ички карызды көбөйтсө экономика да туруктуу болмок дегенди билдирет.
— Бул баалуу кагаздар алгач кайсы бир чек менен киргизилиши керек да, ээ?
— Ооба, Акылбек Жапаров кол койгон документте пилоттук долбоор үчүн 106 миң сомго иш алып баралы деген ой бар. Бирок ал ишке аша элек.
— Эмнеге батыш өлкөлөрү ички карызды жактыра беришпейт?
— Дүйнөлүк каржы системасында рейтинг агенттиктери бар. Булар ар бир бизнеске, мамлекетке, корпорацияларга рейтинг берет. Карызы көптөрдүн рейтинги аз жана ал өкмөткө көбүрөөк насыя берүү каралат. Рейтинги жакшы болуп, карызыбыз аз болушу үчүн эртең дагы карыз алабызбы деген ой туулат. Ушундай жабык айлампа болуп жатат. Эгер биз карызды батыштан эле ала берсек, алардын рейтинг агенттиктерин карап туруу керек. Батыш өлкөлөрү кризиске батып бараткан болсочу? Анда бизге алардын рейтингинин да кереги жок, Кытайдын же Россияныкын кароого туура келет. Ошол себептен шамалга карап мурдун тоскондой маселе болуп жатат.
— Тышкы карыз мамлекеттин эгемендүүлүгүнө доо кетирери айтылат. Аймактык бүтүндүгүнө коркунуч жаратышы мүмкүнбү?
— Бир жагынан бул жөн эле айтылган жок. Кытай Африкада, Тажикстанда ушундай саясат жүргүзгөн. Ошондуктан карыз алуудан биринчи Кытайдан алган акчаны кантип жабабыз деген стратегия болушу керек.
Азык-түлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2022
Эл эмнеге даяр болушу керек? Өлкө экономикасынын утушу менен кем-карчы. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0