Ошто Кытай жараны жетекчисин өлтүрдү деп шектелүүдө

© Sputnik / Дмитрий МакеевКишенчен адам. Архив
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2022
Жазылуу
Кармалган жаран жетекчиси көптөн бери маянасын бербей жүргөнүн, экөөнүн ортосунда чыр чыкканын айткан.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Ош шаарында Кытайдын жараны жетекчисинин өлүмүнө шектелүүдө. Маалыматты Ош ОИББи таратты.
Анда жазылгандай, 44 жаштагы маркум дагы Кытайдын жараны болгон. Ош шаарындагы "Пекин" ресторанында болгон окуя тууралуу милицияга кечээ эртең менен маалымдашкан.
"Кылмышка шектелип 42 жаштагы Кытай жараны кармалды. Ал мындай оор кылмышты жасаганын мойнуна алып, көрсөтмө берди. Жетекчиси бир нече айдан бери маянасын төлөбөй жүргөнүн, мындан улам алардын ортосунда чыр чыкканын айтты. Шектүүнүн көрсөтмөлөрү териштирилүүдө", — деди облустук милициядан.
Кылмыш боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иш козголду. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бишкектеги милиция кызматкерлери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2022
Адам өлтүрүүгө шектелген эки кыргызстандык изделип жатат. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0