Актёр Абдыкалык Акматовдун жубайы: апам мени бербейм деп үч күн ыйлаган

© Фото / из семейного архива АкматовыхТеатр жана кино актёру, эмгек сиңирген артист Абдыкалык Акматов жубайы маданияттын мыкты кызматкери, актриса Зульфия Калыкова менен
Театр жана кино актёру, эмгек сиңирген артист Абдыкалык Акматов жубайы маданияттын мыкты кызматкери, актриса Зульфия Калыкова менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2022
Жазылуу
Кыргыз кино жана театр ааламы таланттуу актёрлорго бай. Алардын катарында бир катар тасмаларда жана спектаклдерде жараткан образдары менен элге сиңген Абдыкалык Акматов да бар. Ал кишини көбү "Курманжан датка" тасмасындагы Элтойдунун ролу менен жакшы эстеп калган.
Театр жана кино актёру, эмгек сиңирген артист Абдыкалык Акматовдун жубайы маданияттын мыкты кызматкери, актриса Зульфия Калыкова Sputnik Кыргызстан агенттигинде мейманда болду. Биз актёрдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу сүйлөштүк.
— Учурда агай эмне менен алек?
— Ал киши кино жана театр актёру болгондуктан учурда "Манас" театрында иштеп жатат. Мындан сырткары, киного тартылып, комуз, кыл кыяк, домбура чабат. Кыскасы, чыгармачылыктын үстүндө. Өзү Москвадагы кинематографисттер институтун бүтүргөн эмеспи.
Достору, кесиптештери агайыңарды Калык деп чакырышат. Ал киши 1954-жылы Оштун Ноокатындагы Кара-Ой жайлоосунда туулган. Алты бир туугандын кенжеси. Эркелеп жүргөн кичине кезинде эле атасы каза болуп калыптыр. Кайненем алты баланы турмуштун ар кыл кыйынчылыгына чыдап жалгыз өстүргөн экен. Атасы катуу ооруп жатканда кичүү уулун үстүнө алып киришет. Төшөктө жаткан кайнатам баласын жакын тартып туруп саамайынан бир жыттап алыптыр. Тердеп, жан алакетке түшүп жаткан мезгили экен. "Ата дегендин ошол тер жыттанган гана элеси көз алдымда калды" дейт өзү. Анан Калыкты сыртка чыгарышат. Эшикке чыгып, ары басканда эки мүнөт өтпөй эле өкүрүк, ызы-чуу угулуп калат. Көрсө, ошондо атабыз үзүлүп кеткен экен.
© Фото / из семейного архива АкматовыхТеатр жана кино актёру, эмгек сиңирген артист Абдыкалык Акматов
Актер театра и кино, заслуженный артист КР Абдыкалык Акматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2022
Театр жана кино актёру, эмгек сиңирген артист Абдыкалык Акматов
Кийин жолдошум Ноокаттагы мектеп-интернатта окуйт. Ал кезде тартип катуу. Анан апасы жапкан нанын, самсасын салып алып темир тосмонун жанына келип чакырат. Сүйүнүп барып бергенин алып, эркелеп, анан кайра чуркап кетчү экен. "Кичине кезде аталары келген балдарга суктанып, апама "эмнеге менин атам жок" деп ыйласам, алдап-соолап сооротуп койчу" дейт. Бала чагы ошентип өткөн. Кийин жакшы адамдардын жардамы тийгенби же өзүнүн жеке кызыгуусу мененби, айтор, 1975-жылы Ош драма театрына жарык берүүчү болуп ишке кирет. Ар бир кейипкердин образына жараша жарык берүү керек эмеспи. Ошондо Марат Алышпаев, Гүлайым Каниметовалар менен чогуу иштешип жүрүп актёрлук кесипке таасирленген экен.
— Анан Москвага сапар алган турбайбы?
