Бой жеткен уулумдун өз алдынча боло албаган мажирөөлүгү кейитет. Эненин каты

© Фото / Pexels / John MatthewКафеде отурган жигит. Иллюстративдик сүрөт
Кафеде отурган жигит. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына жалгыз уулунун мажирөөлүгүнө кабатырланган эне кат жазган.
Саламатсыздарбы, менин жашым 50дө. Турмушка кеч чыгып, кеч балалуу болдум. Арадан алты жыл өтүп жолдошум менен ажырашууга туура келди. Анын да өз себептери бар. Кыскасы, мен ал адам менен чогуу жашап, өмүрүмдү арнап, ден соолугумду кетиргим келген жок. Абдан көп көңүл ооруткан сөздөр, жүрөк сыздаткан учурлар болду. Акыры өзүмдү колго алдым да, бир жаштагы баламды боорума кысып үйдөн чыгып кеттим. "Тагдырыма эмне жазса, ошону көрөм" деп ойлодум. Кудайга шүгүр, жакшы курбум эки айдай жардам берди. Ошол аралыкта баламды бакчага берип, жумушума кайтып барып, өзүмчө чакан батирге да чыгып кетүүгө жетиштим. Ошентип отуруп баары ордуна келди, мен да үй алдым. "Күйөөмө көрүнөм" деп тырмышып иштеп жүрүп турмушка да чыккан жокмун. Жолдошум болсо үйлөндү. Ооба, тилегиме жетип ал мени убагында барктабаганына өкүндү, бирок мен өткөн күн менен жашай бергенимди кийин түшүндүм. Баарына жетишкеним менен бир жерден жаңылыпмын. Жалгыз уулумду ашыкча эле бөпөлөй берип аябай назик, чабал болуп калды. Чынын айтсам, кээде курбуларымдын балдарына суктанып кетем. Алардын өз алдынча ой жүгүртө алганы, чечим кабыл алгандары мени суктандырат. Бир курбумдун уулу апасынын чыйпылыктаганына карабай "мен армияга барышым керек, бул менин милдетим" деп туруп эле кетип калыптыр. Аны угуп таң калдым. Уулумду менчик мектепте окуттум, чаң жугузбай кийинттим, "бирөө катуу сүйлөп койбосун" деп жанымды сабап иштесем да бир жумшаган жокмун. Бирок азыр балам официант болуп иштегенден да намыстанат. Үйдө компьютер ойнойт, тамак ичет, дүкөнгө барат, досторуна жолугат, болгон иши ошол. Жакында окуудан да чыгып алды. Чынында коркуп эч жакка жиберчү эмесмин. Туугандарга деле аралашпайт. Азыр вакуумда жашагандай жүрөт. Коркконум, өмүр бою жанында жашабайм да. Кантип өз алдынча турмуш курат? 19га чыкса да элге аралаша албайт. Бирөө алдап кетсе же жаман айтып койсо бат эле сынып калчудай. Кыскасы, турмушка даяр эмес. Муну кантип оңдойм? Бирөөлөр армияга жибер, ошол жактан турмушту көрөт дешет. Ага да жүрөгүм чыдабайт. Кантсем болот?
Жини келип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2022
Сөз жетпей калганда... Сөгүнүп эмоция чыгаруу кайсы учурда пайдалуу экени айтылды
Психолог Сажира Абдыкаимова:
— Сиздин маселе — бул жалгыз бой энелердин көйгөйү. Айтканыңызга караганда, абдан күчтүү айымсыз. Бул күчтүүлүк, өзүм билемдик балаңыздын жашоосуна чейин таасирин берген. Уулуңуз 19 жашка чыккыча сиздин карамыгыңызда жүрүп, "аял деген бардык көйгөйдү чече ала турган дүйнөдө жок күчкө ээ" деп түшүнүп калган. Уулуңузга эркектин тарбиясы керек. Ал таяке, таята, аяш ата өңдүү жол көрсөтүүчү эр адамга муктаж.
Менин оюмча, балаңызда толук үй-бүлө кандай боло турганы, эркек кишинин үй-бүлөдөгү ролу тууралуу түшүнүк калыптанган эмес.
Аялдын бардыгы көп нерсени өзү жалгыз эле чечип коё албасын дагы билбейт. Балаңыздын ушул убакка чейинки жашоосуна жоопкерчилик алдыңыз, эми мындан аркы жашоосу өзүнүн гана тандоосу экенин жана анын чечимин сыйларыңызды бирге отуруп сүйлөшүп, ага жеткирүү керек.
Сиз дагы көп түйшүктү мойнуңузга илип алгансыз. Бир күн кечке эч нерсе жасабай уйкуңуз келсе уктап, бийлегиңиз келсе бийлеп түпкү сезимиңизде жаткан "жок, болбойт" деген нерселерди жасап көрдүңүз беле? Балаңызды эле өз эркине койбой, өзүңүздү дагы бош, ээн-эркин койсоңуз эмне болот?.. Армияга барбай эле өз турмушун сонун эптеген балдар бар. Кеп анда эмес. Балаңыз 18 жаштан кийин адам өзүн-өзү багышы керек деген түшүнүк менен таанышпы? Эгер билбесе, түшүндүрүү керек. Ушундай учурда ал сизге ажырашып кеткениңиз боюнча айтып, атасы менен жашагысы келсе жөнөтүп коюңуз. Ошондо да башка үй-бүлөнү көрүп, башкача үй-бүлө модели менен тааныш болот. Көп нерсеге көзү ачылат. Балаңыз алсыз эмес, ал абдан күчтүү, колунан баары келерине ишене бериңиз. Ушундай ишеним менен мамиле кылышыңыз керек. Жогорудагы нерселерди өз алдынча жасай албай жаткан болсоңуз анда психологго кайрылыңыз.
Көчөдө бараткан аял жана окуучу кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2022
Ата-эненин бала менен сырдаш болгону көп азгырыктан сактайт. Мугалимдин күндөлүгү
Жаңылыктар түрмөгү
0