Мүсүралиев: өлкөдө 2015-жылдан бери жеке жактардын депозити 3 эсе өстү
© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук банктын коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнүн финансылык сабаттуулук секторунун жетекчиси Кубаныч Мүсүралиев
Жазылуу
Улуттук банктын коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнүн финансылык сабаттуулук секторунун жетекчиси Кубаныч Мүсүралиев каражат топтоодо эки-үч банктын кызматынан пайдаланууну сунуштады.
2021-жылга карата өлкөдөгү коммерциялык банктардын депозиттик базасынын жалпы көлөмү 242,9 миллиард сомго жетти. Бул 2015-жылга салыштырмалуу жеке жактардыкы 16,7 пайызга, юридикалык тараптардыкы 56,6 пайызга өскөнүн көрсөтүп турат. Мындай маалыматты Кубаныч Мүсүралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Мүсүралиев: өлкөдө 2015-жылдан бери жеке жактардын депозити 3 эсе өстү
Анын айтымында, 2015-жылдан баштап республикада депозитти жайылтуу саясаты колго алынып келсе, ошол учурда жеке жактардын банктардагы депозити 35 миллиард сом болгон. Быйыл январь айында бул көрсөткүч 110 миллиард сомдон ашкан.
"Калктын финансылык сабаттуулугу жогорулап, кирешесин үнөмдүү, туура колдонууга ыктай баштады. Муну биз жеке жактардын 2015-жылдан тарта банктарда кармаган депозитинин көлөмү үч эсеге өскөнүнөн эле байкасак болот. Бирок бул дагы чек эмес. Акча чогултуу, кирешени туура бөлүштүрүү боюнча дагы көп иштер жасалышы керек. Ошондуктан да биз 31-октябрда Сактык аманаттын эл аралык күнүн белгилөө боюнча акция уюштуруп келебиз. Максатыбыз —эл арасында каражат чогултуу, туура бөлүштүрүү, финансылык сабаттуулукту жогорулатуу аракеттерин жайылтуу. Учурда кыргызстандыктар өздөрү да бул маселеге олуттуу карап, кирешесинин кандайдыр бир бөлүгүн сактык аманатка бөлүп жатышат. Бирок айта кетүүчү жагдай, банктардын кызматынан колдонууда бир эле эмес, эки-үч банкты тандап, каражатты депозитке салардан мурда келишим менен дыкат таанышып чыгуу керек. Бул кадамдар кардардын эгер бир банктагы депозити кандайдыр бир тобокелчиликке туш болсо, башка банктардагы каражатын сактап кала алат. Өтө чоң суммага күйбөй, жыйынтыгында өз бюджетин олуттуу чыгымдан коргойт. Ошондой эле кайсы валютада же алтын менен сактасамбы деп да көп түйшөлүшөт. Башка валютада жана алтын менен каражатты сактоо бул инвестицияга да кирип калат. Ал эми инвестицияда тобокелчиликтер да чоң болот. Мисалы, чет элдик валютанын куну түшүп кетиши мүмкүн. Андыктан ар бир жаран өз ыңгайына жараша иш кылганы жакшы", — деди Мүсүралиев.
Адис айлык алар менен эле кайсы бир пайызы дароо депозитке которулуп кала турган ыкманы колдонуу менен жарандар өз чыгымдарын көзөмөлдөй аларын кошумчалады.