— Ооба, Москвадагы кинематографисттер институтунун театр жана кино актёру бөлүмүн Алексей Баталовдун тобунан бүтүргөн. Кыргызстанга келип чү дегенде эле кинодогу эмгек жолун Германиядан тасмага тартылуу менен баштаган. Москвада окуп жүргөндө эле тандалыптыр. Геннадий Базаровдун тайпалашы Ириса Гузнер тарткан "Перпедум мобеле" көркөм тасмасында Сакуранын ролун аткарган экен. Андан кийин Монголияда, "Мосфильмде" тартылып келип, анан кыргыз тасмаларына түшө баштаган. Бир катар башкы ролдорду жаратты. "Кербез" тасмасында Токтогул Сатылгановду, "Курманжан датка" фильминде Элтойдуну, Артык Сүйүндүковдун "Кайчылаш жолдор" тасмасында Дөөлөс деген чабандын ролун аткарып, кинотеатрларда эл батпай калган экен. Бул киши көп тармактуу, эмгекти катуу сүйгөн адам. Кино жаатында да, Ош драма театрында, Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында, Муса Жангазиев атындагы Куурчак театрында да иштеди, көп ролдорду жаратты. Кыргыз улуттук драма театрында "Манастын уулу Семетей" спектаклинде Бакай атаны, Кайрат Иманалиевдин "Коркут ата" спектаклинде Коркут атанын ролун аткарды. Коркут атанын образын аткаруу менен түрк дүйнөсүндө өткөн Бүткүл дүйнөлүк театр фестивалында алдыңкы орунду ээлеп, Калдун Танер орденин алып келди.
© Фото / из семейного архива АкматовыхТеатр жана кино актёру, эмгек сиңирген артист Абдыкалык Акматов Москвадагы кинематографисттер институтунун театр жана кино актёру бөлүмүн Алексей Баталовдун тобунан бүтүргөн
Актер театра и кино, заслуженный артист КР Абдыкалык Акматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2022
Театр жана кино актёру, эмгек сиңирген артист Абдыкалык Акматов Москвадагы кинематографисттер институтунун театр жана кино актёру бөлүмүн Алексей Баталовдун тобунан бүтүргөн
— Устачылыгы качан ойгонду?
— "Жакшы тулпар кийин чабат" дегендей, буга кийин келди. Айылдагылардын айтымында, таякеси комуз чапчу экен. Ал таякебиз 95 жашка чыгып каза болду. Калык кичинесинде эле устачылыкка кызыгарын ошондо эле байкаптыр. Азыр, кудайга шүгүр, Калыктын чапкан комуздары дүйнөгө тарап жатат. Сапаты менен үнү да жакшы.
— Экөөңөрдү сахна тааныштырдыбы же жай турмушта эле табышып калдыңыздарбы?
— Негизи кесимбим боюнча ырчымын. Калыйбек Тагаевдин "Жаныбарым, Гүлсарым" деген ырына клип тарттыруу үчүн режиссёр Темир Маймашовго байланышып, бир жерди белгилеп жолукмакпыз. Калыкты ээрчите келиптир. Негизи бир көрүп жактырууга ишенбегендиктен алгач көңүл бурбай жүрдүм. Бирок чынчылдыгы, ак ниеттүүлүгү, анан өжөрдүгү менен бир жыл артымдан чуркап жүрүп багынтып алды. Алгач ата-энемдин алдына барып, алар каршы болуп, апам "бербейбиз" деп ыйлап араң макул болгон. Себеби мен ал убакта Ошто жашачумун. Өзүм Алайдын кызы болом. Ата-энеме Бишкек десе эле "алыска кетип калат" деп коркушуптур. Мен деле биринчи көргөндө өңү-башы татынакай кыргыздын жигити экен деп жактырып калгам. Бирок чочулоо болду. Кийин Курманжан датканын мааракеси Алайда өтүп, Абдыкалык Акматов Алымбек датканын образын жаратып калды. Ошондо "оо, биздин күйөө бала" дешип төркүндөрүм сыймыктанган. Азыр, кудайга шүгүр, чыгармачылыкта, үй-бүлөдө да эриш-аркакпыз.
