Песков: ЖККУ саммитинде кыргыз-тажик чек арасындагы абал талкууланды

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүТажикстан тараптан кол салуу болгон Ак-Сарай чек ара заставасынын аскер кызматкерлери. Архив
Тажикстан тараптан кол салуу болгон Ак-Сарай чек ара заставасынын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2022
Жазылуу
Кремлдин өкүлү эки өлкө ортосундагы чыр-чатакты жоюу аракеттери улана турганын кошумчалаган.
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. ЖККУ саммитинин жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чыр талкууланды. Абалды жөнгө салуу оңой эмес экенин, буга карабастан иштер улантыла берерин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтканын РИА Новости кабарлады.
"ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы мындай пикир келишпестик, чыр-чатактан арылууга уюмдун саясий эрки жетиштүү. Президенттер аны чечүү керектигин түшүнүп жатат, бирок алдыда оңой эмес жумуштар бар. Аны чечүүгө аракеттер улантыла бермекчи", — деген Песков.
Беларусь президенти Александр Лукашенко ЖККУ саммитинде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө олуттуу жылыштар бар экенин айтканын маалымдаган.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров ЖККУнун саммитинде  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2022
Жапаров: ЖККУ чек арасын күзөтүүнүн катмарлуу системасын түзүү керек
Жаңылыктар түрмөгү
0