© Фото / из семейного архива Акматовых"Кайчылаш жолдор" тасмасы, Абдыкалык Акматов башкы ролдо, Дөөлөстүн образын аткарууда (реж. Артык Сүйүндүков). 1987- жыл.
Актер театра и кино, заслуженный артист КР Абдыкалык Акматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2022
"Кайчылаш жолдор" тасмасы, Абдыкалык Акматов башкы ролдо, Дөөлөстүн образын аткарууда (реж. Артык Сүйүндүков). 1987- жыл.
— Агай "Курманжан датка" фильминде Элтойдунун ролун ойноп дагы бир ирет жылдызы жанды окшойт.
— Ооба, анда деле кыска эпизоддук образ жаратып элдин эсинде калыптыр. Негизи актёр үчүн чоң же кичине роль болбошу керек. Ошол киного кастинг жүрүп жатканын угуп, экөөбүз ээрчишип Садык Шер-Ниязга бардык. Анан кирип келе жатканда эле фильмдин дагы бир режиссёру "оо, мына, Алымбек датканын ролуна кастинги жок эле алсак болчудай" деди. Бирок бир аз кечигип калыптырбыз, ага чейин эле тандап алышыптыр. Ролго ылайыктап кабарлаша турганын айтып кетиришкен. Арадан 1,5 жыл өтүп гана Элтойдунун образына чакырышты. Ал фильмден кийин жаш режиссёрлор тарткан ар түрдүү кинолорго, сериалдарга түшүп жатат. Биз улуу муун менен кичүү муундун ортосундагы көпүрө болуп калдык окшойт.
— Белгилүү адамдар, актёрлор жашоодо кандай экени коомчулукка көп билинбейт. Көбү аларды ролдоруна карап эле сыпаттап коюшат. Үй-бүлөдө кандай ата?
— Абышкамды мактагандай болбоюн, бирок чындыгында мээримдүү ата, жакшы жар, ишенимдүү дос. Ичине сыр ката албайт, ак көңүл да. Достору "муну менен ууга чыкпаш керек" деп коюшат. Баарын өзүндөй ойлоп, дайыма чындыкты сүйлөйт. Анан абдан мээримдүү, балдар, неберелер да "аталап" эле ага жармашышат. Мен болсо "үйдө бирибиз катуу болушубуз керек" деген ой менен балдарды кичине урушуп коём.
© Фото / из семейного архива АкматовыхАбдыкалык Акматов чыгармачылыкта Кыргызбай Осмонов, Темирбек Сманбеков менен жакшы болчу. Ыраматалык Марат Жантелиев менен да ынак эле.
Актер театра и кино, заслуженный артист КР Абдыкалык Акматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2022
Абдыкалык Акматов чыгармачылыкта Кыргызбай Осмонов, Темирбек Сманбеков менен жакшы болчу. Ыраматалык Марат Жантелиев менен да ынак эле.
Негизи үйдө аял-эркектин жумушу деп бөлүшпөйбүз, мени аяп турат. Боорукерлиги бар. Чоң казанга 80 килограмм күрүчтү жалгыз басып койгон ашпозчу. Анан кээде жумушка же тойго барарда аппак костюмду кийгизип узатып, карап турсам жолдо кетип баратып эле таштандыларды тере берет. Ушундай адаты бар. Такыр койдура албай койдум (күлүп). Бул киши өмүрүн, кыялын чыгармачылыкка арнап койгон. Жакшы ырдайт. "Актёрлор ырдайт" аттуу конкурста алдыңкы орунду алган. Багбанчылыгы да бар. Жер менен иштегенди жакшы көрөт. Анан таң атпай күнүгө беште турат. 68 жашка чыкса да короону шыпырып, кышында карды күрөп, эл тургуча баарын мизилдетип коюп, анан театрга жөө кетип калат. Марат Козукеев да театрдын жыйналышында "аксакал башы менен Калыке жаштардан бир саат эрте келип, ушу жерде текстин жаттап турат" деп үлгү кылчу эле. Чынында театрда ролго даярданганда түнкү саат 1-2ге чейин кармалып, тамак ичкенди да унутуп калат. Анан мен жасап алып көтөрүп барам. Чынында эле такыр эринбеген адам.
— Устаттары ким болду?
— Агайыңар Сабира Күмүшалиева, Алиман Жангорозова, Ашыр Чокубаев, Сатыбалды Далбаев өңдүү не бир залкарлар менен иштешти. Анан бул кишиге чыгармачылыкта жол көрсөткөндөрдүн бири, актёр Дүйшөн Байдөбөтов болду. Чыгармачылыктагы достору Кыргызбай Осмонов, Темирбек Сманбеков жана ыраматалык Марат Жантелиев эле.
© Фото / из семейного архива АкматовыхАбдыкалык Акматовдун жубайы Зульфия Калыкова Алайдын кызы
Актер театра и кино, заслуженный артист КР Абдыкалык Акматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2022
Абдыкалык Акматовдун жубайы Зульфия Калыкова Алайдын кызы
— 1990-жылдардагы оор мезгилде эмне менен алек болдуңуздар?
— Ал убакта Калык "Кыргызфильм" киностудиясында иштечү. Кино да тартылбай киностудия тарап кетти. Анан шашлык жасап сатып, тоок багып, дыйканчылык кылып кеттик. Ошентип жүргөндө казактардын "Көчмөндөр" деген фильмине чакырылып, анда жунгар ханынын ролун аткарып калды. Андан кийин гана чыгармачылыкка кайтып келип, Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында иштеп "Муса кожо" спектаклинде башкы ролду жаратты. Жаныш Кулмамбетовдун "Талант жана тагдыр" спектаклинде ойноду. Чыгармачылык деген оору сыяктуу. Бир кирсең чыга албай каласың. Үйдө абышкам экөөбүз бассак-турсак, ал тургай уктаар алдында деле чыгармачылык тууралуу сүйлөшө беребиз. Эч сөз түгөнбөйт.
— Агайдын балдары тууралуу сурайын. Жолун жолдочулар барбы?
— Абышкамдын эки уул бир кызы бар. Мен да үч балалуумун. Экөөбүздүн алты балабыздан неберелерибиз да кудайга шүгүр. "Токтогул" фильминде Токтогулду сүргүнгө байлап алып кетип бара жаткан жери бар. Тасмада акындын кичине баласы чырылдап ыйлайт. Ошол бала кичүү уулубуз Кайраттын кичине кези болчу. "Чын эле атамды алып кетип бараткан экен" деп чырылдап ыйлаптыр. Азыр көргөндө күлүп калабыз.
© Фото / из семейного архива АкматовыхТеатр жана кино актёру, эмгек сиңирген артист Абдыкалык Акматов үй-бүлөсү менен
Актер театра и кино, заслуженный артист КР Абдыкалык Акматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2022
Театр жана кино актёру, эмгек сиңирген артист Абдыкалык Акматов үй-бүлөсү менен
Балдардын ичинен атасынын устачылыгын тарткандары бар. Бирок актёрлугун аркалагандары жок. Неберелерибиз гимнастикалык бийди укмуш бийлешет. Ошолордон чыгып калабы дейм.
Кыргыз элинин дагы бир көрүнүктүү уулу, жазуучу, прозаик, саясатчы, коомдук ишмер Казат Акматов уулу Азим менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2021
Казат Акматовдун уулу Азим: атама апам менен жарашпай койгондо катуу таарынгам
Залкар инсан, мамлекеттик ишмер Батыш Салиева үйбүлөсү менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2022
Батыш Салиеванын кызы: апам жанды сабап иштөө керек деген принцип менен жашады
Жаңылыктар түрмөгү
0